Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 5-февралы № 63
Жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарын каржылоонун ваучердик механизминин убактылуу тартибин бекитүү жөнүндө
Жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын педагогикалык адистиктери боюнча даярдоону каржылоонун ваучердик механизминин моделин пилоттук апробациялоо жүргүзүү максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52, 54-беренелерине, 64-беренесинин 2-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарын каржылоонун ваучердик механизминин убактылуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жайгашкан жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына жайылтылбайт;
2) 2025-2026-окуу жылдарына жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына даярдоонун педагогикалык багыттары/адистиктер боюнча абитуриенттерди кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 470 "Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмдарына адамдарды окууга кабыл алуунун тартибине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуу тартибине ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
1) 2025-2026-окуу жылында белгиленген тартипте бекитилген кабыл алуу планынын чегинде бакалаврды даярдоонун педагогикалык багыттары/адистиктер боюнча жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында жана педагогикалык адистиктер боюнча орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окутуу үчүн бөлүнгөн мамлекеттик билим берүү гранттарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо жүргүзсүн;
2) жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына кабыл алуу үчүн абитуриенттердин (ваучердин ээлеринин) конкурсуна катышуунун автоматташтырылган маалыматтык системасына өзгөртүүлөрдү киргизсин;
3) процесстин катышуучуларына жана кызыкдар тараптарга кабарлоо үчүн даярдоонун педагогикалык багыттары жана адистиктер боюнча каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо боюнча маалыматтык иш жүргүзсүн;
4) 2026-жылдын 1-сентябрына чейин жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо жүргүзүүнүн натыйжаларын жалпыласын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жогорку жана орто кесиптик билим берүү чөйрөсүнө аны андан ары киргизүү боюнча сунуштарды киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 11-февралындагы № 10 (3666) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 5-февралы № 63
Жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү
уюмдарын каржылоонун ваучердик механизминин убактылуу
тартибин бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 301 токтомунун редакциясына ылайык)
Жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын педагогикалык адистиктери боюнча даярдоону каржылоонун ваучердик механизминин моделин пилоттук апробациялоо жүргүзүү максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52, 54-беренелерине, 64-беренесинин 2-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарын каржылоонун ваучердик механизминин убактылуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жайгашкан жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына жайылтылбайт;
2) 2025–2026, 2026–2027-окуу жылдарына жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына даярдоонун педагогикалык багыттары/адистиктер боюнча абитуриенттерди кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 470 "Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмдарына адамдарды окууга кабыл алуунун тартибине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуу тартибине ылайык жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 301 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги:
1) 2025–2026, 2026–2027-окуу жылдарында белгиленген тартипте бекитилген кабыл алуу планынын чегинде бакалаврды даярдоонун педагогикалык багыттары/адистиктер боюнча жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында жана педагогикалык адистиктер боюнча орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окутуу үчүн бөлүнгөн мамлекеттик билим берүү гранттарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо жүргүзсүн;
2) жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына кабыл алуу үчүн абитуриенттердин (ваучердин ээлеринин) конкурсуна катышуунун автоматташтырылган маалыматтык системасына өзгөртүүлөрдү киргизсин;
3) процесстин катышуучуларына жана кызыкдар тараптарга кабарлоо үчүн даярдоонун педагогикалык багыттары жана адистиктер боюнча каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо боюнча маалыматтык иш жүргүзсүн;
4) 2026-жылдын 1-сентябрына чейин жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо жүргүзүүнүн натыйжаларын жалпыласын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жогорку жана орто кесиптик билим берүү чөйрөсүнө аны андан ары киргизүү боюнча сунуштарды киргизсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 301 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 11-февралындагы № 10 (3666) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |