Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 7-февралы № 66-т
Кыргыз Республикасынын жарандарынын электрондук колтамга ачкычтарынын сертификаттарын аралыктан алуу мүмкүнчүлүгүн киргизүү боюнча пилоттук долбоорду кайра баштоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги:
1) 2025-жылдын 11-январынан тартып 2026-жылдын 1-январына чейин Кыргыз Республикасынын жарандарынын электрондук колтамга ачкычтарынын сертификаттарын аралыктан алуу мүмкүнчүлүгүн киргизүү боюнча пилоттук долбоорду (мындан ары - пилоттук долбоор) жүргүзүүнү кайра баштасын;
2) пилоттук долбоорду жүргүзүүнү кайра баштоо менен байланышкан уюштуруу-техникалык чараларды көрсүн;
3) пилоттук долбоорду кайра баштоо жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
2. Бул тескеменин жоболору ал колдонууга киргизилгенге чейин пайда болгон укуктук мамилелерге карата жайылтылат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси пилоттук долбоорду техникалык ишке ашыруу үчүн жооптуу болуп аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-июлундагы № 408-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |