Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин XXIX
чакырылышынын 3-сессиясы
2025-жылдын 24-январындагы №15
Кызыл-Суу айыл аймагындагы маалыматтык-жарнамалы конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо
территориядагы имараттардын-курулмадагы
фасадынын тышкы көрүнүшү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 20-декабрындагы №338/1 буйругу жана Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Н. Иманбаевдин сунушун карап чыгып, талкуулап, жергиликтүү кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.Кызыл-Суу айыл аймагындагы маалыматтык, жарнамалык, конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо территориядагы имараттардын, курулмадагы фасадынын тышкы көрүнүшүнүн жалпы жобосу алымча-кошумчасы менен бекитилсин. (тиешелүү иш-кагаздары тиркелет)
2. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн, облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы жергиликтүү кеңешинин жоопту катчысы А.Ташбаевага милдеттендирилсин.
3. Жобону Архитектура курулуш жана турак-жай-комуналдык чарба мамлекеттик агенттиги иштеп чыккандыктан, ар бир айыл өкмөттөрүн убара кылбай бир типте юстиция башкармалыгынан каттатуу сунушталсын.
4.Агенттиктин тейлөө баасы боюнча түшүндүрмө берүү суралсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Иманбаевге тапшырылсын.
Төрайым Г.Чыныбаева