Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 10-февралы № 35
"Манас" эпосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Манас" эпосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 6, 554-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. "Манас" эпосунун училтигинин классикалык варианттары болуп манасчылар Сагымбай Орозбаковдун жана Саякбай Каралаевдин айтуусундагы варианттары саналат.";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 11-берене менен толукталсын:
"11-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
1) маданий мурас - элдин көркөм чыгармачылыгынан жаралган, муундан муунга баалуу дөөлөт катары өткөрүп берилүүчү материалдык жана материалдык эмес руханий маданият;
2) интеллектуалдык мурас - манасчы-айтуучулар тарабынан түзүлүп, өнүгүп жана салттуу баалуулуктардын мурасы катары муундан муунга өткөрүлүп берилүүчү оозеки баяндоо формасы;
3) манасчы - "Манас" эпосунун училтигин толук жана анын башка бөлүктөрүнүн мазмунун салттуу баяндоонун алкагында оозеки поэтикалык формада берген айтуучу;
4) эпикалык мурас - элдин социалдык жана тарыхый жашоосун чагылдыруучу, улуттук идеяны жана улуттук идеологияны, ошондой эле өткөн муундун баалуулуктарын туюндуруучу, эпикалык поэзия же проза формасында баяндалган же жазылган баатырдык баян.";
3) 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- Манас" эпосунун училтигин толук жана анын башка бөлүктөрүнүн мазмунун салттуу баяндоонун алкагында оозеки поэтикалык формада берген айтуучу катары "манасчы" статусун бекитүү;";
4) 4-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-берене. "Манас" эпосунун училтигин жазып алуу, сактоо, өнүктүрүү, даңазалоо, жайылтуу, коргоо жана контролдоо жаатындагы мамлекеттик иш
1. Мамлекет Кыргыз Республикасынын калкынын кеңири катмарынын арасында "Манас" эпосунун училтигин ар тараптуу изилдөө, окутуп үйрөтүү жана жайылтуу үчүн шарттарды түзөт.
2. Мамлекет төмөнкүдөй чараларды көрөт:
- "Манас" эпосун салттуу баяндоонун алкагында чебер аткарган манасчылардын чыгармачылыгын ар тараптуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча;
- салттуу баяндоонун алкагында оозеки же жазуу формасында берилген "Манас" эпосунун училтигин жана башка бөлүктөрүн окутуу, үйрөтүү жана ал боюнча илимий-изилдөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле экспедициялык жана практикалык иштерди уюштуруу үчүн шарттарды түзүү боюнча;
- эпосту салттуу айтууну өркүндөтүү, салттуу баяндоонун алкагында айтуучулардын чебер аткаруусунун улантуучулугун камсыз кылуу максатында манасчылар мектептерин түзүү боюнча;
- "Манас" эпосунун училтигин окутуп үйрөтүү максатында билим берүү уюмдары үчүн окуу программаларды, окутуу-усулдук жана көрсөтмө куралдарды билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарына ылайык иштеп чыгуу боюнча;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында жана чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларында "Манас" эпосунун училтигин окутуп үйрөтүү боюнча;
- "Манас" эпосунун училтигинин классикалык жана башка варианттарынын тексттерин баяндоодо жана башка тилдерге которууда анын идеяларынын жана идеологиясынын бурмаланышынан, жок кылуу аракеттеринен, мазмунун өзгөртүп жиберүүдөн коргоо жана салттуу баяндоонун алкагын сактоо боюнча чараларды контролдоо боюнча;
- "Манас" эпосунун училтигине таандык байыркы кол жазмалар, даректүү материалдар, археологиялык табылгалар табылган учурда аларды изилдөө, сактоо, коргоо жана эсепке алуу боюнча;
- "Манас" эпосунун училтиги менен байланышкан эстеликтердин, музей баалуулуктарынын, адабий жана көркөм чыгармалардын жана башка баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуу боюнча;
- "Манас" эпосунун училтигинин тексттерин, кол жазмаларын жана анын башка бөлүктөрүн алардын сакталышын камсыз кылуучу ченемдерге ылайык сактоо боюнча;
- башка мамлекеттердин аймагында жайгашкан, "Манас" эпосунун училтиги менен байланышкан объекттерди коргоону жана сактоону, ошондой эле "Манас" эпосунун училтигинин мазмунунун өзөгү менен окшош жана салттуу баяндоонун алкагында оозеки айтылган же жазылып калган кол жазмалардын тексттерин жана башка маданий-тарыхый баалуулуктарды эсепке алууну, сактоону жана аларды Кыргыз Республикасына кайтарууну уюштурууну камсыз кылуу боюнча;
- "Манас" эпосунун училтиги менен байланышкан Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын анын чегинен тышкары жерлерде коргоо боюнча;
- "Манас" эпосунун училтигин ар тараптан окутуп үйрөтүү жана жаш муундарды тарыхый-маданий мурастардын баалуулуктарына тартуу үчүн шарттарды түзүү боюнча.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети коомчулукту тартуу менен "Манас" эпосунун идеяларын илгерилетүүчү мамлекеттик программа иштеп чыгат, иш-чаралар планын жыл сайын бекитет, алардын каржыланышын камсыз кылат, аткарылышын контролдойт, ошондой эле өлкөнүн ичинде жана анын чегинен тышкары жерлерде "Манас" эпосунун училтигин жана анын башка бөлүктөрүн басып чыгаруу, которуу, сактоо, даңазалоо жана коргоо боюнча чараларды көрөт.";
5) 5-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Мамлекеттик, муниципалдык, жеке жана менчиктин башка түрлөрүндө турган объекттердин жана алар тарабынан чыгарылуучу продукциянын аталыштарында "Манас" эпосунун училтигиндеги башкы каармандардын ысымдарын пайдаланууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте уруксат берилет.";
6) 6-беренеде:
а) экинчи абзацта "жана даңазалоо" деген сөздөр ", даңазалоо жана сактоо" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- дүйнө элдеринин оозеки поэтикалык мурастарынын шедеврлерин сактоо, даңазалоо жана коргоо маселелери боюнча иш-чараларга катышат;";
в) төртүнчү абзацта "чараларды эл аралык келишимдерге ылайык кабыл алат" деген сөздөр "маселелерди эл аралык келишимдерге ылайык чечет" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
'Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн алты айлык мөөнөттө тиешелүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 11 (3667) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
| ||
2024-жылдын 26-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |