Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин XXIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
2025-жылынын 10-январы №3
« Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн алдындагы Тогуз-Торо муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү боюнча 2024-жылдын 6 айынын жыйынтыгы жөнүндө»
Тогуз-Торо айылдык кеңешине Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн алдындагы Тогуз-Торо муниципалдык ишканасынын жетекчиси Рыскул уулу Алтынбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIIIшайланышынын) кезектеги чакырылган II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айылдык кеңешине Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн алдындагы Тогуз-Торо муниципалдык ишканасынын жетекчиси Рыскул уулу Алтынбектин ишмердүүлүгү жөнүндө 2024-жылдын 6 айында аткарган иштеринин отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳт башчысынын орун басары-жооптуу катчысы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмдүн жоопкерчилигиме калтырамын.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы | У.Токтожумаев |