Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХIХ
чакырылышынын 2-сессиясынын
2024-жылдын 2-декабрындагы №6
Айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнө муниципалдык жерлерди, пайдалануу мөөнөтү бүткөн эски муниципалдык техникаларды жана башка баалулуктарды сатуудан
2024-жылдын IV кварталында түшкөн 1880500 (бир милион сегиз жүз
сексен миң беш жүз) сомго көбөйтүп берүү жөнүндө.
Жергиликтүү бюджеттин кирешелер бөлүгүнө муниципалдык жерлерди, пайдалануу мөөнөтү бүткөн эски муниципалдык техникаларды жана башка баалулуктарды сатуудан 2024-жылдын IV кварталында түшкөн акча каражатын туура пайдалануу жана бул бул маселе боюнча айыл өкмөтүнүн адисинин сунуштарын ар тараптан карап чыгып, талкуулап жергиликтүү кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинен кирешелер жана чыгашалар бөлүгү 1880500 (бир миллион сегиз жүз сексен миң беш жүз) сомго көбөйтүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин Жети-Өгүз башкармалыгынын 2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүн 1880500 (бир миллион сегиз жүз сексен миң беш жүз) сомго көбөйтүп берүү жагы суралсын.
3. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө кошумча түшкөн 1880500 (бир миллион сегиз жүз сексен миң беш жүз) сом акча каражатын 70629 “ЖКХ” бөлүмүнүн 31121290 “Башка транспорт каражаттарын сатып алуу” статьясына которулуп лизингке техника алууга жумшалсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жергиликтүү кеңешин бюджет жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Иманбаевге тапшырылсын.
Төрайым Г.Чыныбаева