Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин XXIX
чакырылышынын 3-сессиясы
2025-жылдын 24-январындагы № 16
Кызыл-Суу айыл өкмөтүндө корктөндүрүү, калктуу конуштардын
таштандыларын ташып чыгаруу үчүн
чогулуучу жыйым тууралу
“Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө Мыйзамынын 34-беренесинин 4 пункт “жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча женилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарга каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо” жана 2024-жылдын апрель айынан тартып административдик территориалдык реформанын негизинде мурдагы Саруу айыл өкмөту менен Кызыл-Суу айыл өкмөтү бириккендерине байланыштуу жана Кызыл-Суу айыл аймагында таштандыларды тазалоо, чыгаруу иштерин Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө караштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен иш алынып барылып, Кызыл-Суу, Саруу айылдарынын таштандылары бул ишкана аркылуу чыгарылып, эл бул ишканага таштанды үчүн салык төлөп жаткандыгына байланыштуу ар бир түтүндөн 36 сомдон жана Кызыл-Суу айылында жайгашкан мекеме ишканаларда эмгектенген ар бир адамдан 25 сомдон алынуучу жашылдандыруу-көрктөндүрүү, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн чогулуучу жыйымды жою тууралуу жашоочулардын сунушун эске алып жергиликтүү кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.Кызыл-Суу айыл өкмөтү боюнча ар бир тутүндөн 36 сомдон жана Кызыл-Суу айылында жайгашкан мекеме, ишканаларда эмгектенген ар бир адамдан 25 сомдон алынуучу калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым 2025-жылдын январь айынан баштап алынбасын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жергиликтүү кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Иманбаевге тапшырылсын.
Төрайым Г.Чыныбаева