Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин XXIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
2025-жылынын 10-январы №1
«Тогуз-Торо айыл аймагындагы калктын жашоо шартын ѳнүктүрүүнү уюштурууну социалдык-экономикалык пландаштыруу, калкка социалдык жана маданий кызмат кѳрсѳтүү боюнча 2024-жылдын 12 айынын жыйынтыгы жөнүндө»
Тогуз-Торо айылдык кеңешине Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Арыкмолдоева Ульзананын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIIIшайланышынын) кезектеги чакырылган II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Арыкмолдоева Ульзананын айылдын социалдык экономикалык абалын көтөрүү багытында 2024-жылдын 12 айында аткарган иштеринин отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳт башчысынын орун басары-жооптуу катчысы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмдүн жоопкерчилигиме калтырамын.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы | У.Токтожумаев |