Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 31-январы № 50-т
Адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин алкагында Универсалдуу мезгилдүү сереп үчүн берилүүчү Кыргыз Республикасынын төртүнчү улуттук баяндамасынын расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн баяндаманы Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешине жиберсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |