Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин XXIX
чакырылышынын 3-сессиясы
2025-жылдын 24-январындагы № 14
“Кызыл-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасынын таштандыга
болгон тарифин бекитип берүү жөнүндө.
“Кызыл-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасынын убактылу милдетин аткаруучу Д. Урсеитованын таштандыга болгон тарифин бекитип берүү жөнүндөгү сунушун угуп талкуулап жергиликтүү кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.“Кызыл-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасынын убактылуу милдетин аткаруучу Д. Урсеитованын таштандыга болгон тарифин бекитип берүү жөнүндөгү сунушу эске алынсын.
2. Кызыл-Суу айыл аймагынын ичиндеги таштандыларды чыгаруу боюнча 24-январь айында өткөрүлгөн ⅩⅩⅨ сессияда күйүчү майдын ар бир литиринен 1 сом налог алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин негизингде, Тазалык ишканасынын жумушчуларынын эмгек акысын көтөрүгө, запастык бөлүктөрдүн, майлоочу майлардын кымбаттагандыгына байланыштуу таштанды төлөмүн, ар бир кожолукта 100 сомдон, мекеме ишканалардан, соц объектилерден 1 метр куб 325 сомдон бекитүү боюнча токтому бекитилсин.
3.Айылдык Кенешинин 2022-жылдын 27-декабрь айындагы ⅩⅩⅧ- чакырылышынын 16-сесиясында таштандыларды чыгаруу боюнча ар бир кожолуктан 90 (токсон) сомдон кабыл алынган №116 токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Кызыл-Суу айыл аймагынын тургундарынан бекитилген тарифтердин негизинде акчаларды чогултуу жагы “Кызыл-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасынын Р. Кененбаевге милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Иманбаевге тапшырылсын.
Төрайым Г.Чыныбаева