Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХIХ
чакырылышынын 2-сессиясынын
2024-жылдын 02-декабрындагы №5
Айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүн “Башка жаратылыш активдерин пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдөн” декабрь айында түшкөн 3990000 (үч милион тогуз
жүз токсон миң) сомго көбөйтүп берүү жөнүндө.
Жергиликтүү бюджеттен кирешелер бөлүгүнө “Башка жаратылыш активдерин пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдөн кошумча түшкөн. 2024-жылда IV кварталында түшкөн акча каражатын туура пайдалануу жана бул маселе боюнча айыл өкмөтүнүн адистеринин сунуштарын ар тараптан карап чыгып, талкуулап жергиликтүү кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгү 3990000 (үч милион тогуз жүз токсон миң) сомго көбөйтүлсүн.
2.Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Жети-Өгүз башкармалыгынан 2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүн 3990000 ( үч миллион тогуз жүз токсон миң) сомго көбөйтүп берүү жагы суралсын.
3.Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө кошумча тушкөн 3990000 (үч милион тогуз жүз токсон миң) сом акча каражаты 70629 “ЖКХ” бөлүмүнүн 31121290 “Башка транспорт каражаттарын сатып алуу статьясына которулуп, лизингке техника алууга жумшалсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жергиликтүү кеңешин бюджет жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Иманбаевге тапшырылсын.
Төрайым Г.Чыныбаева