Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 4-февралы № 60-т
Кыргыз Республикасында энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жана генерациялоочу кубаттуулуктарды көбөйтүү максатында, "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-1-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Shenzhen Energy Group Co., Ltd." компаниясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында 300 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө расмий тилде тиркелген инвестициялык макулдашуу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын энергетика министрине бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Инвестициялык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Инвестициялык макулдашууну ишке ашырууну координациялоо боюнча жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |