Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХIХ
чакырылышынын 3-сессиясынын
2025-жылдын 24-январындагы №11
Кызыл-Суу айыл аймагынын 2024-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү програмасын бекитүү жөнүндө.
Кызыл-Суу айыл аймагынын 2024-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Иманбаевдин сунушун карап чыгып, талкуулап жергиликтүү кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Кызыл-Суу айыл аймагынын 2024-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы бекитилсин. (программа тиркелет)
2. Айыл аймагынында 2024-2027-жылдарга коюлган айылдын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн толук аткарууга жетишүү, өндүрүш ишканалары менен бирдикте жаңы жумушчу орундарын түзүү, жергиликтүү бюджетти сарамжалдуу пайдалануу, инвентиция долбоорду тартуу, жыл ичинде пландалган курулуш иштерин бүткөрүү, айылдагы таза суу, саркынды суу боюнча иштерин тездетүү, калктын аярлуу катмары менен иштерди жандандыруу, айылдын ичиндеги көзөмөлдү кабыл алынган ген пландын негизинде архитектуралык талаптарга ылайык келтирүү, дыйкандарга жакындан жардам берүү максатында ички суу каналдарды ирээтке келтирүү, муниципалдык ишканалардын иштерине көзөмөл кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Иманбаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Иманбаевге тапшырылсын.
Төрайым Г.Чыныбаева