Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХIХ
чакырылышынын 2-сессиясы
2024-жылдын 2-декабрындагы № 09
Жер аянтын бөлүп бекитип берүү жөнүндө
Кызыл-Суу айыл аймагына караштуу Саруу айылынын Э.Үркүнчиев көчөсүнө- 600 метр жана Ш.Абдраев көчөсүнө -3500 метр туруктуу жашаган айылдын тургундарын ичүүчү “Таза-суу” менен камсыздоо максатында суу түтүгүн орнотууга баардыгы болуп -4100 метр аралыгында көчө боюнан архитектуралык талаптарды сактоо менен жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Иманбаевдин сунушун карап чыгып, талкуулап жергиликтүү кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Кызыл-Суу айыл аймагына караштуу Саруу айылынын Э.Үркүнчиев көчөсүнө- 600 метр жана Ш.Абдраев көчөсүнө -3500 метр туруктуу жашаган айылдын тургундарын ичүүчү “Таза-суу” менен камсыздоо максатында суу түтүгүн орнотууга баардыгы болуп -4100 метр аралыгында көчө боюнан архитектуралык талаптарды сактоо менен жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Иманбаевдин сунушу колдоого алынып жана макулдук берилсин.
2.Жети-Өгүз райондук архитектура шаар куруу башкармалыгынан (ГЗ) шаар куруу корутундусун даярдап берүү жагы суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Иманбаевге тапшырылсын.
Төрайым Г.Чыныбаева