Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 12-февралы № 37
Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 99-статьянын 1-пунктунун төртүнчү – алтынчы абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«үчүнчү кезекте – күрөө менен камсыз кылынбаган кредиторлордун негизги суммалары жана алардын пайыздары боюнча, ошондой эле салык милдеттенмелери жана салыктык эмес кирешелерди төлөө милдеттенмелери боюнча талаптар канааттандырылат;
төртүнчү кезекте – милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдүн негизги суммаларын жана салык милдеттенмесинин, салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенменин негизги суммаларын кошпогондо, бюджетке жана бюджеттен тышкары фонддорго милдеттүү төлөмдөрдүн негизги суммалары боюнча эсептешүүлөр жүргүзүлөт;
бешинчи кезекте – бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фонддорго милдеттүү төлөмдөрдүн негизги суммалары боюнча пайыздарды кошуп алганда, үчүнчү жана төртүнчү кезектеги кредиторлордун үстөк айыбын (туум жана айып) төлөп берүү боюнча талаптар канааттандырылат.»;
2) 2191-статья төмөнкүдөй мазмундагы бɵлүк менен толукталсын:
«Салык карызын өндүрүү боюнча доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын cалык мыйзамдары менен белгиленет.».
2-берене
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
724-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Заемдорду берүү боюнча төмөнкүлөр кесиптик иш болуп саналбайт:
жеке жак тарабынан жеке жакка пайызсыз заем берүү;
иши ушул главанын 2-параграфынын жоболору менен жөнгө салынуучу иш берүүчүнү кошпогондо, иш берүүчүнүн кызматкерге заемдорду берүү;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык түзүлгөн фонд тарабынан ишкердик ишти өнүктүрүү үчүн пайыздарды жана комиссияларды албастан заемдорду берүү;
баалуу кагаздардын соода-сатык бүтүмдөрүн жүзөгө ашыруу үчүн брокер тарабынан кардарга заемдорду берүү;
мыйзамда каралган башка учурлар.».
3-берене
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 14-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
246-берененин 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5) салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн кошпогондо, милдеттүү төлөмдөр боюнча үстөк айыпты эсепке албастан карыздарды өндүрүү жөнүндө талап билдирилсе;».
4-берене
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7–8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
50-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Алгачкы каттоо үчүн жыйымдарды төлөөдөн Кыргыз Республикасында чогултулган жана/же чыгарылган транспорт каражаттарынын ээлери бошотулат.».
5-берене
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122–133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 65-беренеде:
а) 3-бөлүктө «225-беренесинде каралган кылмышты» деген сөздөр «225, 238, 239-беренелеринде, 240-беренесинин 2–4-бөлүктɵрүндө каралган кылмыштарды» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүктө «225-беренесинде каралган кылмышты» деген сөздөр «225, 238, 239-беренелеринде, 240-беренесинин 2–4-бөлүктɵрүндө каралган кылмыштарды» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 238–240-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«238-берене. Акциздик маркаларды жана/же идентификациялоо каражаттарын жасалмалоо
1. Жасалма акциздик маркаларды жана/же идентификациялоо каражаттарын (маркалоо коддорун) сатуу максатында даярдоо, ага тете сатуу максатында сактоо же жасалма акциздик маркаларды жана/же идентификациялоо каражаттарын ири өлчөмдө же болбосо алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан пайдалануу –
3000ден 5000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосундар –
5000ден 7000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул беренеде:
– ири өлчөм деп эки жүз же андан ашык жасалма акциздик марка же идентификациялоо каражаты таанылат;
– өзгөчө ири өлчөм деп беш жүз же андан ашык жасалма акциздик марка же идентификациялоо каражаты таанылат.
239-берене. Милдеттүү түрдө акциз салынуучу продукцияны акциздик
маркаларсыз жана/же идентификациялоо каражаттарысыз
жана/же отун маркерсиз жүгүртүү
1. Милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон, ири өлчөмдө жасалган продукцияны акциздик маркаларсыз жана/же идентификациялоо каражаттарысыз жана/же отун маркерсиз өндүрүү, сактоо, импорттоо же сатып өткөрүү, ага тете идентификациялоо каражаттарын колдонуунун белгиленген тартибин жана/же эрежелерин бузуу, –
3000ден 5000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосундар –
5000ден 7000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул беренеде:
– ири өлчөм деп наркы кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эсе ашкан продукциянын өлчөмү же эки жүз же андан көп бирдиктеги акциздик маркасыз жана/же идентификациялоо каражаттарысыз жана/же отун маркерисиз продукциянын саны таанылат;
– өзгөчө ири өлчөм деп наркы кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн миң эсе ашкан продукциянын өлчөмү же беш жүз же андан көп бирдиктеги акциздик маркасыз жана/же идентификациялоо каражаттарысыз жана/же отун маркерисиз продукциянын саны таанылат.
240-берене. Спиртти жана алкоголдук продукцияны мыйзамсыз өндүрүү
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга жооп бербеген спиртти же алкоголдук продукцияларды ири өлчөмдө мыйзамсыз өндүрүү же сатуу максатында сактоо, ага тете мыйзамсыз өндүрүлгөндөрүн сатуу –
2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосундар –
5000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган, этиятсыздыктан оор зыян алып келген жосундар –
7000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
4. Ушул берененин 1, 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган, юридикалык жактардын жооптуу адамдары тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосундар, –
10000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул беренеде ири өлчөм деп жүз жана андан ашык литр спирттин жана алкоголдук продукциянын саны, өзгөчө ири өлчөм деп спирттин жана алкоголдук продукциянын эки жүз жана андан ашык литри таанылат.»;
3) 243-берененин эскертүүсүнүн 2-пунктунда «30 календардык күндүн» деген сөздөр «үч айдын» деген сөздөргө алмаштырылсын.
6-берене
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122–133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
39-берененин 1-бөлүгүнүн 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«11) салык кызматынын сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдары».
7-берене
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122–133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 31-берененин 3 жана 4-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Өлчөмү 5 эсептик көрсөткүчтөн кем болбогон, ушул Кодекстин 318-беренесинде каралган укук бузуулар үчүн салынган айып пулдарды кошпогондо, жеке жактарга салынуучу айып пулдун эң аз өлчөмү 10 эсептик көрсөткүчтөн кем болушу мүмкүн эмес.
Өлчөмү 1000 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш болгон, ушул Кодекстин 76, 77, 771, 149, 2841, 2842, 312, 313, 314, 3721 жана 373-беренелеринде каралган укук бузуулар үчүн салынуучу айып пулдарды кошпогондо, жеке жактарга салынуучу айып пулдун эң көп өлчөмү 200 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш.
4. Юридикалык жактарга салынуучу айып пулдун эң аз өлчөмү 50 эсептик көрсөткүчтөн кем болушу мүмкүн эмес.
Өлчөмү 2000 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш болгон, ушул Кодекстин 76, 77, 771, 144, 149, 2841, 2842, 312, 313, 314 жана 346-беренелеринде каралган, өлчөмү 10000 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш болгон, ушул Кодекстин 3091 жана 318-беренелеринде каралган жана өлчөмү 1500 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш болгон, ушул Кодекстин 3721 жана 373-беренелеринде каралган укук бузуулар үчүн салынуучу айып пулдарды кошпогондо, юридикалык жакка салынуучу айып пулдун эң көп өлчөмү 650 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш же аныктоо тартиби ушул берененин 6-бөлүгүндө каралган эселенген чоңдукта көрсөтүлүшү мүмкүн.»;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 901-берене менен толукталсын:
«901-берене. Эмгек акыны накталай эмес формада төлөө боюнча талаптарды аткарбоо
Иш берүүчү – юридикалык жак тарабынан эмгек акыны накталай эмес формада төлөө боюнча талаптарды аткарбоо –
юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
3) 282-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацында «30» деген цифралар «45» деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацында «55» деген цифралар «75» деген цифраларга алмаштырылсын;
в) 3-бөлүктүн экинчи абзацында «100» деген цифралар «150» деген цифраларга алмаштырылсын;
4) 283-беренеде:
а) биринчи абзацта «(көлөмүндө 40 пайыздан ашык этил спиртинин үлүшүн камтуу менен)» деген сөздөр алып салынсын;
б) экинчи абзацта «30» деген цифралар «45» деген цифраларга алмаштырылсын;
5) 308-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«308-берене. Салык салуудан качуу
1. Салык отчетторун кошпогондо, салыктарды эсептөө жана бюджетке төлөө менен байланышкан документтердин жоктугу, аны бербөө же берүү мөөнөттөрүн бузуу, –
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Салыктык текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган жашырууну (төмөндөтүүнү) кошпогондо, пайданы, кирешени же салык салуунун башка объекттерин жашыруу (төмөндөтүү) менен салык салуудан качуу, –
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
6) төмөнкүдөй мазмундагы 3093 жана 3094-беренелер менен толукталсын:
««3093-берене. Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга, такси кызматына жана курьердик кызматка тапшырык берүү үчүн колдонулуучу
маалыматтык тутумуна субъекттерди туташтырууну камсыз
кылуучу салык төлөөчүгө коюлуучу талаптарды бузуу
Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга, такси кызматына жана курьердик кызматка тапшырык берүү үчүн колдонулуучу маалыматтык тутумуна субъекттерди туташтырууну камсыз кылуучу салык төлөөчүгө коюлуучу талаптарды бузуу, –
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3094-берене. Соода базарларынын/кичи базарлардын ээлери (дирекциялары) тарабынан турак эмес мүлк объекттери жөнүндө маалыматты салык кызматынын органдарына бербөө жана/же берүү тартибин жана мөөнөттөрүн бузуу
Соода базарларынын/кичи базарлардын ээлери (дирекциялары) тарабынан кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органда каттоодон өтпөгөн базарлардын/кичи базарлардын аймагында жайгашкан турак эмес мүлк объекттери жөнүндө маалыматты бербөө жана/же берүү тартибин жана мөөнөттөрүн бузуу, –
юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
7) 312-беренеде «100» жана «280» деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша «300» жана «800» деген цифраларга алмаштырылсын;
8) 313-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«313-берене. Милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон товарларды отун маркерисиз же маркалоо каражаттарын товарга жана/же анын таңгагына чаптабастан өндүрүү, импорттоо жана сатып ɵткɵрүү
Маркаланууга тийиш болгон товарларды отун маркерисиз же акциздик маркаларды же идентификациялоо каражаттарын товарга жана/же анын таңгагына чаптабастан өндүрүү, импорттоо, ташып киргизүү, сактоо жана сатуу, ага тете идентификациялоо каражаттарын пайдалануунун белгиленген тартибин жана/же эрежелерин бузуу, эгерде мындай укук бузуу кылмыштын белгилерин камтыбаса, –
жеке жактарга 300 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 800 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
9) 314-берененин экинчи абзацында «200» жана «650» деген цифралар тиешелүүгүнө жараша «300» жана «800» деген цифраларга алмаштырылсын;
10) төмөнкүдөй мазмундагы 3162 жана 3163-беренелер менен толукталсын:
«3162-берене. Навигациялык пломбаларды пайдалануу менен тышкы
экономикалык иштин катышуучусу тарабынан навигациялык
пломбаларды пайдалануу менен товарларды ташууга байкоо
жүргүзүү тутумунун улуттук операторуна маалыматтарды
бербөө жана/же берүү тартибин жана мөөнөттөрүн бузуу
Эгерде көрсөтүлгөн маалыматтарды берүү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана/же ЕАЭБдин укуктарына ылайык милдеттүү болуп саналса, навигациялык пломбаларды пайдалануу менен тышкы экономикалык иштин катышуучулары тарабынан навигациялык пломбаларды пайдалануу менен товарларды ташууларга байкоо жүргүзүү тутумунун улуттук операторуна маалыматтарды бербөө жана/же берүү тартибин жана мөөнөттөрүн бузуу –
жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3163-берене. Навигациялык пломбаларды пайдалануу менен товарларды
ташууларга байкоо жүргүзүү тутумунун улуттук операторунун
милдеттерди аткарбоосу же талаптагыдай эмес аткаруусу
1. Навигациялык пломбаларды пайдалануу менен товарларды ташууларга байкоо жүргүзүү тутумунун улуттук операторунун милдеттерди аткарбоосу же талаптагыдай эмес аткаруусу –
юридикалык жактарга 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайра жасалган ошол эле жосун –
юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
11) 317-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«317-берене. Банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды
жана/же улуттук стандарттагы штрихкоддун (QR-кодду) эки
өлчөмдүү символдорун пайдалануу менен төлөмдөрдү
жүргүзүүгө арналган жабдууларды (программалык-техникалык
түзүлүштү) колдонбоо
1. Соода ишин жүзөгө ашырууда, жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө сатуучуларда (аткаруучуларда) банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды жана/же улуттук стандарттагы штрих-коддун (QR-кодду) эки өлчөмдүү символдорун пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн арналган жабдуулардын (программалык-техникалык түзүлүштөрдүн) жоктугу, –
жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Соода ишин жүзөгө ашырууда, жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө аларды кабыл алууга милдеттүү болгон сатуучулар (аткаруучулар) тарабынан банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды жана/же улуттук стандарттагы штрихкоддун (QR-коддун) эки өлчөмдүү символдорун пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуудан баш тартуу, –
жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга – 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
12) төмөнкүдөй мазмундагы 3171-берене менен толукталсын:
«3171-берене. Банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды
жана/же улуттук стандарттагы штрихкоддун (QR-кодду) эки өлчөмдүү символдорун пайдалануу менен төлөмдөрдү
жүргүзүүгө арналган, башка жактын атына катталган
жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштү)
субъект тарабынан колдонуу
1. Банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды жана/же улуттук стандарттагы штрихкоддун (QR-кодду) эки өлчөмдүү символдорун пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүүгө арналган, башка жактын атына катталган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштү) субъект тарабынан колдонуу –
жеке жактарга жана юридикалык жактарга эскертүү берүүгө алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, жаза чарасы колдонулгандан кийин кайра жасалган ошол эле жосун, –
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга – 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
13) 322-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
14) 467-беренеде «282 жана 283-беренелеринде» деген сөздөр «282, 283, 312–314-беренелеринде» деген сөздөргө алмаштырылсын;
15) 470-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«470-берене. Мамлекеттик салык кызматынын ыйгарым укуктуу органы
Мамлекеттик салык кызматынын ыйгарым укуктуу органы ушул Кодекстин 901, 308, 3081, 309–3094, 311–3163-беренелеринде, 317-беренесинин 1-бөлүгүндө, 3171, 318–323 жана 354-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларын көрөт.»;
16) 494-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«494-берене. Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган
Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 76, 286–294-беренелеринде, 317-беренесинин 2-бөлүгүндө, 403, 404, 405-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларын көрөт.»;
17) 563-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Ушул Кодекстин 308, 3081, 3092, 3111, 317-беренелеринде, 318-беренесинин 2–42-бөлүктөрүндө, 319, 321 жана 354-беренелеринде каралган укук бузуулар үчүн айып пулдар төлөнгөн учурда, айып пул салуу жөнүндө токтом алынган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде айып пулдардын өлчөмдөрү 70 пайызга азайтылат.»;
8-берене
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 2022-жылдын 19-январы, № 4–9) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) агент – жарандык-укуктук келишимдердин, анын ичинде тапшырма, комиссия, транспорттук экспедиция келишимдеринин, агенттик келишимдин же болбосо ишенимдүү башкаруу келишиминин негизинде ишти жүзɵгɵ ашыруучу субъект;»;
б) 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«15) исламдык каржылоо – Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык банктын жана/же лизингдик компаниянын, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун, исламдык атайын финансылык компаниянын иши;»;
в) 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«17) товарды маркалоо – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана/же ЕАЭБдин мыйзамдарынын талаптарына ылайык идентификациялоо каражаттарын жана/же акциздик жыйымдын маркасын жана/же эсептик-контролдук марканы товарга же анын таңгагына түшүрүү/бекитүү.
Товарды маркалоо каражаты деп Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жана/же ЕАЭБдин мыйзамдарынын талаптарына ылайык маалыматтарды камтыган идентификациялоо каражаты, акциздик жыйымдын маркасы жана эсептик-контролдук марка таанылат.
Идентификациялоо каражаты деп штрих же башка код түрүндө берилген же радиожыштык белгисине жазылган же өзүнө маалыматты камтыган автоматтык идентификациялоонун башка каражаттарын же технологияларын колдонуу менен берилген машина окуй ала турган формадагы символдордун уникалдуу ырааттуулугу таанылат.
Салык салуу максатында маркаланууга тийиш болгон товарлардын тизмеги, киргизүү мөөнөтү, товарларды маркалоонун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Идентификациялоо каражаттарында камтылууга тийиш болгон маалыматтын форматы жана курамы, айрым товарлардын товарларын маркалоонун эрежелери товарларды маркалоо тартибине ылайык ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет;»;
г) 20-пункт тɵмɵнкүдɵй мазмундагы «д» пунктча менен толукталсын:
«д) салык карызын таануу жөнүндө салык төлөөчүнүн ага карата арызы бар салык кызматынын органынын чечиминин;»;
д) 28-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
ж) 30-пункт «агенттик келишимдин» деген сɵздɵрдɵн кийин «, ишенимдүү башкаруу келишиминин» деген сɵздɵр менен толукталсын;
з) 43-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«43) фискалдык программалык камсыздоо – салыктар жана салыктык эмес кирешелер боюнча салык төлөөчүнүн милдеттенмесин аныктоо үчүн колдонулуучу салык төлөөчүнүн активдери, чарбалык жана башка операциялары жөнүндө маалыматты чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо жана өткөрүп берүү үчүн салык төлөөчү тарабынан пайдалануучу программалык камсыздоо же аппараттык-программалык каражат;»;
и) төмөнкүдөй мазмундагы 48–56-пункттар менен толукталсын:
«48) отунду маркалоо оператору – Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик орган жана/же менчиктин мамлекеттик үлүшү бар уюм;
49) отун маркери – отундун молекулярдык курамына кирген, жуулууга туруктуу молекулярдык маркер, анын болушу атайын приборлор менен текшерилет;
50) жеке маалыматтары көрсөтүлбөгөн субъект – төмөнкү субъект:
а) аны идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү реквизиттерди көрсөтпөстөн же болбосо Салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик реестринде жок болгон же башка салык төлөөчүгө таандык реквизиттерди көрсөтүп, электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактурасын тариздөө менен анын дарегине товарды берүү жүзөгө ашырылган субъект;
б) Министрлер Кабинети бекиткен ККМди пайдалануунун типтүү эрежелерин бузуу менен ККМди колдонуу аркылуу анын дарегине товар сатып өткөрүлгөн субъект;
в) анын дарегине товар сатылган аракетсиз жактын белгилери бар;
51) навигациялык пломбаларды пайдалануу менен товарларды ташууларга байкоо жүргүзүү тутумунун улуттук оператору (мындан ары – Навигациялык пломбанын улуттук оператору) – Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу навигациялык пломбаларды колдонуу менен ташууларга байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуучу юридикалык жак;
52) навигациялык пломба – пломбалоо элементинен жана электрондук блоктон турган, навигациялык спутник тутумдарынын технологияларынын негизинде иштөөчү жана байкоо жүргүзүү объектисине тиешеси бар маалыматты берүүнү камсыз кылуучу техникалык түзүлүш;
53) Навигациялык пломбанын улуттук операторунун маалымат тутуму – навигациялык пломбаларды колдонуу менен товарларга байкоо жүргүзүүнүн маалымат тутуму;
54) байкоо жүргүзүү объектиси – товарлар жана транспорт каражаттары;
55) контролдук-кассалык чек – ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталуучу тартипте ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат тутуму менен интеграцияланып иштеген контролдук-кассалык машинада же фискалдык программалык камсыздоодо же маалымат тутумунда түзүлүүчү калк менен эсептешүү жүргүзүүдө берилүүчү алгачкы эсепке алуу документи;
56) товарларды эсепке алуу пункту – Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан салык салуу, товарларга байкоо жүргүзүү жана башка функцияларды ишке ашыруу максатында товарларды жүгүртүүнү эсепке алуу үчүн зарыл техникалык каражаттар жана курулмалар менен жабдылган жер.»;
2) 20-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«Уюмдун аталышы, ИСНи жана уюмдун юридикалык дареги жок жиберилген кайрылуулар каралбайт.»;
б) 3-бөлүктө «кызматынын» деген сөз «жана бажы кызматтарынын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 23-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
««2. Эгерде ушул беренеде башкасы белгиленбесе, ушул Кодекстин максаттарында субъекттин экономикалык иши, ал тутумдуу негизде жүзөгө ашырылган учурда, ишкердик деп таанылат.»;
4) 24-берене төмөнкүдөй мазмундагы 21 жана 22-бөлүктөр менен толукталсын:
«21. Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүзүндө болгон убакытка жеке жактын Кыргыз Республикасынын аймагында түздөн-түз болгон убактысы, ошондой эле анын Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары дарыланууга, иш сапарга же окууга чыккан жана ал жакта болгон убактысы кирет.
22. Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүзүндө болгон убакытка жеке жактын Кыргыз Республикасында төмөнкүлөр катары болгон убактысы кирбейт:
1) дипломатиялык же консулдук статуска ээ адам катары, же анын үй-бүлө мүчөсү катары;
2) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мамлекеттер аралык макулдашуу боюнча түзүлгөн эл аралык уюмдун кызматкери катары же анын мындай кызматкердин үй-бүлө мүчөсү катары.»;
5) 25-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«25-берене. Уюм
Ушул Кодекстин максаттарында уюм деп төмөнкүлөр түшүнүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн юридикалык жак (мындан ары – ата мекендик уюм);
2) уюштуруучу өлкөнүн мыйзамдарына ылайык түзүлгөн корпорация, компания, фирма, фонд, мекеме же башка түзүлүш же эл аралык уюм (мындан ары – чет өлкөлүк уюм). Эл аралык уюм болуп эл аралык келишимдин же макулдашуунун негизинде түзүлгөн эл аралык укук субъекти саналат;
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасында катталган чет өлкөлүк уюмдун филиалы, өкүлчүлүгү.»;
6) 28-берененин 3-бөлүгүндө:
а) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4) товарларды сатып алуу максатында же болбосо маалыматты чогултуу, иштеп чыгуу жана/же жайылтуу, бухгалтердик эсеп жүргүзүү, маркетинг, жарнама же чет өлкөлүк уюм тарабынан сатылуучу товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногун иликтөө үчүн гана иштин туруктуу ордун кармоо, эгерде мындай иш ошол уюмдун негизги (кадимки) иши болуп саналбаса;»;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
«41) эгерде контракттарга кол коюу резидент эместин жазуу жүзүндөгү деталдуу нускамаларына ылайык жүргүзүлсө, ошол уюмдун атынан контракттарга жөнөкөй кол коюу максатында гана иштин туруктуу ордун кармап туруу;»;
в) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5) даярдоо же көмөкчү мүнөздөгү кандай болбосун башка ишти резидент эмес тарабынан жүргүзүү максатында гана иштин туруктуу ордун кармап туруу.
Ушул пункттун максаттарында:
– даярдоо мүнөзүндөгү иш деп негизги ишти жүргүзүү, анын ичинде рынокту иликтөө, уруксат берүүчү мүнөздөгү документтерди алуу үчүн мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү, продукцияны сертификациялоо үчүн шарттарды түзүүгө багытталган иш даярдоо мүнөзүндөгү иш деп түшүнүлөт;
– көмөкчү мүнөздөгү иш деп мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасында катталган мындай филиалды (өкүлчүлүктү) уюштурган чет өлкөлүк уюмдун тапшырмасы боюнча анын дарегине же үчүнчү жактын дарегине акча каражаттарын алууну жана которууну кошпогондо, мындай иштин натыйжасында чыгарылуучу продукция резидент эмес тарабынан орто аралык пайдалануу үчүн дайыма багытталгандыгы ал үчүн негизги критерий болуп саналган резидент эместин негизги ишин жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында резидент эместин филиалынын/өкүлчүлүгүнүн ишинин алкагындагы иш көмөкчү мүнөздөгү иш деп түшүнүлөт;»;
г) төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:
«12) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасында катталган мындай филиалды (өкүлчүлүктү) уюштурган чет өлкөлүк уюмдун тапшырмасы боюнча анын дарегине же үчүнчү жактын дарегине акча каражаттарын алуу жана которуу.»;
7) 32-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Маалыматтык-коммуникациялык түйүндөр, анын ичинде Интернет түйүнү (мындан ары – маалымат тармагы), техникалык, уюштуруучулук, маалыматтык, оюн-зоок жана башка мүмкүнчүлүктөр аркылуу жүзөгө ашырылуучу ишкердик иш, анын ичинде төмөнкүлөр электрондук түрдө кызмат көрсөтүү деп таанылат:
1) маалымат тармагы аркылуу электрондук түзүлүштөрдүн ар кандай түрлөрү (компьютердик оюндарды, анын ичинде онлайн-оюндарды кошкондо), маалымат базалары үчүн программалык камсыздоону пайдаланууга укуктарын, анын ичинде аларга аралыктан жеткиликтүүлүктү, аны менен бирге аларды жаңылоону жана кошумча функциялык мүмкүнчүлүктөрдү кошо ыйгаруу аркылуу берүү;
2) электрондук китептерди (басылмаларды) жана башка электрондук жарыялоолорду, маалыматтык, билим берүү материалдарын, графикалык сүрөттөрдү, тексти бар же тексти жок музыкалык чыгармаларды, аудиовизуалдык чыгармаларды маалымат тармагы аркылуу, анын ичинде маалымат тармагы аркылуу көрүү же угуу үчүн аларга аралыктан жеткиликтүүлүктү берүү жолу менен пайдалануу укугун маалымат тармагы аркылуу берүү;
3) маалымат тармагында, анын ичинде электрондук түзүлүштөрдүн жана маалымат тармагында иштеген маалымат базаларынын кандай болбосун түрлөрү үчүн программалык камсыздоону колдонуу менен жарнамалык кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле маалымат тармагында жарнамалык аянт (мейкиндик) берүү;
4) товарларды (жумуштарды, кызмат кɵрсɵтүүлɵрдү), мүлктүк укуктарды сатып алуу (сатуу) жөнүндө сунуштарды маалымат тармагында жайгаштыруу боюнча кызматтарды көрсөтүү;
5) сатуучулар менен сатып алуучулардын ортосунда байланыштарды орнотуу жана бүтүмдөрдү түзүү үчүн маалыматтык технологияларды жана тутумдарды пайдалануу менен техникалык, уюштуруучулук, маалыматтык жана башка мүмкүнчүлүктөрдү берүү боюнча кызматтарды маалымат тармагы аркылуу көрсөтүү (анын ичинде потенциалдуу сатып алуучулар автоматташтырылган жол-жобо аркылуу өз баасын сунуштаган жана тараптар жиберилүүчү автоматтык түрдө түзүлгөн билдирүүлөр аркылуу сатуу жөнүндө кабарлоо алган маалымат тармагында иштеген соода аянтчасын реалдуу убакыт режиминде берүү);
6) жеке максаттар үчүн же ишкердик (коммерциялык) ишти жүзөгө ашыруу максатында маалымат тармагында болушун камсыз кылуу жана/же колдоо, пайдалануучулардын электрондук ресурстарын (маалыматтык тармактардагы сайттарды жана/же сайттардын барактарын) колдоо, аларга маалымат тармагын башка пайдалануучуларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, пайдалануучуларга аларды модификациялоо мүмкүнчүлүгүн берүү;
7) маалыматты сактоо жана иштеп чыгуу (бул маалыматты берген жак ага маалымат түйүндөрү аркылуу кире алган шартта);
8) маалымат тутумунда маалыматты жайгаштыруу үчүн эсептөө кубаттуулугун реалдуу убакыт режиминде берүү;
9) домендик аталыштарды берүү, хостинг кызматтарын көрсөтүү;
10) маалымат тутумдарын, маалымат тармагындагы сайттарды башкаруу боюнча кызматтарды көрсөтүү;
11) кызмат көрсөтүүнү сатып алуучу тарабынан маалыматтарды киргизүүдө, маалыматтарды издөө, аларды тандоо жана суроо-талаптар боюнча иргөө, аталган маалыматтарды маалымат тармагы аркылуу пайдалануучуларга берүү боюнча автоматташтырылган кызматтарды көрсөтүүдө маалымат тармагы аркылуу автоматтык ыкма менен ишке ашырылуучу кызматтарды көрсөтүү (анын ичинде реалдуу убакыт режиминде фондулук биржалардын жыйнагы, реалдуу убакыт режиминде автоматташтырылган которууну жүзөгө ашыруу);
12) потенциалдуу сатып алуучулар жөнүндө маалыматты издөө жана/же ага берүү боюнча заказчыга кызматтарды көрсөтүү;
13) маалымат тармагындагы издөө тутумдарына кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү;
14) маалымат тармагындагы сайттарда статистиканы жүргүзүү боюнча кызматтарды көрсөтүү.»;
8) 48-беренеде:
а) 3-бөлүктүн 3-пунктунун үчүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Ушул пункт мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарга, ошондой эле ушул Кодекстин 47-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн субъекттерге жайылтылбайт.»;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
«4. Ыйгарым укуктуу салык органы майыптыгы бар адамдар үчүн санариптик жеткиликтүүлүктүн эл аралык жана улуттук стандарттарына ылайык анын интерфейсин жана функционалын адаптациялоо менен кабинеттин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.»;
9) 51-берененин 1-бөлүгүнүн 31-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Ушул пункт мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарга, ошондой эле ушул Кодекстин 47-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн субъекттерге жайылтылбайт.»;
10) 53-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 21 жана 22-пункттар менен толукталсын:
«21) киреше булагы катары капиталдагы үлүшүн же ата мекендик уюмга башка катышуу үлүшүн сатуудан чет өлкөлүк уюмдун же чет өлкөлүк жеке жактын кирешесинен алынуучу салыкка;
22) чет өлкөлүк субъекттин тапшырмасы боюнча салык төлөөчүнүн эсебинен алынган жана которулган акча каражаттарынын суммасынан келип чыккан чет өлкөлүк субъекттин кирешесинен алынуучу салыкка;»;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 21-бөлүк менен толукталсын:
«21. Салык агенти жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга, такси кызматына жана курьердик кызматка тапшырык берүү үчүн колдонулуучу салык агентинин маалымат тутумун пайдалануу менен иш жүргүзүүдөн алынган жана ушул Кодекске ылайык салык салынууга тийиш болгон жеке жактын кирешесинен киреше салыгына карата өз милдеттерин аткарат.»;
11) 56-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар адам же соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана/же башка кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар адам салык кызмат органынын кызмат адамы боло албайт.
Сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу салык кызматы органдарынын кызмат адамдарына укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптар коюлат.
Мамлекеттик жарандык кызматчылардын салык кызматынын органдарында кызмат өтөөсү, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ушул Кодекске карама-каршы келбеген бөлүгүндө жөнгө салынат.»;
б) 3 жана 4-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, салык кызматынын органынын кызмат адамына кызмат өтөө учурунда кызмат орундарынын топторунун жана категорияларынын чегинде ээлеген кызмат ордуна ылайык, ыйгаруу ырааттуулугун сактоо менен, ошондой эле мурдагы атайын наамдагы жана ээлеген мамлекеттик кызмат ордундагы мамлекеттик кызматта иштеген жылдарын эске алуу менен атайын наамдар ыйгарылат.
4. Биринчи атайын наам болуп «салык кызматынын кенже инспектору» деген наам саналат, ал салык кызматынын органдарынын тутумунда бир жылдан кем эмес иш стажы бар кызмат адамдарына ыйгарылат.
Салык кызматынын 3-рангдагы кеңешчиси жана андан жогору атайын наам ыйгаруу каралган улук же башкы административдик кызмат орундарына дайындоодо салык кызматынын 3-рангдагы кеңешчисинен жогору эмес биринчи атайын наам ыйгарылышы мүмкүн.»;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 41 жана 42-бөлүктөр менен толукталсын:
«41. Атайын наамдар салык органдарынын кызмат адамдарына төмөнкүдөй тартипте ыйгарылат:
1) кенже кызмат орундарына – жогорулашы боюнча салык кызматынын 3 жана 2-рангдагы инспектору атайын наамдары;
2) улук кызмат орундарына:
а) түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине – салык кызматынын 3-рангдагы кеңешчиси атайын наамы;
б) башка кызмат орундарына – салык кызматынын 1-рангдагы инспектору атайын наамы;
3) башкы кызмат орундарына:
а) салык органынын жетекчисине – салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчиси атайын наамдары;
б) салык органынын жетекчисинин орун басарына – салык кызматынын 2-рангдагы кеңешчиси атайын наамдары.
42. Ыйгарым укуктуу салык органынын кызмат адамдарына атайын наамдар төмөнкүдөй тартипте ыйгарылат:
1) кенже кызмат орундарына – жогорулашы боюнча салык кызматынын 2 жана 1-рангдагы инспектору атайын наамдары;
2) улук кызмат орундарына:
а) түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине – салык кызматынын 2-рангдагы кеңешчиси атайын наамы;
б) башка кызмат орундарына – салык кызматынын 3-рангдагы кеңешчиси атайын наамы;
3) башкы кызмат орундарына – салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчиси атайын наамдары;
4) ыйгарым укуктуу салык органынын жетекчисинин орун басарларына – салык кызматынын 3-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси атайын наамдары;
5) ыйгарым укуктуу салык органынын жетекчисине – салык кызматынын 2-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси атайын наамы.»;
г) 6 жана 7-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Кезектеги атайын наамды ыйгаруу үчүн ар бир атайын наамда болуу мөөнөтү тиешелүү буйрукка кол коюлган учурдан тартып төмөнкүлөрдү түзүүгө тийиш:
1) салык кызматынын кенже инспектору – 1 жыл;
2) салык кызматынын 3, 2 жана 1-рангдагы инспектору – тиешелүү түрдө 2, 3 жана 4 жыл;
3) салык кызматынын 3 жана 2-рангдагы кеңешчиси – тиешелүү түрдө 5 жана 6 жыл.
Салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчиси атайын наамы мурдагы атайын наамындагы мамлекеттик кызматтын узактыгын эске албастан, ошондой эле салык кызматынын 1-рангдагы инспекторунан төмөн эмес атайын наамы болгондо ырааттуулукту сактабастан ээлеген кызмат ордуна жараша ыйгарылышы мүмкүн.
Салык кызматынын 2-рангдагы кеңешчиси атайын наамы мурдагы атайын наамындагы мамлекеттик кызматтын узактыгын эске албастан, ээлеген кызмат ордуна жараша ыйгарылышы мүмкүн.
Салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчиси, салык кызматынын 1, 2 жана 3-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси атайын наамдарында болуу мөөнөтү белгиленбейт.
7. Белгилүү бир мөөнөткө кабыл алынган, ошондой эле тартиптик жазасы бар же аларга карата кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткан же кылмыш иши козголгон салык органдарынын кызмат адамдарына атайын наамдар ыйгарылбайт.
Салык кызматынын органынын кызмат адамы төмөнкүдөй учурларда атайын наамынан ажыратылышы мүмкүн:
– ага карата соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоочу өкүмү болгондо;
– мамлекеттик кызматчы наамына шек келтиргендигине байланыштуу кызматтан бошотулганда;
– Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыраганда.
Салык кызматынын органынын кызмат адамы кызматтык милдеттерин одоно бузгандыгы, кадыр-баркына шек келтирген жосун жасагандыгы, ага жүктөлгөн милдеттерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн атайын наамынан, бирок андан төмөн бир атайын наамдан ашпаган наамга төмөндөтүлүшү мүмкүн, ошондой эле атайын наамдан ажыратылышы мүмкүн.»;
12) 59-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 3–5-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3) эгерде ушул Кодексте башкасы белгиленбесе, салык контролун жүзөгө ашырууда салык төлөөчүдөн бюджетке салыктарды эсептөө, кармоо жана төлөө боюнча документтерди берүүнү талап кылууга;
4) эгерде ушул Кодексте башкасы белгиленбесе, салык контролун жүзөгө ашырууда салык төлөөчүдөн салыктарды эсептөө, кармоо жана төлөө боюнча документтерди, ошондой эле салыктарды эсептөөнүн тууралыгын, өз учурунда кармоону жана төлөөнү ырастоочу документтерди толтуруу боюнча түшүндүрмөлөрдү талап кылууга;
5) эгерде ушул Кодексте башкасы белгиленбесе, салык контролун жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө ушул Кодексте аныкталган тартипте салык төлөөчүдөн документтердин көчүрмөлөрүн алууга;»;
б) 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«15) фискалдык программалык камсыз кылуунун ыйгарым укуктуу салык органы аныктоочу талаптарга ылайык келишине карата текшерүүгө жана салык контролун жүргүзүүдө анда сакталган маалыматтарды пайдаланууга;»;
в) 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«17) салык контролун жүргүзүүдө ишти салык каттоосуз жана/же патенттин же өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салыктын негизинде салыкты төлөбөстөн жүзөгө ашырган жана/же Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган товардык-материалдык баалуулуктарга баштапкы эсепке алуу документтери жок болгон учурда, салык төлөөчүнүн ишкердик иши менен байланышкан мүлк объекттерин мөөр басып бекитүүгө/пломбалоого;»;
г) төмөнкүдөй мазмундагы 22 жана 23-пункттар менен толукталсын:
«22) банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды, улуттук стандарттын штрихкодунун (QR-коддун) эки өлчөмдүү символдорун пайдалануу менен төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн багытталган, анын ичинде башка жакка катталган жабдуулардын (программалык-техникалык түзүлүш) болушун жана колдонулушун контролдоого;
23) Министрлер Кабинети аныктаган тартипте товарларды эсепке алуу пункттарында товарлардын жүгүртүлүшүн эсепке алууга жана байкоо жүргүзүүгө.»;
13) 60-берененин 1-бөлүгүнүн 23-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«23) иши жашыруун мүнөзгө жана улуттук коопсуздукту камсыз кылууга байланышкан аскер кызматчыларын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кошпогондо, саясий, атайын, жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын, саясий жана жогорку административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген жактардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, чыгымдары жана мүлкү жөнүндө жыйынды маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтына жайгаштырууга;»;
14) 64-беренеде:
а) 1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, салык кызматынын органы, Маркалоо оператору, Навигациялык пломбанын улуттук оператору же алардын кызмат адамдары алган салык төлөөчү жөнүндө кандай болбосун маалыматтар салык сырын түзөт, буга төмөнкүдөй маалыматтар кирбейт:»;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 13 жана 14-пункттар менен толукталсын:
«13) салык төлөөчү тарабынан таанылган салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды аткарууну камсыз кылуу жөнүндө билдирүүнү аткаруу максатында соттук аткаруучуларга;
14) бюджетти болжолдоодо жана аткарууда пайдаланылуучу маалыматтар бөлүгүндө бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу органга.»;
в) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Маркалоо оператору, навигациялык пломбанын улуттук оператору салыктык сырды камтыган маалыматтарды салык кызматынын органдарына гана берет.»;
г) 5-бөлүктө «жана Маркалоо операторуна» деген сөздөр «, Маркалоо операторуна жана навигациялык пломбанын улуттук операторуна» деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) 6-бөлүктө «жана Маркалоо операторуна» деген сөздөр «, Маркалоо операторуна жана навигациялык пломбанын улуттук операторуна» деген сөздөргө алмаштырылсын;
е) 7-бөлүктүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Салыктык сырды түзүүчү маалыматтарга салык кызматынын органынын, Маркалоо операторунун жана навигациялык пломбанын улуттук операторунун жетекчилеринин жазуу жүзүндөгү чечими менен аныкталуучу кызмат адамы жеткиликтүү болууга тийиш.»;
ж) 8-бөлүк «Маркалоо оператору» деген сөздөрдөн кийин «, навигациялык пломбанын улуттук оператору» деген сөздөр менен толукталсын;
з) 10-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«10. Ушул беренеде каралган учурларды кошпогондо, мамлекеттик органдарга салык кызматынын органдарынан, Маркалоо операторунан жана навигациялык пломбанын улуттук операторунан салык сырын түзгɵн маалыматтарды жана документтерди талап кылууга тыюу салынат.»;
15) 68-берене төмөнкүдөй мазмундагы 21-бөлүк менен толукталсын:
«21. Ушул Кодекске ылайык эсептелген туум боюнча доонун эскирүү мөөнөтү төлөбөгөндүгү үчүн бул туум эсептелген өнбөгөн калдык боюнча доонун эскиришине теңдештирилет.»;
16) 72-берене төмөнкүдөй мазмундагы 31-бөлүк менен толукталсын:
«31. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чечимде көрсөтүлгөн салыктын бир же бир нече түрлөрү боюнча салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин жарым-жартылай колдонууга жол берилет.
Салыктын бир түрүнүн мезгили боюнча салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин жарым-жартылай колдонууга жол берилбейт.»;
17) 75-берененин 8-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
18) 79-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
«7) Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарына ылайык атайын башкаруунун алкагында салык төлөөчүнү жоюу жолу менен банкроттук жол-жобосун аяктоо.»;
19) 80-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«80-берене. Салык милдеттенмеси боюнча үмүтсүз карыздарды эсептен чыгаруу
1. Ушул Кодекстин 79-беренесинин 2–5 жана 7-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда салык төлөөчүнүн салык карызы үмүтсүз карыз деп таанылат жана Министрлер Кабинети белгилеген тартипте өздүк эсептен салык органы тарабынан эсептен чыгарылат.
2. Доонун эскиришинин ичинде салык карызын өндүрүү боюнча чараларды көрүү мүмкүн болбогон учурларда салык органы доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.
Мындай учурларда салык карызы доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндө сот актысы күчүнө кирген учурдан тартып үмүтсүз карыз деп таанылат жана ушул беренеге ылайык эсептен чыгарылууга тийиш.»;
20) 81-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«81-берене. Салык карызын өндүрүү чаралары жана салык карызын аткарууну камсыз кылуу ыкмалары
1. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздар (мындан ары – салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызы) төлөнбөгөн же толук эмес төлөнгөн учурда салык органы ушул главага ылайык салык карызын талашсыз тартипте өндүрүүгө жана өндүрүлгөн каражаттарды мындай карыздын суммасын төлөө эсебине жөнөтүүгө укуктуу.
Салык карызын өндүрүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызы болгон учурда салык төлөөчү тарабынан таанылган салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүүнү (мындан ары – салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүү) жөнөтүү жолу менен салык төлөөчүгө 30 календардык күндүн ичинде салык милдеттенмесин ыктыярдуу тартипте аткаруу сунушталат.
3. Ушул Кодексте каралган учурларда салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүү аткаруу документи болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарына ылайык аткарылат.
4. Салык милдеттенмеси ыктыярдуу тартипте аткарылбаган учурда салык органы салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын мажбурлоо тартибинде өндүрөт.
5. Салык карызын өндүрүү чараларына төмөнкүлөр кирет:
1) банкка салык төлөмүнүн талаптарын (мындан ары – СТТ) коюу;
2) салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын салык төлөөчүгө карата салык постун орнотуу жолу менен накталай акча каражаттарынын эсебинен өндүрүү;
3) Кыргыз Республикасынын аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарына ылайык аткаруу документи катары салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүүнү аткаруу;
4) салык төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен өндүрүү.
Ушул бөлүктүн 1 жана 2-пункттарында каралган чаралар аларды колдонууга негиздер болгон учурда колдонулат. Мындай негиздер жок болгон учурда салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүүгө белги коюлат.
6. Эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, салык милдеттенмесин аткаруу жана салык карызын жоюу төмөнкүдөй ыкмалар менен камсыз кылынышы мүмкүн:
1) туумдарды эсептөө;
2) банк кепилдигин берүү;
3) салык төлөөчүнүн салык кызматынын органынын депозиттик эсебине акча каражаттарын салуусу – салык төлөөчүнүн депозити.
7. ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды алып өтүүдө пайда болгон салык милдеттенмесин аткарууну жана салык тɵлɵɵчү тарабынан таанылган салык карызын жоюуну камсыз кылуу ыкмалары Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталат.
8. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын өндүрүү чаралары жана/же салык карызын камсыз кылуу ыкмалары, мындай кезектүүлүк ушул главада түздөн-түз каралган учурларды кошпогондо, кезектүүлүктү сактабастан колдонулат.
9. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүү кагаз жүзүндө же электрондук түрдө таризделиши мүмкүн.
Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүүнүн формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.»;
21) 85-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«85-берене. Салыктык төлөм талабы
1. Салык төлөөчү – уюм же жеке ишкер салык төлөөчү тарабынан ыктыярдуу тартипте таанылган салык карызын төлөбөгөн учурда, салык органы мындай карыздын суммасын ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча банктарга СТТ коюу жолу менен өндүрүүгө укуктуу.
2. СТТ салык органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген бардык банктарга салык төлөөчүнүн эсептеринин бар же жок экендиги жөнүндө сурабастан жиберилет.
3. Салык төлөөчүлөрдүн эсептери болгон учурда СТТ банктар тарабынан биринчи кезектеги тартипте СТТ банктарга келип түшкөн күндөн кийинки бир жумуш күндөн кечиктирбестен салык төлөөчүнүн эсептеринен акча каражаттарын, анын ичинде валюталык каражаттарды анын салык карызын төлөө эсебине эсептен чыгаруу жолу менен аткарылат.
4. СТТ аткарылганга чейин же банк салык кызматынын органынан ушул Кодекстин 79-беренесине ылайык салык милдеттенмесинин токтотулушу жөнүндө маалыматты алганга чейин кайсынысы мурда пайда болгонуна жараша жарактуу болот.
5. Салык төлөөчүнүн жаңы эсептерин ачууда мурда жиберилген СТТ мындай эсеп ачылган учурдан тартып колдонулат.
6. СТТнын аткарылышы, эсептин жоктугуна байланыштуу же акча каражатынын жоктугуна байланыштуу СТТнын аткарылбагандыгы, ошондой эле салык төлөөчүнүн эсебиндеги болгон суммага карата жарым-жартылай аткарылгандыгы жөнүндө маалымат банктар тарабынан 5 жумуш күндүн ичинде СТТны жиберген салык кызматынын органдарына жиберилет.
7. Банк СТТны алган күнү салык төлөөчүнүн эсептеринде акча каражаттары жетишсиз же жок болгон учурда, мындай талап биринчи кезекте бул эсептерге акча каражаттарынын түшүүсүнө жараша ар бир мындай келип түшкөн күндөн кийинки бир жумуш күндөн кечиктирилбестен аткарылат.»;
22) төмөнкүдөй мазмундагы 851-берене менен толукталсын:
«851-берене. Накталай акча каражаттарынын эсебинен өндүрүп алуу
Салык төлөөчүнүн банктагы эсептеринде акча каражаттары жетишсиз же жок болгон учурда салык органы жазма буйруктун негизинде салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча накталай акча каражаттарын өндүрүү жөнүндө акт боюнча накталай акча каражаттарынын эсебинен өндүрүп алууга укуктуу.
Ушул бөлүккө ылайык өндүрүлгөн акча каражаттары өндүрүп алуу күнүнөн кийинки эки жумуш күндөн кечиктирилбестен андан ары бюджетке которуу менен салык төлөөчүнүн эсебине чегерүү үчүн, ал эми салык төлөөчүнүн эсеби жок болсо – бюджетке которуу үчүн банкка берилет.»;
23) 86-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«86-берене. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын мажбурлап өндүрүп алуу
1. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүүнү ыктыярдуу аткаруу мөөнөтү аяктаган учурдан тартып 30 календардык күн өткөндөн кийин салык кызматынын органы салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүүнү соттук аткаруучуга жөнөтөт.
Мындай учурда салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүү аткаруу документи болуп саналат, ал салык карызын мажбурлап өндүрүү жөнүндө акт боюнча берилген аткаруу барагына теңдештирилет жана Кыргыз Республикасынын аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарына ылайык аткарылат.
2. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүүнү, анын ичинде электрондук документ түрүндө алгандан кийин соттук аткаруучу Кыргыз Республикасынын аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарына ылайык бардык аракеттерди жасайт.
3. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүүнү аткарууну өзгөртүү тартиби жана ыкмасы Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик мыйзамдары менен аныкталат.»;
24) 87-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
25) 96-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
26) 97-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 1-пунктунда «кат-кабарда» деген сөз «салык отчетторунда» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
«11. Эгерде ушул Кодексте башкасы каралбаса, ушул беренеде каралган чечимдердин жана башка документтердин формалары ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.»;
в) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Чечим же билдирүү ушул Кодексте көрсөтүлгөн талаптар сакталбаганда, ал тургай салык төлөөчүгө чечим же билдирүү жөнүндө белгилүү болсо да жарактуу же күчкө ээ деп эсептелбейт. Салык төлөөчүгө чечимди талаптагыдай тапшыруу фактысынын далили салык кызматынын органынын милдети болуп саналат.»;
г) 6-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 27–29-пункттар менен толукталсын:
«27) товарларды баштапкы документтери жок сатып алуу үчүн салык санкциясын колдонуу жөнүндө;
28) өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салыкты колдонуу жөнүндө же колдонуудан баш тартуу жөнүндө;
29) өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салыкты колдонуу жөнүндө же колдонуудан баш тартуу жөнүндө чечимди жокко чыгаруу тууралуу.»;
д) 9-бөлүктө «72-беренесинде» деген сөздөр «4-беренесинин 2-бөлүгүнүн 20-пунктунун «д» пунктчасында, ошондой эле 72-беренесинде» деген сөздөргө алмаштырылсын;
27) 99-беренеде:
а) 1-бөлүктө «жазуу жүзүндөгү жана/же» деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтар жана маалымдоолор жок болгон учурда, бирдиктүү салык декларациясын кошпогондо, салык отчетторун түзүү жана берүү талап кылынбайт.»;
28) 100-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Салык отчеттуулугу мамлекеттик же расмий тилде электрондук документ түрүндө түзүлөт.»;
б) 3 жана 4-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 7-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«7. Салык төлөөчү, салык өкүлү салык отчеттуулугун Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу жана электрондук кол тамга жөнүндө мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат тутуму же башка маалымат тутумдары аркылуу электрондук документ түрүндө берет.»;
г) 10-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
29) 104-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Такталган салык отчеттуулугу төмөнкү учурларда берилет:
1) ушул Кодекске ылайык төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасын эсептөө, кармап калуу үчүн салыктык базага түзөтүүлөр киргизилген учурда;
2) берилген салык отчеттуулугунда операцияларды чагылдырбоо же толук эмес чагылдыруу фактысы, ошондой эле салыктын суммасынын өзгөрүшүнө алып келүүчү каталар табылган учурда.»;
30) 106-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«106-берене. Бирдиктүү салык декларациясы
1. Бирдиктүү салык декларациясы салык отчеттуулугу болуп саналат, анын максаты – субъекттин экономикалык иши тууралуу маалыматты, салыктык милдеттенмелерин эсептөө үчүн зарыл болгон кирешелер, чыгымдар жана мүлк жөнүндө, салыктардын эсептелген жана/же төлөнгөн суммасы жана колдонулуучу салык жеңилдиктери тууралуу маалыматтарды берүү.
2. Бирдиктүү салык декларациясын төмөнкүлөр түзүүгө жана берүүгө милдеттүү:
1) бюджеттен каржылануучу жана отчеттук салык мезгили үчүн мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенмелери болбогон уюмдарды кошпогондо, ата мекендик уюм;
2) туруктуу мекеме түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзүп жаткан чет өлкөлүк уюм;
3) жеке ишкер;
4) патенттин же өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салыктын негизинде иш жүргүзгөн жеке жак;
5) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган, өз ишин Кыргыз Республикасында жүзөгө ашырган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде, эл аралык уюмдарда же алардын өкүлчүлүктөрүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык артыкчылыктар жана иммунитеттер берилген башка уюмдарда иштеринен киреше алган жеке жак;
6) салык агенти болуп саналбаган же салык агенти катары милдеттенмеси пайда болбогон субъекттен салык салынуучу киреше алган жеке жак;
7) ушул Кодекстин 107-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жактар.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн жеке жактар бирдиктүү салык декларациясын ыктыярдуу негизде, анын ичинде ушул Кодекстин 195 жана 196-беренелеринде каралган чыгарып салууларды колдонуу үчүн берүүгө укуктуу.
4. Бирдиктүү салык декларациясында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) салык салуу объекттери жөнүндө маалымат;
2) субъекттин, анын филиалдарынын, өкүлчүлүктөрүнүн жана башка обочолонгон бөлүмдөрүнүн мүлктүк жана финансылык абалы.
5. Субъекттин финансылык абалы жөнүндө маалымат ушул Кодекске жана бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт.
6. Бирдиктүү салык декларациясы календардык жыл үчүн түзүлөт жана:
1) уюм тарабынан – отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейин берилет;
2) ушул Кодекстин 107-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жактар тарабынан – отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейин берилет;
3) ушул бөлүктүн 2-пунктунда көрсөтүлбөгөн жеке жак, ошондой эле жеке ишкер тарабынан – отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-майына чейин берилет.
7. Бирдиктүү салык декларациясынын формасы, аны толтуруу жана берүү тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
8. Кыргыз Республикасынын жарандарынын – жеке жактардын жана мамлекеттик кызматчылардын бирдиктүү салык декларациясын салыктык контролдоо, сактоо жана жок кылуу «Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө», «Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө», «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун эске алуу менен жүзөгө ашырылат.»;
31) 107-берененин 5 жана 6-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын декларациясын талдоо жана изилдөө жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо, ошондой эле иши жашыруун мүнөздөгү жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу менен байланышкан аскер кызматчыларынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин декларациясын тапшыруу жана талдоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
6. Бирдиктүү салык декларациясы өз убагында берилбеген же берилбей калган учурларда, ошондой эле берилген декларацияда толук эмес жана/же так эмес маалыматтар аныкталган учурларда салык кызматынын органдары тийиштүү материалдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чараларды көрүү үчүн прокуратура органдарына жөнөтүүгө милдеттүү.»;
32) 108-берененин 4-пунктунун «б» пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«б) программалык камсыздоо болуп саналган контролдук-кассалык машина (мындан ары – программалык ККМ) деп ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган тартипте ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат тутуму менен интеграциялоодо иштеген программалык камсыздоо жана/же маалымат тутуму, анын ичинде фискалдык программалык камсыздоо таанылат;»;
33) 109-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
«4. Өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салык төлөөчүнүн иши салыктык текшерүүгө жана рейддик салык контролунун жүрүшүндө товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алып салууга жатпайт.»;
34) 110-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
«6. Салык органы төмөнкүдɵй учурларда салык төлөөчүнү салыктык каттоо процесси менен байланышкан салыктык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруудан баш тартууга укуктуу:
1) эгерде арыз ээсинин берилген документтеринин маалыматтарында айырмачылыктар болсо, арыз ээсинин инсандыгын идентификациялоо ырасталбаса, берилген документтерде документти идентификациялоого мүмкүндүк бербеген оңдоолор, механикалык бузуулар болсо;
2) тобокелдиктерди башкаруу тутумунда каралган белгилер болсо.»;
35) 111-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Ушул бөлүктүн 2 жана 3-пункттарында каралган учурларда салык милдеттенмесин аткаруу максатында салык төлөөчү анда салык милдеттенмеси пайда болгон салыктык мезгилинен тартып катталган болуп эсептелет.»;
б) 51-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
36) 115-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-пункттар менен толукталсын:
«3) жеке ишкер тарабынан салыктык отчеттуулугу бир жылдан ашык берилбегендигине;
4) жасалма документтердин негизинде жеке ишкердик катталганына.»;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
«4) жеке ишкерди каттоону мыйзамсыз жана жасалма документтердин негизинде жүргүзүлгөн деп таануу жөнүндө соттун чечиминин.»;
37) 117-беренеде:
а) 5-бөлүктүн 2-пунктунун «г» пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«г) салык кызматынын органдары тɵмɵнкүлɵрдү алганда:
– уюмду жана жеке ишкерди банкрот деп таануу жөнүндө арызды кабыл алуу тууралуу соттун аныктамасын;
– уюмдун банкроттук процессинин жол-жобосун соттон тышкаркы тартипте козгоо жөнүндө билдирүүнү алганда.
Юридикалык жак жоюлуу процессинде тургандыгы жөнүндө юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын билдирүүсүн алган учурда, салык органы 15 календардык күндүн ичинде көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга салык төлөөчүнүн салык милдеттенмесинин болуу тобокелдиги жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү. Салык милдеттенменсинин болуу тобокелдиги жөнүндө маалыматта салыктык текшерүүнү жүргүзүү мөөнөтүнө карата көрсөтмө камтылууга тийиш.
Юридикалык жак жоюлуу процессинде тургандыгы жөнүндө юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын билдирүүсүн алган күндөн тартып 15 календардык күн өткөндөн кийин салык органы тарабынан салыктык милдеттенменин болуу тобокелдиги жөнүндө маалыматтын берилбеши, кɵрсɵтүлгɵн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан салык төлөөчүдө салык карызынын жок экендигин таануу үчүн негиз болуп саналат.»;
б) 9-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«9. Салык кызматынын органдары төмөнкүлөрдүн негизинде пландан тышкаркы көчмө текшерүүнү же кайра текшерүүнү дайындоо жөнүндө чечим кабыл алууга укуксуз:
– салыкты туура эмес эсептөө фактыларын күбөлөндүрүүчү документтер менен ырасталган маалыматтар жок болгон салык төлөөчүгө карата укук коргоо органдарынын каттарынын жана/же тиешелүү кайрылууларынын, ошондой эле мамлекеттик органдардын кызматтык каттарынын негизинде;
– даттанууну кароонун натыйжалары боюнча аларга карата мурда ыйгарым укуктуу салык органынын же соттун чечими чыгарылган жана бул чечимдер жокко чыгарылбаган жана/же жараксыз деп таанылган негиздер боюнча.»;
38) 119-берененин 12-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Эгерде ушул Кодекстин 117-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктунун «г» пунктчасында каралган учурлар пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү үчүн негиз болуп саналса, салык кызматынын органы мындай негизди алган күндөн кийинки күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде салык кызматынын органы пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алууга жана пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен пландан тышкаркы текшерүүгө киришүүгө милдеттүү.»;
39) мамлекеттик тилдеги 123-берененин 7-бөлүгүндө «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында» деген сөздөр «мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарда» деген сөздөргө алмаштырылсын;
40) 124-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Уюмду жоюуда же жеке ишкердин ишин токтотууда салык төлөөчүнү иликтөө ушул Кодекстин 118-беренесинде белгиленген салыктарды төлөбөөнүн тобокелдик факторлору жок болгон жана салык төлөөчү каттоонун бардык мезгилинде нөлдүк көрсөткүчтөр менен салык отчетун берген учурда жүргүзүлөт.
Юридикалык жак жоюлуу процессинде тургандыгы жөнүндө юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын билдирүүсүн алган учурда салык органы 15 календардык күндүн ичинде юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга салык төлөөчүнүн салыктык милдеттенмесинин болуу тобокелдиги жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү. Салыктык милдеттенменин болуу тобокелдиги жөнүндө маалыматта иликтөөнү жүргүзүү мөөнөтүнө карата көрсөтмө камтылууга тийиш.
Юридикалык жак жоюлуу процессинде тургандыгы жөнүндө юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын билдирүүсүн алган күндөн тартып 15 календардык күн өткөндөн кийин салык органы тарабынан салыктык милдеттенмесинин болуу тобокелдиги жөнүндө маалыматтын берилбеши, юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан салык төлөөчүдө салык карызы жок экендигин таануу үчүн негиз болуп саналат.»;
41) 125-беренеде:
а) 4 жана 5-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Эгерде салык органы камералдык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салыктык милдеттенмелерин туура эсептөө бөлүгүндө салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүнүн шайкеш эместигин, ошондой эле салык төлөөчү салык отчетторун толтурууда жол берген башка каталарды аныктаса, салык органынын кызмат адамы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген форма боюнча камералдык текшерүүнүн маалымкатын түзөт.
Камералдык текшерүүнүн маалымкатында төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш:
– салык төлөөчү тарабынан бузулган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талабына көрсөтмө;
– алардын негизинде салыктык милдеттенмелерин туура эсептөө боюнча салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүнүн шайкеш эместиги жана/же катанын болушу жөнүндө тыянак чыгарылган документтер, отчеттор жана маалымат булактары;
– эгерде ал жүргүзүлсө, салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүнүн шайкеш эместиги белгиленген учурда салык милдеттенмесин эсептөөнүн эсеби;
– Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузууларды четтетүү жөнүндө талап.
Камералдык текшерүүнүн маалымкаты эки нускада түзүлөт жана ага бул текшерүүнү жүргүзгөн адам кол коёт.
5. Салык органы салык төлөөчүгө камералдык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымкатты тапшыруу жана салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүнүн шайкеш эместиги аныкталгандыгы жөнүндө кабарлоо жолу менен салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүнүн аныкталган шайкеш эместиги, ошондой эле башка каталары жөнүндө аларды четтетүү талабы менен камералдык текшерүүнүн маалымкаты түзүлгөн күндөн кийинки 3 жумуш күндөн кечиктирбестен кабарлайт.»;
б) 6-бөлүктө «фактылар» деген сөз «салык органынын жүйөлөрү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 8-бөлүктө «салыктардын азайтылган же жогорулатылган суммаларынын» деген сөздөр «салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүнүн шайкеш эместигинин» деген сөздөргө алмаштырылсын;
42) 127-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:
«13) банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды, улуттук стандарттын штрих кодунун (QR-коддун) эки өлчөмдүү символдорун пайдалануу менен операцияларды жүргүзүү үчүн багытталган, анын ичинде башка жакка катталган жабдуунун (программалык-техникалык түзүлүштүн) болушу жана колдонулушу.»;
43) 128-беренеде:
а) 1-бөлүктө «акчалай» деген сөз алып салынсын;
б) 3-бөлүктүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) ККМ техникалык тейлөө борборлоруна карата талаптарды;»;
в) 5-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5. Эгерде ушул беренеде башкасы белгиленбесе, ККМ байланыш, маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жаатындагы жана электрондук кол тамганы пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү техникалык корутундунун негизинде ККМ реестрине киргизилет жана андан чыгарылат.»;
г) төмөнкүдөй мазмундагы 51-бөлүк менен толукталсын:
«51. Калк менен эсептешүүдө салык төлөөчү тарабынан колдонулуучу маалымат тутуму жана ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат тутуму менен интеграциялоодо иштеген фискалдык программалык камсыздоо ККМге теңештирилет жана ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн техникалык корутундусуз ККМ реестрине киргизилет.»;
44) 129-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда «жана/же ФМО» деген сөздөр алып салынсын;
45) 130-берененин 4-бөлүгүндө «жана/же ФМО» деген сөздөр алып салынсын;
46) 139-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) өз ара көз каранды жактардын ортосундагы зайым келишимдерин кошпогондо, өз ара көз каранды жактардын ортосундагы бүтүмдөрдө;»;
б) 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5) аракетсиз жактын белгилери бар субъекттер же жеке маалыматтары көрсөтүлбөгөн субъекттер менен бүтүм түзүлгөндө;»;
47) төмөнкүдөй мазмундагы 1441-берене менен толукталсын:
«1441-берене. Салык кызматынын органдарынын Навигациялык пломбанын
улуттук оператору менен өз ара аракеттенүүсү
1. Салык кызматынын органдарынын Навигациялык пломбанын улуттук оператору менен өз ара аракеттенүүсү Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Салык кызматынын органдары Навигациялык пломбанын улуттук оператору менен өз ара аракеттенүүнү Навигациялык пломбанын улуттук операторунун маалымат тутуму аркылуу жүзөгө ашырат.
3. Навигациялык пломбанын улуттук оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ЕАЭБ укугуна ылайык төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) мүчө мамлекеттердин аймактары боюнча ташууларды көзөмөлдөө үчүн колдонулуучу маалымат тутумунун ишин суткасына 24 саат бою, жумасына 7 күн туруктуу негизде;
2) маалымат тутуму аркылуу навигациялык пломбаларды колдонуу менен мүчө мамлекеттердин аймактары боюнча ташууларды көзөмөлдөөнү;
3) программалык камсыздоону пайдалануу менен маалыматты чогултууну, кайра иштетүүнү, берүүнү жана сактоону;
4) ташууларды көзөмөлдөө менен байланышкан маалымат тутумдарынын иштөөсүнө карата ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу салык органына көмөктөшүүнү;
5) маалымат тутумдарын даярдоо жана аларды техникалык коштоо боюнча техникалык тапшырмаларды/талаптарды өз убагында иштеп чыгууну, ыйгарым укуктуу салык органы менен макулдашуу боюнча толуктап иштеп чыгууну жана өркүндөтүүнү;
6) контролдоочу органга өзүнүн маалымат тутумуна кирүү мүмкүнчүлүгүн берүүнү.
4. Навигациялык пломбанын улуттук оператору Навигациялык пломбанын улуттук операторунун милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
5. Эгерде Навигациялык пломбанын улуттук операторуна карата укук бузуулардын эки факты боюнча жаза чарасы колдонулган жыл ичинде Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык кайталап укук бузуу белгиленсе, анда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Навигациялык пломбанын улуттук операторун алмаштыруу жөнүндө маселе демилгеленет.»;
48) 145-берененин 1–3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Салык кызматынын органдары жана кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жана транспорт каражаттарын каттоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу органдар тɵмɵнкүдɵй маалымат алмашуу максатында маалымат тутумдары аркылуу өз ара аракеттенишет:
1) мүлк жөнүндө – катталган же каттоодон чыгарылган салык салуу объекттери, алардын параметрлери жөнүндө;
2) мүлктүн менчик ээси болуп саналган субъекттер жөнүндө;
3) мүлк салыгы боюнча салык карызынын бар же жок экендиги жөнүндө.
Көрсөтүлгөн органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн, маалымат алмашуусунун, маалыматка жол берүүнүн жана маалымат тутумдарын интеграциялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдар маалымат тутумдары интеграцияланбаган учурда менчик укугун же салык салуу объектисин мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматты өзү жайгашкан жердеги салык органына ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбеген мɵɵнɵттɵ берүүгө милдеттүү.
3. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоодо жана транспорт каражаттарын каттоодо 1-бөлүктө көрсөтүлгөн органдар тɵмɵнкүлɵргɵ милдеттүү:
– мүлк салыгы боюнча салык карызынын бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты маалымат тутумунда текшерүүгө;
– мүлк салыгы боюнча 5 же андан көп эсептик көрсөткүчтөн ашкан салык карызы болсо, салык карызы жоюлганга чейин кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоодон жана транспорт каражаттарын каттоодон баш тартууга.
Банкрот деп таанылган (жарыяланган) субъекттердин кыймылсыз мүлккө укуктарын каттоодо жана транспорт каражаттарын каттоодо жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарды алуу талап кылынбайт.»;
49) 146-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
– 1-пунктта:
«а» пунктчасында «ачылышы, жабылышы жана болуусу» деген сөздөр «болуусу» деген сөзгө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы «д» пунктчасы менен толукталсын:
«д) мүлктүк чыгарып салууларды алууга арыз берген жеке жактын тиешелүү жыл үчүн турак жай фондуна тиешелүү кыймылсыз мүлктү сатып алууга жана/же курууга алынган, кайтарылган кредиттин жана алар боюнча төлөнгөн пайыздардын суммалары жөнүндө;»;
– 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«8) QR-төлөмдөрдү, POS-терминалдарды, идентификацияланган электрондук капчыкты жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык башка аралыктан төлөө формаларын пайдалануу менен электрондук акча аркылуу жүргүзүлгөн эсептешүүлөр жөнүндө маалыматты реалдуу убакыт режиминде берүүгө.»;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
«11. Салык кызматынын органдары менен ɵз ара аракеттенүү максатында банктар салык төлөөчүлөрдүн эсептерин ачуу жана/же жабуу жөнүндө маалыматты эсеп ачылган жана/же жабылган учурдан тартып үч жумуш күндүн ичинде алардын номерлерин көрсөтүү менен берүүгө милдеттүү.»;
50) төмөнкүдөй мазмундагы 1521-берене менен толукталсын:
«1521-берене. Салык кызматынын органдарынын уюмдар жана жеке жактар
жөнүндө маалыматтары бар башка субъекттер менен өз ара
аракеттенүүсү
1. Салык кызматынын органдары салыктык башкаруу максатында уюмдар жана жеке жактар жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн ушул главада каралбаган башка субъекттер менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат.
2. Салык кызматынын органдары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу максатында субъекттер өздөрүнүн маалымат тутумдарын ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат тутуму менен интеграциялоого милдеттүү.»;
51) төмөнкүдөй мазмундагы 1531-берене менен толукталсын:
«1531-берене. Мобилдик уюлдук байланыш операторлору менен өз ара
аракеттенүү
Мобилдүү уюлдук байланыш операторлору салык карызынын абалы, салыктык башкаруунун жүрүшүндө көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө салык төлөөчүлөргө кабарлоо максатында салык кызматынын органдары менен өз ара аракеттенишет.
Ушул беренени ишке ашыруу максатында:
1) мобилдик уюлдук байланыш операторлору акысыз негизде:
а) салык кызматынын органдарына абоненттин фамилиясы, аты, атасынын аты, абонент-юридикалык жактын толук аталышын, абоненттик номерлерин берет;
б) салык төлөөчүлөрдүн абоненттик номерлерине билдирүүлөрдү жөнөтүү үчүн салык кызматынын органдары менен техникалык өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
2) салык кызматынын органдары:
а) алынган маалыматтарды жана техникалык мүмкүнчүлүктөрдү ушул берененин алкагында гана колдонот;
б) алынган маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылышат.»;
52) 160-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Салык санкциясын колдонуу жөнүндө чечим ушул Кодекстин 163-беренесинин 11 жана 12-бөлүктөрүндө каралган учурларды кошпогондо, ушул Кодексте белгиленген тартипте салык кызматынын органы тарабынан кабыл алынат жана салык төлөөчүгө тапшырылат.
Ушул Кодекстин 163-беренесинин 11 жана 12-бөлүктөрүндө каралган учурларда салык санкциясы ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган тутуму тарабынан эсептелет.»;
53) 162-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
54) 163-беренеде:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 11 жана 12-бөлүктөр менен толукталсын:
«11. Ушул Кодексте каралган отчетторду белгиленген мөөнөттө бербегендиги үчүн салык төлөөчүгө төмөнкүдөй өлчөмдө салык санкциясы колдонулат:
1) жеке жактар үчүн 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
2) жеке ишкерлер үчүн 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
3) уюмдар үчүн 70 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө.
12. Ушул Кодекстин 107-беренесинде каралган декларацияны кошпогондо, белгиленген мөөнөттө бирдиктүү салык декларациясын тапшырбагандыгы үчүн салык төлөөчүгө 70 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө салык санкциясы колдонулат.
Ушул берененин 11 жана 12-бөлүктөрүндө каралган учурларда салык отчету өз убагында берилбеген ар бир факт үчүн санкция колдонулат.»;
б) 21-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
«4. Эгерде салык кызматынын органы тарабынан салык контролунун жүрүшүндө соода ишин жүргүзгөн салык төлөөчүдө баштапкы эсептик документтери жок сатып алынган товардын бар экендиги аныкталса, ал салык төлөөчүгө киреше салыгы боюнча мындай товардын рыноктук наркынын 5 пайызы өлчөмүндө салык санкциясы колдонулат.»;
55) 164-берененин 11 жана 12-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
56) 167-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Ушул берененин 1, 2 жана 5-бөлүктөрүндө белгиленген мөөнөттү жүйөлүү себептер боюнча өткөрүп жиберген учурда даттануу мөөнөтү салык кызматынын органынын чечимине даттануу менен бир убакта берилген салык төлөөчүнүн тиешелүү арызы боюнча ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн. Даттануунун өткөрүлүп жиберилген мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө арыз жүйөлүү себептердин негиздери жоюлган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде берилиши мүмкүн. Даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө арыз канааттандырылганда даттануу кароого кабыл алынды деп эсептелет, бул салык кызматынын органынын даттанылып жаткан чечимин аткарууну токтотот.
Даттануу мөөнөтүн өткөрүп жиберүүнүн жүйөлүү себептери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) салык төлөөчүнүн–жеке жактын же салык төлөөчүнүн–юридикалык жактын кызмат адамынын ооруп калуусу;
2) чечимди жеткирүү учурунда салык төлөөчүнүн–жеке жактын же салык төлөөчүнүн–юридикалык жактын кызмат адамынын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары болушу;
3) салык төлөөчүнүн–жеке жактын же салык төлөөчүнүн–юридикалык жактын кызмат адамынын жакын тууганы каза болгондо.»;
57) 168-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Салык төлөөчүнүн даттануусу жазуу жүзүндө кол менен же заказды кат менен почта аркылуу же электрондук документ түрүндө салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу же электрондук кайрылуу түрүндө электрондук кайрылууларды кабыл алуу үчүн арналган ыйгарым укуктуу салык органынын электрондук почтасынын расмий дарегине электрондук почта аркылуу берилет.»;
58) 169-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Эгерде даттанууну кароо мезгилинде салык төлөөчүдөн өз ара байланышкан салыктар жана төлөмдөр боюнча баштапкы даттанууга толуктоолор келип түшсө, негизги жана кошумча даттануулар боюнча кароо мөөнөтү толуктоо келип түшкөн күндөн кийинки күндөн башталат.
Даттанууну кароо мөөнөтү көчмө текшерүү дайындалган, тиешелүү органдарга, анын ичинде эл аралык келишимдерге ылайык башка мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарына суроо-талаптар жөнөтүлгөн учурларда токтотулат.
Ыйгарым укуктуу салык органы салык төлөөчүгө даттануу боюнча акыркы чечим ушул бөлүктө каралган жол-жоболор аткарылгандан кийин кабыл алына тургандыгы тууралуу кабарлайт.
Ушул бөлүктө каралган мөөнөттөрдү узартуу жана токтотуу күндөрүн кошкондо, даттанууну кароо мөөнөтү даттануу берилген күндөн кийинки күндөн тартып 90 календардык күндөн ашпоого тийиш.»;
б) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Эгерде даттанууда мурда жиберилген даттанууларга байланыштуу арыз ээсине маңызы боюнча чечимдер же жазуу жүзүндөгү жооптор бир нече жолу жөнөтүлгөн маселе камтылса жана мында даттанууда жаңы жүйөлөр же жагдайлар келтирилбесе, ыйгарым укуктуу салык органы көрсөтүлгөн даттануу жана мурда жиберилген даттануулар бир эле органга жиберилген шартта, ошол маселе боюнча кат алышууну токтотууга укуктуу, ал жөнүндө салык төлөөчүгө жазуу жүзүндө билдирилет.»;
59) 174-беренеде:
а) 4-пунктта «жеке жана/же юридикалык жактардын» деген сөздөр «жеке жактын жана/же уюмдун» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 101-пункт менен толукталсын:
«101) товарларга жана/же кызмат көрсөтүүлөргө максаттуу микрокредиттерди берүү боюнча иш – төмөнкүдөй шарттар сакталган учурда маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларды колдонуунун негизинде максаттуу микрокредиттерди берүү жана алардын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү боюнча тутумдун алкагындагы иш:
а) төмөнкүлөргө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы же күбөлүгүнүн болушу:
– жеке жактарды жана ишкердик субъекттерин микрокаржылоо боюнча ишти жүргүзүүгɵ;
– маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга, төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизделген төлөм тутумдары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө;
– үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм тутумунун катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө;
б) товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуучу тарабынан ачык офертада сунуш кылынуучу баалардын прейскурантынан жогору эмес баалар боюнча сатууга;
в) товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алууну жана жүргүзүүнү камсыз кылуучу микрокредиттерди берүүнүн маалымат тутумдарын жана төлөм тутумдарын ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат тутуму менен интеграциялоого.»;
в) 11-пунктутун «б» пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«б) жеке ишкердин пайда салыгын же башка салыктардын ордуна белгиленген атайын салык режими боюнча төлөнүүчү салыкты төлөгөндөн кийин анын карамагында калган пайдасы;»;
г) 17-пунктта:
– «л» пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«л) пайыздар, роялти, пенсия жана техникалык, консультациялык, башкаруучулук кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөнүүчү акы же төмөнкүлөр тарабынан төлөнүүчү ар кандай башка киреше:
– ата мекендик уюм же жеке ишкер тарабынан, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ата мекендик уюм тарабынан жүргүзүлүүчү ишкердик иш менен байланышкан чыгашалардан тышкары;
– чет өлкөлүк уюм тарабынан өзүнүн туруктуу мекемеси же иши Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык катталган туруктуу мекеме түзүүгө алып келбеген өкүлчүлүгү аркылуу аталган уюм жүргүзүүчү ишкердик ишке байланыштуу чыгымдар катары төлөнгөн;»;
– төмөнкүдөй мазмундагы «м», «н», «о» пунктчалары менен толукталсын:
«м) чет өлкөлүк уюм же чет өлкөлүк жеке жак тарабынан ата мекендик уюмдагы капиталдагы үлүштү же катышуунун башка үлүшүн сатуудан алынган киреше, мындай сатып жөнүндө чечим кабыл алынган датага карата түзүлгөн уюмдун балансындагы активдердин жана милдеттенмелердин оң айырмасы катары аныкталган, сатылган үлүшкө пропорциялуу өлчөмдө;
н) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык катталган өкүлчүлүгү же өзүнүн туруктуу мекемеси аркылуу чет өлкөлүк уюм алган жана анын тапшырмасы боюнча ушундай туруктуу мекеме тарабынан анын дарегине же үчүнчү жактын дарегине которулган киреше;
о) чет өлкөлүк субъекттин ошол субъекттин тапшырмасы боюнча салык төлөөчүнүн эсебинен анын дарегине же үчүнчү жактын дарегине алынган жана которулган акча каражаттарынын суммасынан келип чыккан кирешеси.»;
д) 28 жана 29-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«28) накталай эмес формада төлөө – төлөөчүнүн эсебинен акча каражаттарын эсептен чыгаруу жана анын алуучунун эсебине чегерүү жолу менен накталай акча каражаттарын колдонбостон төлөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык QR-төлөмдөрдү, POS-терминалды, идентификацияланган электрондук капчыкты жана башка аралыктан төлөө формаларын пайдалануу менен электрондук акча аркылуу төлөө, ошондой эле товар алмашуу (бартердик) операциясын жүргүзүү жолу менен төлөмдү жүзөгө ашыруу;
29) накталай формада төлөө – салык төлөөчүнүн кассасына накталай акча каражаттарын төлөө жана/же салык төлөөчүнүн банктагы эсебине же төлөм терминалы жана башка төлөм инструменттери аркылуу накталай акча каражаттарын салуу;»;
е) 41 жана 411-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«41) айыл чарба өндүрүүчүсү – айыл чарба продукциясын, ошондой эле акциздик товарлардан тышкары өз өндүрүшүндөгү айыл чарба продукциясын кайра иштетүү продукттарын, мында бул уюмга же жеке адамга таандык негизги каражаттарды сатуудан түшкөн акчаны эске албастан, айыл чарба продукциясын жана анын кайра иштетилген продукттарын сатуудан түшкөн каражат календардык жылдын ичинде товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуунун жалпы көлөмүнүн 75 пайызынан кем эмести түзгөн шартта өндүрүүчү уюм же жеке ишкер;
411) айыл чарба даярдоочусу – төмөнкүлөрдү жүзөгө ашыруучу субъект:
а) аны баштапкы кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу субъекттин дарегине сатуу үчүн ата мекендик айыл чарба продукциясын чогултууну;
б) кайра иштетүүчү ишкананын жана/же соода-логистикалык борбордун дарегине сатуу/берүү үчүн ата мекендик айыл чарба продукциясын чогултууну жана/же баштапкы кайра иштетүүнү, анын ичинде иштетип алма схемасы боюнча жүзөгө ашыруучу;»;
ж) төмөнкүдөй мазмундагы 431-пункт менен толукталсын:
«431) социалдык инфратүзүм – билим берүү, медициналык, маданий, спорттук, социалдык багыттагы объекттер, транспорттук камсыздоо объекттери, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык органдардын объекттери;»;
з) төмөнкүдөй мазмундагы 581-пункт менен толукталсын:
«581) товарларга жана/же кызмат көрсөтүүлөргө максаттуу микрокредиттерди берүү жана маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларды колдонуунун негизинде алардын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү боюнча тутумдагы төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн катышуучулары – төмөнкүлөр болуп саналган салык төлөөчүлөр:
а) финансы-кредиттик уюмдар, адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер;
б) төлөм тутумунун оператору жана/же төлөм уюму;
в) микрокредит же жөлөкпул алуучу субъект;
г) ушул пункттун 1 жана 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн катышуучулар менен түзүлгөн келишимдин негизинде товарды жана/же кызмат көрсөтүүнү сатуучу уюм же жеке ишкер.
Товарларга жана/же кызмат көрсөтүүлөргө максаттуу микрокредиттерди берүү жана маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларды колдонуунун негизинде алардын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү боюнча тутумда төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн катышуучусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жөлөкпулдарды, ошондой эле Министрлер Кабинетинин чечими боюнча гранттарды жана/же кредиттерди төлөө жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик мекеме болушу мүмкүн;»;
и) 60-пунктта:
– «к» – «н» пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«к) банктын ислам каржылоосуна ылайык келишим боюнча акча каражаттарын тартуу жана жайгаштыруу боюнча операциялары;
л) Улуттук банктын лицензиясында көрсөтүлгөн банктын башка операциялары;
м) баалуу кагаздар рыногундагы кесиптик иштин тиешелүү түрү үчүн – баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган операциялар;
н) соодалашууну уюштуруу боюнча кызматтарды көрсөтүү – товардык жана валюталык биржалар үчүн;»;
– төмөнкүдөй мазмундагы «о» пунктчасы менен толукталсын:
«о) ушул берененин 101-пунктунун «а» пунктчасында көрсөтүлгөн кызматтарды көрсөтүү;»;
к) төмөнкүдөй мазмундагы 64-пункт менен толукталсын:
«64) уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иш – байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул кызматтарды көрсөтүүчү лицензиатка берилген лицензияда көрсөтүлгөн көчмө радиотелефон байланыш же спутниктик байланыш кызматтарын көрсөтүү боюнча иш.»;
60) 178-берененин 8-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«8. Мурда таризделген эсеп-фактуранын реквизиттерин оңдоо ушул Кодексте белгиленген учурларда ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте кошумча эсеп-фактураны тариздөө, ошондой эле каталарды оңдоо аркылуу ишке ашырылат.»;
61) 179-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
62) 180-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5 жана 6-бөлүктөр менен толукталсын:
«5. Бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумун колдонгон субъект, анын катары менен келген акыркы 12 ай үчүн түшкөн акчасынын суммасы:
1) 15 000 000 сомдон ашпаса, кирешелердин жана чыгашалардын эсебин кассалык методго ылайык жүргүзүүгө укуктуу;
2) 15 000 000 сомдон ашып кетсе, ушул ашып кетүүгө жол берилген календардык жылдан кийинки жылдын биринчи күнүнөн тартып эсепке алуунун кассалык методун колдонуу укугун жоготот.
6. Ушул берененин 5-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн субъект, катары менен келген акыркы 12 айда түшкөн акчасынын суммасы 15 000 000 сомдон ашпаса, ал кийинки календардык жылдын биринчи күнүнөн тартып эсепке алуунун кассалык методуна кайрадан өтүүгө укуктуу.»;
63) 183-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«183-берене. Жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон иштин түрлөрү
1. Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөчө статуска ээ болгон административдик-аймактык бирдиктин аймагынын чегинде жүзөгө ашырылуучу, жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон иштин түрлөрүнүн тизмегин бекитет.
Ушул бөлүктө каралган иштин түрлөрүнүн тизмегин кайрадан бекитүү берилген жеңилдиктердин натыйжалуулугун талдоонун негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган аймактын чегиндеги салыктар боюнча жеңилдиктер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөчө статуска ээ болгон административдик-аймактык бирдиктин салык органдарында салыктык каттоосу бар жана ошол административдик-аймактык бирдиктин аймагында ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ишти жүзөгө ашыруучу салык төлөөчүлөргө берилет.
3. Салыктар боюнча берилүүчү жеңилдиктер салык төлөөчүлөргө жайылтылат жана ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган аймактын чегинен тышкары жайгашкан алардын обочолонгон бөлүмдөрүнө жайылтылбайт.
4. Министрлер Кабинети пайда салыгы, КНС, анын ичинде импортко КНС жана товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө сатуудан алынуучу салык боюнча жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон, ушул Кодексте белгиленген салыктардын ставкаларынын чегинде улуттук инвестициялык долбоор же мамлекеттик маанидеги долбоор статусуна ээ болгон долбоорлорду ишке ашыруучу уюмдардын тизмегин, ошондой эле салык жеңилдиктерин берүү тартибин бекитет.
5. Салыктар боюнча жеңилдиктер ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган уюмдарга 5 жылдык мөөнөткө берилет.
Министрлер Кабинети берилген жеңилдиктердин натыйжалуулугун талдоонун негизинде ушул бөлүктө көрсөтүлгөн салыктар боюнча жеңилдиктерди берүү мөөнөтүн кийинки 5 жылга чейин узартууга укуктуу.»;
64) 21-глава төмөнкүдөй мазмундагы 1831-берене менен толукталсын:
«1831-берене. Жөнөкөй шериктик келишиминин катышуучулары
1. Жөнөкөй шериктик деп биргелешкен иш-аракет жөнүндө келишим, ошондой эле исламдык каржылоого ылайык түзүлгөн өнөктөштүк жөнүндө келишим түшүнүлөт.
2. Жөнөкөй шериктик келишиминин катышуучулары салык төлөөчүлөр боло алышат, эгерде:
1) бардык катышуучулар салыкты жалпы салык режиминде төлөшсө;
2) бардык катышуучулар салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумунун негизинде салык төлөшсө;
3) катышуучулардын бир бөлүгү салыкты жалпы салыктык режимде төлөшсө, экинчи бөлүгү салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумунун негизинде төлөшсө.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн башка салыктык режимде салык төлөгөн, ошондой эле ушул Кодекстин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун «а» пунктчасына, 2, 3, 5, 6, 8, 13-бөлүктөрүнө ылайык салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумунун негизинде салыктарды төлөгөн салык төлөөчү жөнөкөй шериктик келишиминин катышуучусу болууга укугу жок.
4. Жөнөкөй шериктештикти эсепке алууну жүргүзүү милдети жүктөлгөн субъект ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларда катышуучулар дайындаган катышуучулардын бири болушу мүмкүн.
5. Келишимге ылайык жөнөкөй шериктиктин эсебин жүргүзүү милдети жүктөлгөн субъект негизги иш жана жөнөкөй шериктиктин иши боюнча өз-өзүнчө эсеп жүргүзүүгө милдеттүү.
6. Катышуучулардын мүлкүн жөнөкөй шериктикке салым катары өткөрүп берүү сатуу болуп саналбайт.
7. Жөнөкөй шериктик келишиминин шарттары аткарылгандан кийин салымдар катышуучуларга акчалай же натуралай түрдө кайтарылат. Кошулган салымдын өлчөмүндөгү кайтарым катышуучунун кирешеси болуп таанылбайт.»;
65) 186-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
66) 187-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Эгерде жумуш берүүчү тарабынан иштелген календардык айы үчүн төлөнүүчү эмгек акынын өлчөмү ушул беренеге ылайык белгиленген орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн ашпаса, салыктык база катары орточо айлык эмгек акынын суммасына жараша эсептелген салыктык база колдонулат.»;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:
«8. Жеке жактар үчүн киреше салыгы боюнча салыктык база болуп жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну, такси кызматынын жана курьердик кызматтын кызмат көрсөтүүлөрүн заказ кылуу үчүн колдонулуучу салык агентинин маалымат тутумун пайдалануу менен иш жүргүзүүдөн алынган түшкөн акча эсептелет.»;
67) 189-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4) эл аралык облигациялар боюнча пайыздык кирешени кошпогондо, Кыргыз Республикасындагы киреше булагынан салык салынбай турган кирешелерден жана мурда салынган салыктардан тышкары пайыздык киреше, камсыздандыруу, анын ичинде ислам принциптери боюнча камсыздандыруу келишимдери боюнча киреше;»;
б) 6 жана 7-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6) ушул Кодекстин 225-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган мүлктү кошо алганда, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алуунун же куруунун наркын кемитүү менен, ошондой эле оңдоого жана/же жасалгалоого кеткен чыгымдарды кемитүү менен жана/же салык төлөөчү «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ыктыярдуу декларациялоо жол-жобосунан өткөндө атайын декларацияда чагылдырылган наркты кемитүү менен аны сатуудан түшкөн каражат;
7) эл аралык облигацияларды сатуудан түшкөн каражаттарды кошпогондо, баалуу кагаздарды, уюмдагы үлүштөрдү, исламдык каржылоого ылайык шарик/кемүүчү мушарак келишими боюнча өнөктөштүк үлүшүн сатуудан түшкөн акча, аларды сатып алуу наркын кемитүүдөн кийин;»;
68) 191-беренеде:
а) 2-бөлүктүн 2-пункту «кесиптик бирлик органдарынан» деген сөздөрдөн кийин «, коммерциялык эмес уюмдардан» деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-бөлүктө:
– төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
«11) товарларга жана/же кызмат көрсөтүүлөргө максаттуу микрокредиттерди берүү боюнча тутумда кредит алуудан материалдык пайда – 2030-жылдын 1-январына чейин;»;
– 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген стипендиялар жана пенсиялар, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдар тарабынан төлөнүүчү стипендиялар жана Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө окуу үчүн төлөмдөр;»;
– 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«7) гуманитардык жардамдар, мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды колдоо максатында чет өлкөдөн сатылып алынган атайын товарлар жана тетиктер;»;
– мамлекеттик тилдеги 8-пункт тɵмɵнкүдɵй редакцияда баяндалсын:
«8) наркы 50 эсептик кɵрсɵткүчтɵн ашпаган утуштар, ошондой эле кумар оюндарына, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан ɵткɵрүлүүчү жарандардын акчалай эсептешүүлɵрдү жүргүзүүдɵ контролдук-кассалык чектерди талап кылуусуна дем берүүгɵ багытталган кызыктыруучу лотереяга/акцияга катышуудан утуштар;»;
– 16-пункт «тегерек столду» деген сөздөрдөн кийин «, конференцияны» деген сөздөр менен толукталсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы 19-пункт менен толукталсын:
«19) башка салыктардын ордуна белгиленген атайын салык режими боюнча төлөнүүчү салыкты же пайда салыгын төлөгөндөн кийин анын карамагында калган жеке ишкердин пайдасы;»;
в) 6-бөлүктүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4) автомототранспорт каражаттарын кошпогондо, өз муктаждыктары үчүн сатып алынган жана пайдаланылган кыймылдуу мүлктү, ошондой эле металл сыныктарын, айнекти, айнек идиштерди, айнек камтыган буюмдарды, макулатураны, полипропиленди, полиэтиленди, пластикти жана полиэтилентерефталатты.»;
салым, депозит боюнча пайыздык киреше, ошондой эле салык төлөөчүнүн банктагы учурдагы, карттык жана башка банктык эсебиндеги акча каражаттарынын калдыктарына чегерилген пайыздык киреше г) 7-бөлүктө:
– 1–2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) салым, депозит боюнча пайыздык киреше, ошондой эле салык төлөөчүнүн банктагы эсептешүү, карталык жана башка банктык эсебиндеги акча каражаттарынын калдыгына эсептелген пайыздык киреше;
2) киреше алуу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориясы боюнча Кыргыз Республикасынын фондулук биржасынын листингинде же Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тизмеге киргизилген чет өлкөлүк биржанын листингинде болгон, баалуу кагаздардын жана/же глобалдык депозитардык тил каттардын ээси тарабынан алынган баалуу кагаздардын жана/же глобалдык депозитардык тил каттардын өсүшүнөн киреше жана пайыздык киреше;»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
«21) эгерде мындай баалуу кагаздар же баалуу кагаздардын ушул тибине карата чыгарылган глобалдык депозитардык тил каттар сатуу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориясы боюнча Кыргыз Республикасынын фондулук биржасынын листингинде же Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тизмеге киргизилген чет өлкөлүк биржанын листингинде болсо, баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн алынган киреше;»;
– 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4) чет өлкөлүк уюмга катышуудан алынган дивидендди кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жараны резидент – жеке жак тарабынан алынган, ошондой эле ушул Кодекстин 240-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 3 пайыздык ставка боюнча салык салынуучу пайданын бөлүгү түрүндө Кыргыз Республикасынын резиденти эмес – жеке жак тарабынан алынган дивиденд;»;
– 7-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
69) 195-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Билим алууга чыгарып салуунун өлчөмү билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мектептик билим берүүгө, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүгө лицензиясы бар же болбосо билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөндүгү жөнүндө кабарлаган Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмунун дарегине салык төлөөчү тарабынан төлөнгөн жана документтер менен ырасталган суммага барабар, бирок билим алууга чыгарып салууларды эсепке албастан салык төлөөчүнүн салык базасынын өлчөмүнүн 10 пайызынан ашпаган өлчөмдө, ал эми багуусунда үч же андан көп адам турган салык төлөөчүлөр үчүн – билим алууга чыгарып салууларды эсепке албастан, салык төлөөчүнүн салыктык базасынын өлчөмүнүн 25 пайызынан ашпаган өлчөмдө белгиленет.»;
б) 3-бөлүктүн биринчи абзацында «жазуу жүзүндөгү» деген сөздөр алып салынсын;
70) 196-берененин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацында «жазуу жүзүндөгү» деген сөздөр алып салынсын;
71) 197-беренеде:
а) 2-бөлүгүнүн 4-пунктунун экинчи сүйлөмү алып салынсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
«3. Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга, такси кызматына жана курьердик кызматтын кызмат көрсөтүүлөрүн заказ кылуу үчүн колдонулуучу, салык агентинин маалымат тутумун пайдалануу менен иш жүргүзгөн жеке жактар үчүн киреше салыгынын ставкасы төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:
1) 2025-жылдан 2028-жылга чейин – 1 пайыз;
2) 2028-жылдан 2030-жылга чейин – 2 пайыз;
3) 2030-жылдан тартып – 5 пайыз.»;
72) 199-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Киреше салыгын төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын берүү үчүн ушул Кодексте белгиленген датага чейин акыркы эсептөөлөрдү жүргүзөт жана киреше салыгын төлөйт.»;
73) 201-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«201-берене. Салык агенти менен эмгек мамилесинде турбаган жеке
жакка кирешелерди төлөп берүүдө салык агентинин
салыктык милдеттенмеси
1. Аны менен эмгек мамилесинде турбаган жеке жакка кирешенин төлөнүшү салык агентинин киреше булагы катары мындай төлөмдүн суммасынан киреше салыгын төлөө милдеттенмесинин пайда болушуна алып келет, буга төмөнкү кирешелер кирбейт:
1) кыймылсыз мүлктү же транспорт каражаттарын сатып алууда төлөнгөн;
2) ушул бөлүмгө ылайык салык салынбай тургандарга кирген;
3) жеке ишкерге төлөнгөн;
4) патенттин негизинде жеке эмгек ишин жүзөгө ашыруучу жеке жакка төлөнгөн.
2. Салык агентине таандык, бирок аны менен эмгек мамилесинде турбаган, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга, такси кызматына жана курьердик кызматка тапшырык берүү үчүн колдонулуучу салык агентинин маалыматтык тутумун пайдалануу менен иш жүргүзүүдөн жеке жак тарабынан алынган киреше салык агентинде киреше салыгын төлөө милдетинин пайда болушуна алып келет.»;
74) 202-беренеде:
а) 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Салык агенти тарабынан кармалуучу киреше салыгы төмөнкү айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен бюджетке төлөнүүгө тийиш:
1) киреше төлөнгөн;
2) киреше алынган.
2. Салык агенти тарабынан кармалуучу киреше салыгы салык агентинин учурдагы салыктык каттоо орду боюнча төлөнөт, ал эми обочолонгон бөлүмдөр болгон учурда – обочолонгон бөлүмүнүн эсептик каттоо орду боюнча төлөнөт.
Обочолонгон бөлүмүнүн жайгашкан орду боюнча бюджетке төлөнүүгө тийиш салыктын суммасы ушул обочолонгон бөлүмүнүн кызматкерлерине төлөнгөн жана/же жеке жак алган кирешенин жана/же түшкөн акчасынын суммасына жараша аныкталат.»;
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Эгерде жеке ишкерге төлөнгөн төлөмдөрдөн жана/же жеке ишкердин түшкөн акчасынан жана/же патенттин негизинде жеке эмгек ишин жүзөгө ашырган жеке жактын түшкөн акчасынан тышкары, салык агенти жеке жакка төлөнгөн жана/же жеке жак алган кирешеден салыкты кармабай же толук кармабай калса, анда салык агентине ушул салыктык милдеттенмелерди аткаруу боюнча милдеттер жана алардын аткарылбагандыгы үчүн ушул Кодекске ылайык жоопкерчилик жүктөлөт.»;
75) мамлекеттик тилдеги 206-берененин 2-пунктунун «а» пунктчасынын үчүнчү абзацы «берүү учурунда» деген сөздөрдөн кийин «кырдалган дөбөлөргө» деген сөздөр менен толукталсын;
76) төмөнкүдөй мазмундагы 2081-берене менен толукталсын:
«2081-берене. Чет өлкөлүк субъекттин тапшырмасы боюнча салык төлөөчүнүн эсебинен алынган жана которулуучу акча каражаттарынын суммасынан пайда салыгын эсептөөнүн жана төлөөнүн өзгөчөлүктөрү
Чет өлкөлүк субъекттин тапшырмасы боюнча салык төлөөчүнүн эсебинен алынган жана которулган акча каражаттарынын суммасынан Кыргыз Республикасындагы булактан келип чыгуучу чет өлкөлүк субъекттин кирешесине салык боюнча милдеттенмени салык агенти болуп саналган мындай салык төлөөчү аткарат.»;
77) 210-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
78) 213-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«11) уюмдун катышуучусу тарабынан кошумча алынган, жалпы чогулуштун чечими боюнча уюмдун катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүлгөн акциялардын (үлүштөрдүн) наркы, же болбосо ушул уюмдун уставдык капиталынын көбөйүшүнө байланыштуу, анын ичинде уюмдун мүлкүнүн эсебинен акцияларды (үлүштөрдү) уюмдун катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүүдө алгачкы акциялардын ордуна алынган жаңы акциялардын номиналдык наркынын жана акционердин алгачкы акцияларынын номиналдык наркынын ортосундагы айырма – 2030-жылдын 1-январына чейин;»;
б) 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«13) сатылуучу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориясы боюнча Кыргыз Республикасынын фондулук биржасынын листингинде же Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тизмеге киргизилген чет өлкөлүк биржанын листингинде болгон баалуу кагаздардын жана/же глобалдык депозитардык тил каттардын өсүшүнөн киреше жана пайыздык киреше, ошондой эле эл аралык облигациялардан киреше жана пайыздык киреше;»;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 15 жана 16-пункттары менен толукталсын:
«15) эгерде мындай баалуу кагаздар же баалуу кагаздардын ушул тибине карата чыгарылган глобалдык депозитардык тил каттар сатуу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориясы боюнча Кыргыз Республикасынын фондулук биржасынын листингинде же Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тизмеге киргизилген чет өлкөлүк биржанын листингинде болсо, баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн алынган киреше;
16) топтолмо пенсиялык фонддун катышуучусу болгон жарандардын пенсиялык топтоолорун (активдерин) Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик уюмдарынын депозиттерине инвестициялоодон алынган киреше – 2030-жылдын 1-январына чейин.»;
79) 214-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
«3) бүтүмдүн шарттарын толук же жарым-жартылай аткарбаганда.»;
80) 216-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«216-берене. Узак мөөнөттүү контракттар же келишимдер боюнча кирешелер жана чыгарып салуулар
1. Бул берененин максаттары үчүн узак мөөнөттүү контракт деп контракт же келишим боюнча каралган иш же кызмат көрсөтүү башталган салыктык мезгилдин ичинде бүтпөй калган өндүрүшкө, орнотууга же курууга же коштоочу кызматтарды көрсөтүүгө контракт, ошондой эле камсыздандыруу келишими түшүнүлөт, буга баалоолор боюнча контрактта же келишимде каралган иш башталган датадан тартып 12 айдын ичинде бүткөрүлүүгө тийиш болгон контракт же келишим кирбейт.
2. Салык төлөөчү тарабынан кирешелерди жана чыгымдарды аныктоо үчүн эсептөө методун колдонууда узак мөөнөттүү контракттарга же келишимдерге тийиштүү кирешелер жана чыгарып салуулар контракттын же келишимдин пайыздык аткарылышынын негизинде салыктык жылдын ичинде эсепке алынат.
Контрактты же келишимди аткаруу бөлүгүнүн чоңдугу салыктык жылдын аягына чейин тарткан чыгымдар менен бул контракт же келишим боюнча жыйынды чыгымдарын салыштырып текшерүү аркылуу аныкталат.
3. Салык төлөөчү тарабынан кирешелер менен чыгымдарын аныктоо үчүн эсепке алуунун жөнөкөйлөтүлгөн методу пайдаланылган учурда узак мөөнөттүү контракттарга же келишимдерге тийиштүү кирешелер жана чыгарып салуулар салыктык жылдын ичинде иш жүзүндө аткарылган жана төлөнгөн иштер, кызмат көрсөтүүлөр боюнча аныкталат.»;
81) 217-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Эгерде бул Кодексте башкача каралбаса, чет өлкөлүк валютаны кайра баалоодон жана валюталык операциялардан түшкөн кирешеден чыгашанын суммасынын ашып кетишин, ошондой эле өнбөй турган карыздын суммасын кошкондо, салык төлөөчү ушул Кодекске ылайык киреше алуу менен байланышкан документтик түрдө гана ырасталган чыгымдарды жылдык жыйынды кирешеден чыгарып салуу (мындан ары бул бөлүмдө – чыгарып салуу) укугуна ээ.»;
82) 225-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Милдеттүү мамлекеттик каттоого жаткан, ишкердик иш жүргүзүү үчүн арналбаган жана жеке ишкер болуп саналган жеке жактын менчик укугуна таандык болгон мүлк амортизацияланууга жатпайт.
Катерлерди, кемелерди жана теплоходдорду кошпогондо, кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тутумунун органынын маалыматтарына ылайык турак жай фондуна киргизилген кыймылсыз мүлк объекттери, жеңил автомобилдер, ошондой эле ушул Кодекстин 405-беренесинин 2-бөлүгүнүн алтынчы, жетинчи таблицаларында көрсөтүлгөн транспорт каражаттары, алар ишкердик иште колдонуларына же колдонулбасына карабастан ишкердик ишти жүргүзүү үчүн арналган мүлк объекттери деп таанылбайт.»;
83) төмөнкүдөй мазмундагы 2301-берене менен толукталсын:
«2301-берене. Топтомо пенсиялык фонддордун кошумча пенсиялык
программалары боюнча пенсиялык төгүмдөрдүн суммасын
чыгарып салуу
Корпоративдик жана/же кесиптик кошумча топтомо пенсиялык программаларга катышкан салык төлөөчүнүн жылдык жыйынды кирешеси мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу боюнча ыктыярдуу пенсиялык программалар боюнча кызматкерлердин пайдасына жүргүзүлгөн пенсиялык төгүмдөрдүн суммасына азайтылат – 2030-жылдын 1-январына чейин.»;
84) 234-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Кайрымдуулук уюмдарына, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан маданият жана спорт уюмдарына кайтарымсыз берилген мүлктүн наркы, анын ичинде акча каражаттары бул мүлк аны өткөрүп берген салык төлөөчүнүн пайдасына пайдаланылбаган шартта 2030-жылдын 1-январына чейин чыгарып салынууга тийиш.»;
б) 2-бөлүктөгү «Ушул беренеде» деген сөздөр «Ушул берененин 1-бөлүгүндө» деген сөздөргө алмаштырылсын;
85) 235-берененин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Эгерде ушул бөлүмдө башкасы каралбаса, 2030-жылдын 1-январына чейин Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген салыктарды жана башка төлөмдөрдү эсептен чыгарууга байланыштуу төмөнкү чыгымдардын суммасы эсептен чыгарылууга тийиш:»;
86) 238-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«238-берене. Жөнөкөй шериктик келишиминин катышуучуларынын салыктык базасын аныктоонун өзгөчөлүктөрү
Эгерде жөнөкөй шериктештик келишиминин бардык катышуучулары салыкты жалпы салыктык режимде төлөшсө, салыктык база төмөнкүдөй тартипте аныкталат:
1) эсепке алуу милдети жүктөлгөн жөнөкөй шериктештиктин катышуучусу пайда салыгын кошпогондо, ушул Кодекстин талаптарына ылайык салык милдеттенмелерин эсептөөнү жана төлөөнү жүргүзүүгө милдеттүү;
2) салык салууга чейинки пайда жана чыгашалар келишимге ылайык катышуучулардын ортосунда бөлүштүрүлөт жана алардын ар биринде өзүнчө эсепке алынат.»;
87) 239-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5) кредиттик бирликтер – 2027-жылдын 1-январына чейин;»;
б) 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«8) жеке менчик формасында түзүлгөн жалпы билим берүү уюмдары – 2030-жылдын 1-январына чейин;»;
в) 10 жана 11-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«10) энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолордун мүлк объекттерин пайдаланууга киргизген учурдан тартып 5 жыл ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде алынган электр жана жылуулук энергиясын, газды жана газ абалында кайра жаралуучу отундун, суюк биологиялык отундун жаңы өндүрүүчүлөрү – 2030-жылдын 1-январына чейин;
11) айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбору – 2030-жылдын 1-январына чейин;»;
88) 240-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Тоо-кен кайра иштетүүчү, тоо-кен казып алуучу ишканаларды, ошондой эле акциздик товарларды өндүрүүнү жүзөгө ашыруучу субъекттерди кошпогондо, ушул Кодекстин 183-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон иштин түрлөрүнө кирген ишканалар үчүн пайда салыгынын ставкасы 0 пайыз өлчөмүндө белгиленет.»;
89) 242-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«242-берене. Пайда салыгын аныктоонун тартиби, төлөөнүн мөөнөтү жана орду
1. Пайда салыгын төлөөчү акыркы эсептешүүнү жүргүзөт жана ушул Кодексте белгиленген бирдиктүү салык декларациясын берүү мөөнөтүнө чейин салыкты төлөйт.
2. Салыктын акыркы суммасы салыктын эсептелген суммасынын жана төмөнкүдөй сумманын ортосундагы айырма катары аныкталат:
1) отчеттук салык мезгилиндеги пайда салыгына алдын ала кошуп эсептелген суммасынын;
2) ушул Кодекстин 246-беренесинин талаптарына ылайык салык төлөөчү тарабынан чет мамлекетте төлөнгөн салыктын суммасынын.
3. Пайда салыгы салык тɵлɵɵчүнүн учурдагы салыктык каттоого алынган жери боюнча төлөнөт.»;
90) 243-беренеде:
а) 3-бөлүктүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 31-бөлүк менен толукталсын:
«31. Пайда салыгынын алдын ала суммасын эсептөөдө төмөнкү кирешелер эсепке алынбайт:
1) ушул Кодекске ылайык пайда салыгы салынбаган;
2) чет мамлекеттин аймагында катталган жана иш жүргүзгөн ата мекендик уюмдун филиалынын кирешеси.
Мындай филиалдын ишинин финансылык натыйжалары жыл жыйынтыгы боюнча уюмдун ишинин натыйжаларына киргизилет.»;
91) төмөнкүдөй мазмундагы 2441-берене менен толукталсын:
«2441-берене. Топтолмо пенсиялык фонддор тарабынан түзүлүүчү резервдик фондго чегерүүлөр боюнча эсептен чыгаруулар
Салыктык базаны эсептөөдө пенсиялык камсыздоо менен алектенген ата мекендик уюм топтолмо пенсиялык фонддордун камсыздандырылган аманатчыларынын алдында милдеттенмелерди аткаруунун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн түзүлүүчү резервдик фондго жиберилген пенсиялык резервдердин суммасын Министрлер Кабинети бекиткен ченемдерге ылайык 2030-жылдын 1-январына чейин чыгарып салууга укуктуу.»;
92) 245-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Кирешелерге салыктын ставкасы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
1) алтын камтылган кенге жана алтын камтылган концентратка:
2) алтын эритмесине жана аффинаждалган алтынга:
3) күмүш камтылган кенге жана концентратка:
4) күмүштүн даяр продукциясына:
5) жез камтылган кенге жана концентратка:
6) жездин даяр продукциясына:
7) сурьма камтылган кенге жана концентратка:
8) сурьманын даяр продукциясына:
9) сымап камтылган кенге жана концентратка, ошондой эле даяр продукцияга:
10) калай камтылган кенге жана концентратка, ошондой эле даяр продукцияга:
11) вольфрам камтылган кенге жана концентратка, ошондой эле даяр продукцияга:
|
»;
93) 249-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«249-берене. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен
байланышпаган чет өлкөлүк уюмдун Кыргыз
Республикасындагы булактардан алган кирешелерине
салыктын ставкалары жана салыктык база
1. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышпаган чет өлкөлүк уюмдун Кыргыз Республикасындагы булактан алынган кирешесине салык боюнча салыктык база ушул салыкты эске алуу менен чыгарып салуулар жүргүзүлбөгөн киреше болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышпаган чет өлкөлүк уюмдун Кыргыз Республикасындагы булактардан алган кирешесине салык агентинде төмөнкүдөй ставкалар боюнча салык салынууга тийиш:
1) листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориясы боюнча Кыргыз Республикасынын фондулук биржасынын листингинде же Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тизмеге киргизилген чет өлкөлүк биржанын листингинде болгон баалуу кагаздардан алынган дивиденддер жана эл аралык облигациялар боюнча пайыздык кирешелерден тышкары дивиденддер жана пайыздык кирешелер, ислам каржылоосуна ылайык түзүлгөн келишимдер боюнча төлөнүүчү кирешелер – 10 пайыз;
2) төмөнкүлөр боюнча төлөнгөн камсыздандыруу сый акылары:
а) милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча төлөмдөрдү кошпогондо, камсыздандыруу же тобокелдиктерди кайра камсыздандыруу келишимдери боюнча – 5 пайыз;
б) милдеттүү камсыздандыруу же тобокелдиктерди милдеттүү камсыздандыруу боюнча кайра камсыздандыруу келишимдери боюнча – 10 пайыз;
3) автордук гонорарлар, роялти – 10 пайыз;
4) Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк уюм тарабынан аткарылган жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр – 10 пайыз;
5) Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттердин ортосундагы эл аралык байланышта жана ташууларда телекоммуникациялык же транспорттук кызмат көрсөтүүлөр – 5 пайыз.
Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттердин ортосундагы ташуулар деп Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары же аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда гана ташуу жүзөгө ашырылган учурларды кошпогондо, деңиз, суу же аба кемеси, автотранспорт каражаты же темир жол транспорту аркылуу ар кандай ташуулар түшүнүлөт.
3. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышпаган, ушул Кодекстин 240-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 3 пайыз ставка боюнча пайда салыгы салынуучу, пайданын бөлүгү түрүндө алынган чет өлкөлүк уюмдун дивиденддерине төлөм булагында 0 пайыз ставка боюнча салык салынууга тийиш.»;
94) 34-глава төмөнкүдөй мазмундагы 2491 жана 2492-беренелер менен толукталсын:
«2491-берене. Иши туруктуу мекеменин түзүлүшүнө алып келбеген
Кыргыз Республикасындагы булактан чет өлкөлүк уюмдун
кирешесине салык базасы жана салыктын ставкасы
1. Кыргыз Республикасындагы булактан чет өлкөлүк уюмдун кирешесине салык боюнча салык базасы чыгарып салууларды жүзөгө ашырбастан, анын дарегине же үчүнчү жактын дарегине алынган жана которулган акча каражаттарынын суммасы болуп саналат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасындагы булактан алынган чет өлкөлүк уюмдун кирешесине мындай туруктуу мекемеден же өкүлчүлүктөн 1 пайыз өлчөмүндөгү ставка боюнча салык салынууга тийиш.
2492-берене. Чет өлкөлүк субъекттин тапшырмасы боюнча салык төлөөчүнүн эсебинен алынган жана которулган акча каражаттарынын суммасынан келип чыгуучу мындай субъекттин кирешесине салыктын ставкасы жана салыктык база
1. Мындай субъекттин тапшырмасы боюнча салык төлөөчүнүн эсебинен алынган жана которулган акча каражаттарынын суммасынан келип чыккан чет өлкөлүк субъекттин кирешесине салык боюнча салыктык база чыгарып салууларды жүргүзбөстөн анын дарегине же үчүнчү жактын дарегине алынган жана которулган акча каражаттарынын суммасы болуп саналат.
2. Мындай субъекттин тапшырмасы боюнча салык төлөөчүнүн эсебинен алынган жана которулган акча каражаттарынын суммасынан келип чыккан чет өлкөлүк субъекттин кирешесине мындай салык төлөөчүдөн 1 пайыз өлчөмүндөгү ставка боюнча салык салынууга тийиш.»;
95) 258-берененин 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«7. Уюм жоюлганда же жеке ишкердин иши токтотулганда, жоюу же реструктуризациялоо жолу менен банкрот болгондо, жалпы салык режимине ылайык салыктарды төлөө мезгилинин ичинде сатып алынган товардык-материалдык запастардын, негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин калдыктары алардын эсептик наркы боюнча сатылды деп таанылат.
Салык төлөөчү жалпы салык режиминен атайын салык режимине өткөндө алардын эсептик наркы боюнча тɵмɵнкүлɵр сатылды деп таанылат:
1) жалпы салык режимин колдонуу мезгилинде сатып алынган алар боюнча мурда чегерүүгө КНС кабыл алынган товардык-материалдык запастардын калдыктары;
2) жалпы салык режимин колдонуу мезгилинде сатып алынган, алар боюнча мурда чегерүүгө КНС кабыл алынган негизги каражаттар жана материалдык эмес активдер.»;
96) 261-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Эгерде ушул берененин 3-бөлүгүндө башкача каралбаса, салык салынуучу берүүлөрдүн датасына чейин эсеп-фактура жазып берилген же акы төлөө алынган учурларда, анда салык милдеттенмесинин келип чыгуу датасы болуп кайсынысы мурдараак болгондугуна жараша эсеп-фактура жазып берилген же акы алынган дата саналат.»;
97) 266-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Салык төлөөчү тарабынан айыл чарба канаттуулары жана балыктары үчүн өндүрүлгөн тоюттарды айыл чарба канаттууларын жана балыктарды өстүрүү боюнча иш жүргүзгөн айыл чарба өндүрүүчүсүнүн дарегине берүү КНСтен бошотулган берүү болуп саналат.»;
98) 276-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«276-берене. Мамлекеттик тилдеги окуу куралдарын жана мектепке таандык
буюмдарды, илимий басылмаларды, адабий-көркөм китептерди берүү
Мамлекеттик тилдеги окуу китептерин, хрестоматияларды, илимий, адабий-көркөм китептерди, балдар үчүн басылмаларды, журналдарды берүү КНСтен бошотулган берүү болуп саналат.»;
99) 287-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-пункттар менен толукталсын:
«4) юридикалык жактардын бирикмелеринин, иш берүүчүлөрдүн бирикмелеринин, коомдук бирикмелердин өз мүчөлөрүнүн жана/же катышуучуларынын дарегине консультациялык-укуктук кызмат көрсөтүүлөрү болсо;
5) көп батирлүү үйдүн жашоочуларынын жалпы үлүштүк менчиги болуп саналган мүлктү турак жай менчик ээлеринин шериктиктери тарабынан ижарага берүү боюнча болсо.»;
100) 289-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«289-берене. Минералдык жер семирткичтерди жана өсүмдүктөрдү химиялык коргоо каражаттарын берүү
Тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган минералдык жер семирткичтерди, өсүмдүктөрдү химиялык коргоо каражаттарын берүүлөр 2030-жылдын 1-январына чейин КНСтен бошотулган берүүлөр болуп саналат.»;
101) 295-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 1-пункттун «в» пунктчасынын экинчи сүйлөмү алып салынсын;
б) 3-пункттун «а» пунктчасы «маданият» деген сөздөн кийин «, дин» деген сөз менен толукталсын;
102) 297-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) коммерциялык эмес уюмдар, республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси же жеке пайдалануу үчүн жеке жактар тарабынан импорттолуучу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн адистештирилген товарлар;»;
б) 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«8) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте гуманитардык жардам жана/же грант катары – 2030-жылдын 1-январына чейин;»;
в) 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«20) энергиянын кайра жаралуучу булактарын жана гидроэлектростанцияларды пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн арналган адистештирилген товарлар жана жабдуулар;»;
г) төмөнкүдөй мазмундагы 27 жана 28-пункттар менен толукталсын:
«27) зер буюмдарын өндүрүү үчүн арналган, мындай буюмдарды өндүрүүчү тарабынан өзүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн импорттолуучу металл камтыган рудалар, концентраттар, эритиндилер жана аффинаждалган металлдар;
28) ASTM D8364 стандарты боюнча сертификатталган, ирригациялык каналдарды куруу же калыбына келтирүү үчүн арналган, ЕАЭБ ТН ТЭИ 5603 14 900 0 коду менен классификацияланган геосинтетикалык цементтик композиттик маттар, – 2027-жылдын 1-январына чейин.»;
103) 298-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу айыл чарба асыл тукум малдар жана үрөндүк материалдар, минералдык жер семирткичтер жана өсүмдүктөрдү химиялык коргоо каражаттары 2030-жылдын 1-январына чейин КНС төлөөдөн бошотулат.»;
104) 301-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) ТЭИ ТН 7308, 7326, 8401-8406, 840710, 8410-8414, 8416-8447, 8449-8465, 8471, 8474, 8475, 8477-8480, 8502, 8504, 8505, 8514, 8515, 8525, 8526, 8529, 8530, 8601-8606, 8608, 8609, 8701, 8702 (микроавтобустарды кошпогондо), 8704, 8705, 8709, 8716, 8802, 9018, 9022, 9027, 9406 90 310 0;»;
105) 309-берененин 7-бөлүгүндө «бөлүктө» деген сөз «беренеде» деген сөзгө алмаштырылсын;
106) 315-беренеде:
а) 1-бөлүктө «жана салык салынбоочу» деген сөздөр алып салынсын;
б) 3-бөлүктүн 1-пунктунун «в» пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«в) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган учурларда контролдук-кассалык жана товардык чектер алынса;»;
107) 322-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Эгерде ушул бөлүмдө башкасы каралбаса, ушул беренеге ылайык иштин төмөнкүдөй түрлөрүнө КНС салынууга тийиш:
1) ата мекендик өндүрүштүн чийки затынан айыл чарба продукциясын өнөр жайлык кайра иштетүү;
2) ата мекендик өндүрүштөгү баалуу металлдардан жана сыныктардан жасалган зер буюмдарын өндүрүү – 2027-жылдын 1-январына чейин;
3) салык төлөөчүдөн сатып алынган ата мекендик айыл чарба продукциясын сатуу боюнча соода тармагына кирген, айыл чарба өндүрүүчүсү же айыл чарба кооперативи же айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбору катары салыктык каттоодон өткөн КНС төлөөчүнүн соода иши – 2030-жылдын 1-январына чейин. Ата мекендик айыл чарба продукциясынын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн иштин түрлөрүнүн тизмеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.»;
б) 2-бөлүктүн 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
108) 324-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
«5. Ушул берененин 1 жана 4-бөлүктөрүндө белгиленген режимди колдонгон салык төлөөчү ушул бөлүмгө ылайык жеңилдиктерди жана бошотууларды эске алуу менен бюджетке импортко КНС төлөө менен Кыргыз Республикасынын аймагында негизги каражаттарды, товарларды жана материалдык эмес активдерди түздөн-түз өзү пайдалануу үчүн сатып алууга жана/же импорттоону жүзөгө ашырууга укуктуу.
Ушул бөлүккө ылайык алып келинген активдер импорттун датасынан тартып 60 айлык мезгил өткөнгө чейин ээликтен ажыратылган учурда, салык төлөөчү мындай актив ээликтен ажыратылган айдан кийинки айдын 1-күнүнөн тартып жалпы салыктык режим боюнча салыктарды эсептөөгө жана төлөөгө өтүүгө милдеттүү.»;
109) 329-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. КНСтин ашкан суммасынын ордун толтуруу жана кайтаруу республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн, анын ичинде санариптик казыналык милдеттенмелердин эсебинен жүзөгө ашырылат.»;
110) 333-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Ушул берененин максатында өндүрүү өзүнө мунайды жана мунай продуктуларын аралаштырууну жана кошумчаларды кошууну (компаундаштырууну) камтыйт.»;
111) 334-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 9-пункт «2710» деген цифралардан кийин «, 3403» деген цифралар менен толукталсын;
б) 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«10) ТЭИ ТН 2711 11 0000-2711 19 0000, 2901 10 0001 товардык позицияларында классификациялануучу автомобиль күйүүчү майы катары пайдаланылуучу суюлтулган көмүрсуутек газы (СКГ).»;
112) 336-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
– 12-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
4) | Түтүктүү, чегүүчү, кальяндык тамеки (тамеки продукциясын өндүрүү үчүн чийки зат катарында пайдаланылуучу тамекини кошпогондо): 2025-жылдын 1-январынан тартып 2025-жылдын 31-декабрын камтуу менен 2026-жылдын 1-январынан тартып 2026-жылдын 31-декабрын камтуу менен | 2403 | килограмм |
4000 сом
4250 сом |
2027-жылдын 1-январынан тартып |
|
| 4500 сом |
»;
– 13-пунктта:
4-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
4) | мотор бензиндери, атайын, жеңил жана орто дистилляттар, башка бензиндер, дистилляттар жана компоненттер | 2710 12 110- 2710 12 900; 2710 19 110 0- 2710 19 150 0; 2710 19 250 0- 2710 19 290 0; 2902 70 000 0-2902 60 000 0; 2909 19 900 0; 2921 42 000 1 | тонна | 10000 сом |
»;
9-пунктчада «тонна» деген сөз «1000 литр» деген сөздөргө алмаштырылсын;
11-пунктчада «тонна» деген сөз «1000 литр» деген сөздөргө алмаштырылсын;
12-пунктча «2711 19 0000» деген цифралардан кийин «; 2901 10 0001» деген цифралар менен толукталсын;
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Этил спиртин атайын керектөөчүлөр болуп этил спиртин медициналык, ветеринардык максаттарда жана этил спиртин, алкоголдуу жана спиртти камтыган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарбынан бекитилген ченемдердин чегинде дезинфекциялоочу каражаттарды жана парфюмердик-косметикалык продукцияларды өндүрүү үчүн пайдалануучу жактар саналат.»;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
«5. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 12-пунктунун 4-пунктчасында акциз ставкасы керектөө таңгагында (идишинде) тамеки чийки затынын массасы көрсөтүлгөн шартта тамеки продукциясындагы тамеки чийки затынын массасына карата колдонулат. Эгерде кальян үчүн тамеки боюнча тамекинин чийки затынын массасы нетто салмагынын 20 пайызынан аз болсо, анда салык нетто салмагынын 20 пайызынан эсептелет. Керектөө таңгагында (идишинде) тамекинин чийки затынын салмагы жөнүндө маалымат жок болгон учурда акциздин ставкасы нетто салмагына карата колдонулат.»;
113) 344-беренеде:
а) 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Эгерде аталган товарлар Кыргыз Республикасынын аймагында сатылуучу акциздик товарларды өндүрүү үчүн негизги чийки зат катары пайдаланылган болсо, акциз салыгын төлөөчү акциздин суммасын акциздик товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алууда же Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо төлөнгөн акциздин суммасына азайтууга укуктуу.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык эсептен чыгаруу салык мезгилинин ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында сатылуучу акциздик товарды өндүрүүгө акциздик чийки заттын иш жүзүндө пайдаланылган акциздик чийки заттын саны боюнча акциздин салык төлөөчүнүн салык саясатында каралган акциздик чийки заттан акциздик товарды чыгаруу ченемдеринин негизинде аныкталган суммасына жүргүзүлөт.»;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
«4. Эгерде аталган товарлар экспорттолуучу акциздик товарды өндүрүү үчүн чийки зат катары пайдаланылган болсо, акциздик товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алууда же Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо төлөнгөн акциздик чийки зат үчүн акциздин суммасы чыгарып салынууга тийиш эмес.»;
114) 345-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
«3) эгерде ушул бөлүмдө башкасы каралбаса, акциз бюджеттин кирешесине төлөнгөндүгүн ырастоочу отун маркерин акциздик товардын курамына кошуу.»;
115) 349-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Бонус төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:
1) ушул Кодекстин 351-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн салык салуу объекти боюнча фонддук биржаларда листингден өткөн салык төлөөчү;
2) жер астындагы сууларды айыл чарба муктаждыктары үчүн пайдаланууда аларды алуу (жер алдынан чыгаруу) боюнча айыл чарба өндүрүүчүсү.»;
116) 352-берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
«11) кум-шагыл аралашмасын жана суглинокторду казып алууда – арыз берүүчү тарабынан бекитилген жумуштардын программасында көрсөтүлгөн казып алуунун көлөмү, анын негизинде жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда мамлекеттик каттоо жолу менен казып алууга укук берилет;»;
117) 356-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
«5) жер казынасын пайдалануу укугуна ээ болгон мезгилде казылып алынган пайдалуу кендердин калдыктарын сатууну.»;
118) 358-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) КНСти, сатуудан алынуучу салыкты эсепке албастан жана пайдалуу кендерди жеткирүүгө/ташууга чыгымдарды кошпостон түшкөн акча же алтынды, күмүштү жана платинаны кошпогондо, пайдалуу кендердин аларды кайра иштетүүгө чейинки өздүк наркы;»;
119) 364-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
– 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5) иши ушул Кодекстин 183-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген жеңилдетилген салык салууга тийиш болгон иштин түрлөрүнө кирген өнөр жай ишканалары (тоо-кен кайра иштетүүчү, тоо-кен казып алуучу ишканаларды, ошондой эле акциздик товарларды чыгаруучу ишканаларды кошпогондо);»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 11 жана 12-пункттар менен толукталсын:
«11) юридикалык жактардын бирикмеси, иш берүүчүлөр бирикмеси, коомдук бирикме тарабынан өз мүчөлөрүнүн жана/же катышуучуларынын дарегине;
12) пенсиялык камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөө менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү жана почта байланышы тармагында лицензиянын негизинде иш жүргүзгөн, мамлекеттин акциялары 50 %дан ашыгын түзгөн акционерлердин саны бар дайындалган почта операторлорунун салттуу почта кызмат көрсөтүүлөрү.»;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
«3) турак жай менчик ээлеринин шериктиктери тарабынан көп батирлүү үйдүн жашоочуларынын жалпы үлүштүк менчиги болуп саналган мүлктү ижарага берүү боюнча.»;
120) 366-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Эгерде бул беренеде башкасы каралбаса, салыктык база болуп КНС жана сатуудан алынуучу салыкты эсепке албаганда ишкердик иштен товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акча саналат.»;
121) 368-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
– 1-пункттун «а» пунктчасында «өндүрүш чөйрөсү» деген сөздөр «товарларды өндүрүү чөйрөсү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 2-пункттун «а» пунктчасында «өндүрүш чөйрөсү» деген сөздөр «товарларды өндүрүү чөйрөсү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Эгерде ушул бөлүктө башкасы белгиленбесе, сатуудан алынуучу салыктын ставкасы банк үчүн – 2 пайыз, уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иш үчүн жана виртуалдык активди сатууда – 5 пайыз, жаңыдан курулган турак жана турак эмес жайларды сатуу боюнча ишкердик субъекттеринин иши үчүн – 2 пайыз, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары үчүн – 2 пайыз, топтолмо пенсиялык фонддор үчүн – 1 пайыз өлчөмүндө белгиленет.»;
г) 4-бөлүктө:
– 1-пунктта «же өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салыктын» деген сөздөр алып салынсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
«3) өзгөчө режимдеги соода зоналарында ишке салыктын негизинде иш жүргүзгөн субъекттин – төлөө учурунда төмөнкүлөр белгиленет:
а) накталай эмес формада – 1 пайыз өлчөмүндө;
б) накталай формада – 3 пайыз өлчөмүндө.»;
д) 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
122) төмөнкүдөй мазмундагы 3701-берене менен толукталсын:
«3701-берене. Жөнөкөй шериктик келишимине ылайык товарларды,
жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда сатуудан
алынуучу салыкты төлөөнүн өзгөчөлүктөрү
Жөнөкөй шериктиктин ишинин алкагында жүзөгө ашырылуучу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу мындай шериктик келишимине ылайык эсепке алууну жүргүзүү боюнча милдет жүктөлгөн салык төлөөчүнүн сатуусу деп таанылат.»;
123) 371-берененин 4-бөлүгүндө «же орто» деген сөздөр алып салынсын;
124) 373-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун «в» пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«в) ипотекалык кредиттөө келишими боюнча сатып алынган;»;
125) 374-беренеде:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
«11. Мүлк объекттерин финансылык ижарага берүүдө лизинг берүүчү мүлк салыгын төлөөчү болуп саналат.»;
б) 2-бөлүктө:
– «1-бөлүгүндө» деген сөздөр «1 жана 11-бөлүктөрүндө» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
«11) келишимде лизинг берүүчү тарабынан бюджетке төлөнүүчү салыктын суммасын бөлүп берүү менен мүлк объектин финансылык ижарага алуу келишиминин алкагында лизинг алуучудан лизинг берүүчү тарабынан;»;
126) 376-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун «в» пунктчасында «белгиленген тартипте аныкталуучу» деген сөздөр «белгиленүүчү» деген сөзгө алмаштырылсын;
127) 379-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) турак жай имараттары жана жайлары үчүн ыйгарым укуктуу салык органынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилүүчү ставкаларга ылайык;»;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
«3. Турак жай имараттары жана жайлары үчүн салыктын ставкаларын бекитүү үч жылда бир жолу учурдагы салык мезгилинин 1-октябрынан кечиктирилбеген мөөнөттө жүзөгө ашырылат жана кийинки салык мезгилинин биринчи айынын 1инен тартып колдонулат. Ставкалардын өлчөмү 1 квадрат метр үчүн 100 сомдон ашпоого тийиш.»;
128) 380-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«380-берене. Мүлк салыгын эсептөө үчүн формула
1. Эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, мүлк салыгынын суммасын эсептөө төмөнкүдөй формула боюнча жүргүзүлөт:
С = СБ х СН х СС,
мында:
С – мүлк салыгынын суммасы;
СБ – салык базасы;
СН – мүлк объектинин бирдигинин салыктык наркы;
СС – салыктын ставкасы.
2. Турак жай имаратына мүлк салыгынын суммасын эсептөө төмөнкүдөй формула боюнча жүргүзүлөт:
С = СБ x CС,
мында:
С – мүлк салыгынын суммасы;
СБ – салык базасы;
CС – салыктын ставкасы.»;
129) 381-беренеде:
а) 2-бөлүктүн 1 жана 2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылбаган, үйдүн жанындагы, короонун жанындагы же багбанчылык-чарбак жер участоктору, айыл чарба жерлерине таандык болгон жер участогу, турак жай имараты жана жайы, ошондой эле базардын/кичи базардын аймагында жайгашкан жана кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органда каттоодон өтпөгөн турак жай эмес курулма жайгашкан жер;
2) транспорт каражатынын менчик ээси болуп саналган жеке жактын паспортунун маалыматтарына ылайык Кыргыз Республикасында катталган жери.»;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 21 жана 22-бөлүктөр менен толукталсын:
«21. Салык органдары тарабынан базардын/кичи базардын аймагында жайгашкан турак жай эмес курулмага мүлк салыгын эсептөө учурдагы жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө базардын/кичи базардын ээси (дирекциясы) тарабынан берилүүчү маалыматтардын негизинде жүзөгө ашырылат.
Маалыматтарды берүүнүн формасы жана тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат.
22. Салык төлөөчүдө бирден ашык мүлк объектиси болгон учурда жеке жактардын турак жай имаратына, жайына жана транспорт каражатына мүлк салыгын эсептөөдө салык органы төмөнкүлөргө карата жеңилдикти колдонууга укуктуу:
1) ушул Кодекстин 409-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык салыктын эсептелген суммасынын эң чоң өлчөмүндөгү турак жай имаратына же жайга карата;
2) ушул Кодекстин 409-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык салыктын эсептелген суммасынын эң чоң өлчөмүндөгү турак жай мүлкүнүн салык салынуучу бир объектине карата;
3) төмөнкү учурларда жеңилдиктер берилүүгө тийиш болгон ар кандай мүлк объекттерине карата, эгерде:
– ушул бөлүктүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн турак жай мүлкүнүн эки жана андан ашык объекттерине салыктын эсептелген суммасы бирдей эң кɵп мааниге ээ болсо;
– ушул Кодекстин 409-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн жактардын менчигинде турган эки же андан ашык транспорт каражаттарынын ичинен күйүүчү кыймылдаткычынын көлөмүнүн же баланстык наркынын мааниси бирдей эң кɵп мааниге ээ болсо.»;
в) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Салык органынын ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн салыктын суммасын эсептөө жөнүндө билдирүүсү айыл чарба жерлерине тиешелүү жер участогуна мүлк салыгын кошпогондо, ушул Кодексте белгиленген салыкты төлөө мөөнөтүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирилбестен салык төлөөчүгө тапшырылат, ал салык төлөөчүгө учурдагы салык мезгилинин 1-апрелинен кечиктирилбестен тапшырылат жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) салык органынын реквизиттерин;
2) салык төлөөчүнүн реквизиттерин;
3) салыкты эсептөө үчүн негизди;
4) салык базасынын өлчөмүн жана эсептелген салыктын суммасын;
5) салыкты төлөөнүн белгиленген мөөнөтүн.»;
130) 382-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«382-берене. Салыкты төлөө орду
Мүлк салыгы төмөнкүдөй орду боюнча төлөнөт:
1) имараттын, жайдын, курулманын жана жер участогунун жайгашкан жери боюнча;
2) транспорт каражаттарынын ээлери болуп саналган уюмдун же паспортунун маалыматтарына ылайык жеке жактын Кыргыз Республикасындагы салыктык каттоо жери боюнча.
Бишкек шаарынын чегинде мүлк объектин каттоодо мүлк салыгы салык төлөөчүнүн учурдагы салыктык катталган жери боюнча төлөнүшү мүмкүн.»;
131) 384-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Эгерде ушул беренеде башкасы белгиленбесе, салык төлөөчү базарлардын/кичи базарлардын аймагында жайгашкан турак жай эмес курулмаларды кошпогондо, учурдагы салык мезгили үчүн калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге, турак жай эмес имараттарга, жайларга жана курулмаларга, ошондой эле юридикалык жактардын транспорт каражаттарына мүлк салыгынын маалыматтык эсебин төмөнкүдөй берүүгө милдеттүү:
1) уюм – учурдагы жылдын 1-апрелине чейин;
2) жеке жак, анын ичинде жеке ишкер – учурдагы жылдын 1-майына чейин.»;
б) 4-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
132) 386-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«386-берене. Турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар үчүн базалык
салык наркы
1. Турак эмес имараттын, курулманын же жайдын бир чарчы метр аянтынын базалык салыктык наркы дубалынын материалына жана мүлк объектисин пайдаланууга берген жылга жараша төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
Дубалдардын материалы | Эксплуатациялоо мөөнөтү | Базалык салыктык наркы, сом |
Кыш | 5 жылга чейин 5–15 жыл 15–30 жыл 30–45 жыл 45 жылдан ашык | 15000 14000 13000 12000 10000 |
Жыгач | 5 жылга чейин 5–15 жыл 15–30 жыл 30–45 жыл 45 жылдан ашык | 13000 12000 11000 10000 8000 |
Курама же монолиттүү бетон, темир бетон, бетон блоктор, кум блок, пеноблок, пенобетон, айнек, сэндвич-панель | 5 жылга чейин 5–15 жыл 15–30 жыл 30–45 жыл 45 жылдан ашык | 14000 13000 12000 11000 10000 |
Чийки топо (саман, гуваляк, сокмо) | 5 жылга чейин 5–15 жыл 15–30 жыл 30–45 жыл 45 жылдан ашык | 10000 9000 8000 6000 5000 |
Шлакоблок, полистиролдук курулуш блогу | 5 жылга чейин 5–15 жыл 15–30 жыл 30–45 жыл 45 жылдан ашык | 9000 8000 7000 6000 5000 |
Металл | Эксплуатациялоо мөөнөтүнө карабастан | 10000 |
Башка материалдар жана убактылуу жайлар үчүн материалдар | Эксплуатациялоо мөөнөтүнө карабастан | 8000 |
2. Турак эмес имараттын, курулманын же жайдын бир чарчы метринин базалык салыктык наркын аныктоо үчүн турак эмес имараттын, курулманын же жайдын дубалдарындагы басымдуулук кылган материалдар негиз катары кабыл алынат. Дубалдардагы басымдуулук кылган материалды аныктоо тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.»;
133) 387-берененин аталышында жана биринчи абзацында ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү жана сандагы «имарат» деген сөз тийиштүү жөндөмөлөрдөгү жана сандагы «турак эмес имарат» деген сөздөргө алмаштырылсын;
134) 388-беренеде:
а) аталышында жана 2-бөлүгүндө «Имараттар», «имараттар» деген сөздөр «Турак эмес имараттар», «турак эмес имараттар» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар үчүн зоналык коэффициент Кз калктуу конуш боюнча турак эмес имараттын, курулманын жана жайдын салыктык наркынын 1,0 барабар болгон орточо маанисине карата турак эмес имараттын, курулманын жана жайдын салыктык наркынын калктуу конушта – административдик райондо жайгашканына жараша өзгөрүшүн мүнөздөйт. Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларын кошпогондо, турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар үчүн зоналык коэффициент Кз 1,0 барабар белгиленет.»;
135) 390-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
136) 391-беренеде:
а) 1-бөлүктө «курорттук-ден соолукту чыңдоочу субъекттин» деген сөздөр «курорттук-рекреациялык зоналардын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
137) 395-беренеде:
а) 1-бөлүктөгү «курорттук-ден соолукту чыңдоочу субъекттин» деген сөздөр «курорттук-рекреациялык зоналардын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Турак жай эмес имараттар, курулмалар жана жайлар, турак жай имараттары, курулмалар жана жайлар же ишкердик максаттарда колдонулган анын бөлүктөрү, ошондой эле курорттук-рекреациялык зоналардын аймагында жайгашкан имараттар, жайлар, курулмалар үчүн мүлк салыгын эсептөө үчүн салыктык база ишкердик иште пайдалануу үчүн колдонулуучу жана/же бөлүнгөн жана/же багытталган, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоону ишке ашырган мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү салык төлөөчүнүн кыймылсыз мүлкүнүн бирдигинин техникалык паспортунда көрсөтүлгөн мекемелик, административдик, соода, кампа, өндүрүш, маданий-тиричилик, кызматтык жана башка жайларын ички өлчөө боюнча жалпы аянтынын өлчөмү тууралуу маалыматтардын негизинде аныкталат.
Ушул главанын максатында турак жай имараты, курулма же жай, же ишкердик максатттарда колдонулган анын бөлүгү, ошондой эле курорттук-рекреациялык мекеменин аймагында жайгашкан турак жай имараты же жай боюнча салык базасы ушул Кодекстин 376-беренесинде жана 392-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган тартипте аныкталат.»;
138) 398-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
«6. Көп батирлүү үйлөрдүн жанындагы, короосунун жанындагы же багбанчылык-чарбак жер участогуна мүлк салыгын төлөө боюнча милдеттенме турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлерине алардын турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин жалпы мүлкүндөгү үлүшүнө пропорциялуу түрдө жүктөлөт.
Көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин мүлкүн башкарууну башкаруучу компанияларга, башкаруучуларга, турак жай менчик ээлеринин шериктиктерине, кондоминиумдарга же турак жай-эксплуатациялык кооперативдерге өткөрүп берүүдө үйдүн жанындагы, короонун жанындагы же багбанчылык-чарбак жер участогуна мүлк салыгын төлөө боюнча милдеттенме башкаруучу компанияларга, башкаруучуларга, турак жай менчик ээлеринин шериктиктерине, кондоминиумдарга же турак жай-эксплуатациялык кооперативдерге жүктөлөт.»;
139) 401-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Айыл чарба жерлерине таандык болгон жер участогунун бир чарчы метринин базалык салыктык наркы БСН, эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, участоктун багытына жараша төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленет:
Облустарда жана райондордун аталышы | Базалык салык наркы (сом/чарчы метр) | ||||
Сугат айдоо жери | Кайрак айдоо жер | Көп жылдык өсүмдүк- төр | Чабын-дылар | Жайыттар, кысыр аңыздар | |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
Баткен облусу | |||||
Баткен району | 402 | 61,95 | 223,5 | - | 11,55 |
Лейлек району | 402 | 61,95 | 223,5 | 36,45 | 11,55 |
Кадамжай району | 412,5 | 61,95 | 225 | 36,45 | 19,05 |
Жалал-Абад облусу | |||||
Аксы району | 459 | 85,05 | 289,5 | 23,85 | 20,4 |
Ала-Бука району | 459 | 61,95 | 306 | 33,75 | 14,85 |
Базар-Коргон району | 621 | 61,95 | 330 | 46,35 | 23,1 |
Ноокен району | 621 | 61,95 | 289,5 | 36,6 | 23,1 |
Сузак району | 621 | 61,95 | 330 | 46,35 | 23,1 |
Тогуз-Торо району | 334,5 | 93,45 | - | 49,5 | 19,35 |
Токтогул району | 358,5 | 93,45 | 301,5 | 45,6 | 19,35 |
Чаткал району | 291 | 93,45 | - | 39,75 | 19,35 |
Ысык-Көл облусу | |||||
Ак-Суу району | 559,5 | 131,25 | 259,5 | 45,6 | 15,9 |
Жети-Өгүз району | 457,5 | 112,35 | 252 | 35,7 | 11,55 |
Ысык-Көл району | 420 | 102,9 | 232,5 | 35,7 | 11,55 |
Тоң району | 354 | 58,8 | 178,5 | 30,6 | 10,65 |
Түп району | 568,5 | 131,25 | 261 | 43,65 | 22,5 |
Нарын облусу | |||||
Ак-Талаа району | 307,5 | 55,5 | - | 37,65 | 6,75 |
Ат-Башы району | 286,5 | 81,45 | - | 32,55 | 6,75 |
Жумгал району | 294 | 55,5 | - | 37,65 | 6,75 |
Кочкор району | 322,5 | 55,5 | - | 37,65 | 6,75 |
Нарын району | 294 | 81,45 | - | 31,65 | 7,95 |
Ош облусу | |||||
Алай району | 348 | 93,45 | - | 41,55 | 7,95 |
Араван району | 654 | 61,95 | 339 | 22,8 | 19,05 |
Кара-Кулжа району | 348 | 93,45 | 175,5 | 41,55 | 7,95 |
Кара-Суу району | 679,5 | 61,95 | 369 | 41,85 | 18 |
Ноокат району | 619,5 | 93,45 | 349,5 | 41,7 | 19,05 |
Өзгөн району | 619,5 | 93,45 | 352,5 | 50,55 | 20,85 |
Чоң-Алай району | 274,5 | - | - | 31,65 | 8,25 |
Талас облусу | |||||
Бакай-Ата району | 477 | 78,75 | 246 | - | 11,1 |
Айтматов району | 525 | 54,6 | 247,5 | 16,8 | 7,2 |
Манас району | 496,5 | 54,6 | 249 | 16,8 | 7,2 |
Талас району | 445,5 | 78,75 | 246 | 16,5 | 7,2 |
Чүй облусу | |||||
Аламүдүн району | 600 | 84,75 | 313,5 | 34,65 | 16,2 |
Жайыл району |
|
|
|
|
|
1) Чүй зонасы | 493,5 | 101,85 | 319,5 | 30,6 | 16,2 |
2) Суусамыр зонасы | 283,5 | 51,75 | - | 16,95 | 15 |
Ысык-Ата району | 600 | 111,3 | 319,5 | 44,55 | 16,2 |
Кемин району | 531 | 120,75 | 316,5 | 44,55 | 16,2 |
Москва району | 588 | 100,8 | 322,5 | 44,55 | 11,7 |
Панфилов району | 543 | 100,8 | 322,5 | 34,65 | 11,7 |
Сокулук району | 610,5 | 100,8 | 316,5 | 20,85 | 11,7 |
Чүй району | 600 | 112,35 | 316,5 | 48,6 | 16,2 |
»;
140) 402-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«402-берене. Айыл чарба жерлерине таандык болгон жер участогуна салыкты төлөөнүн мөөнөтү
Айыл чарба жерлерине таандык болгон жер участогуна мүлк салыгы учурдагы салык мезгилинин 1-ноябрынан кечиктирилбестен төлөнөт.»;
141) 406-берененин 1-бөлүгүндө «эсепке алуу» деген сөздөр «баланстык» деген сөзгө алмаштырылсын;
142) 407-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«407-берене. Ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана баланстык наркы жок
транспорт каражатына мүлк салыгын эсептөө
Ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана баланстык наркы жок транспорт каражатына мүлк салыгынын суммасы салык базасынын ушул Кодекстин 379-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда белгиленген салыктын ставкасына көбөйтүндү катары эсептелет.»;
143) 409-беренеде:
а) 2-бөлүктө:
– 1-пункт «I жана II топтогу майыптын» деген сөздөрдөн кийин «, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин жана камкорчуларынын» деген сɵздɵр менен толукталсын;
– расмий тилдеги 3-пунктта «энерго- и ресурсоэффективности» деген сөздөр «энерго-(ресурсо-) эффективности» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүк «Салык төлөөчү» деген сөздөрдөн кийин «турак жай эмес» деген сөздөр менен толукталсын;
144) 411-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
145) 412-берененин 1-пунктунун «в» пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«в) иши ушул Кодекстин 183-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген жеңилдетилген салык салууга тийиш болгон иштин түрлөрүнө кирген ишканалар үчүн имараттарга, курулмаларга жана жайларга мүлк салыгын жана/же калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгын төлөөдөн толук бошотуу;»;
146) 416-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Патенттин негизинде салык төлөгөн жеке ишкер жалданган кызматкерлердин эмгек акысынан киреше салыгын эсептөөнүн жана төлөөнүн ордуна ар бир жалданган кызматкерге Министрлер Кабинети аныктаган өлчөмдө патент сатып алууга укуктуу.
Жумушчуларга жарандык-укуктук келишим (контракт, жалдоо) боюнча бир жолку жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөдө алардын ишинин алкагында бюджетке киреше салыгын эсептөө, кармап калуу жана которуу ушул Кодекстин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.»;
147) 418-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5 жана 6-бөлүктөр менен толукталсын:
«5. Чет өлкөлүк уюмдун бирдиктүү салыкты төлөөчү болуп саналган, иши туруктуу мекемени түзүүгө алып келбеген туруктуу мекеме же өкүлчүлүк аркылуу Кыргыз Республикасындагы булактан алынган кирешесине ушул Кодекстин 2491-беренесине ылайык мындай туруктуу мекемеде же өкүлчүлүктө салык салынууга тийиш.
6. Чет өлкөлүк субъекттин бирдиктүү салыкты төлөөчү болуп саналган салык төлөөчүнүн эсебинен мындай субъекттин тапшырмасы боюнча алынган жана которулган акча каражаттарынын суммасынан келип чыккан кирешесине ушул Кодекстин 2492-беренесине ылайык мындай салык төлөөчүдө салык салынууга тийиш.»;
148) 419-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) камсыздандыруу кызматтарын көрсөткөн банкка жана субъектке;»;
149) 422-беренеде:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
«11. Салык төлөөчү бир эле учурда иштин бир нече түрүн жүзөгө ашырууда салык базасы болуп иштин ар бир түрү боюнча өзүнчө товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акча эсептелет.»;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
«5) электрондук соода аянтчасында жүргүзүлүүчү соода иши болуп салык төлөөчүнүн эсебине түшкөн акча саналат.»;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
«4. Товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акча төмөнкү учурларда түзөтүлүүгө тийиш:
1) товарлар толук же жарым-жартылай кайтарылып берилгенде;
2) бүтүмдүн шарттары өзгөргөндө;
3) бүтүмдүн шарттары толук же жарым-жартылай аткарылбаганда.
Түшкөн акчаны түзөтүү товарлар кайтарылып берилген же бүтүмдүн шарттары өзгөргөн салык мезгилинин салыктык базасынын өлчөмүн өзгөртөт.»;
150) 423-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
– 1-пунктта:
«а» пунктчасынын төртүнчү абзацында «ТЭИ ТН 2710197100-2710199800 коддорундагы» деген сөздөр алып салынсын;
«б» пунктчасынын төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
– 2-пункттун биринчи абзацында «өндүрүштүк чөйрө» деген сөздөр «товарларды өндүрүү чөйрөлөрү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 14-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 15 жана 16-бөлүктөр менен толукталсын:
«15. Ушул берененин 1, 21, 3, 8, 13-бөлүктөрүндө каралган ставка боюнча салыкты төлөөчү субъект жеке маалыматтары көрсөтүлбөгөн субъекттин дарегине товарларды сатууда салыкты 6 пайыздык ставка боюнча төлөйт.
16. Ушул Кодекстин 422-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кирешелер боюнча салык төлөөчү ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда белгиленген ставкалар боюнча салыкты эсептейт жана төлөйт.»;
151) 424-беренедеги «жана ири» деген сөздөр «орто жана ири» деген сөздөргө алмаштырылсын;
152) төмөнкүдөй мазмундагы 4251-берене менен толукталсын:
«4251-берене. Жөнөкөй шериктик келишиминин катышуучулары тарабынан
бирдиктүү салыкты төлөөнүн өзгөчөлүктөрү
1. Эгерде жөнөкөй шериктик келишиминин бардык катышуучулары салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумунун негизинде салык төлөсө, мындай шериктик келишимине ылайык эсепке алууну жүргүзүү милдети жүктөлгөн жөнөкөй шериктиктин катышуучусу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) салык милдеттенмелерин эсептөөнү жана төлөөнү ушул Кодекстин талаптарына ылайык жүргүзүүгө;
2) пайданы жана чыгашаны кассалык метод боюнча эсептөөгө, аларды келишимге ылайык катышуучулардын ортосунда бөлүштүрүүгө, алар катышуучулардын ар биринде өзүнчө эсепке алынууга тийиш жана эсепке алууну жүргүзүү милдети жүктөлбөгөн катышуучулардын бирдиктүү салыгынын салыктык базасына киргизилбейт.
2. Эгерде жөнөкөй шериктик келишиминин катышуучуларынын бир бөлүгү жалпы салык режиминде, экинчи бөлүгү – салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумунун негизинде салык төлөсө, эсепке алууну жүргүзүү милдети жүктөлгөн жөнөкөй шериктик келишиминин катышуучусу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) салык милдеттенмелерин эсептөөнү жана төлөөнү ушул Кодекстин талаптарына ылайык жүргүзүүгө;
2) пайданы жана чыгымды кассалык усул боюнча эсептөөгө, аларды келишимге ылайык катышуучулардын ортосунда бөлүштүрүүгө, алар катышуучулардын ар биринде өзүнчө эсепке алынууга тийиш жана эсепке алууну жүргүзүү милдети жүктөлбөгөн катышуучулардын пайда салыгынын/бирдиктүү салыгынын салыктык базасына киргизилбейт.»;
153) 426-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Ушул Кодекстин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун «а» пунктчасында, 8, 13-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн жеке ишкер жалданма кызматкерлердин эмгек акысынан киреше салыгын эсептөөнүн жана төлөөнүн ордуна ар бир жалданма кызматкерге Министрлер Кабинети аныктаган өлчөмдө патент сатып алууга укуктуу.»;
154) 430-беренеде:
а) 5-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«Ушул бөлүккө ылайык товарларды ЭЭЗдин аймагына импорттоодо жана аларды ташып чыгарууда товардын бажы наркынан бирдиктүү салыкты төмөнкүдөй өлчөмдө төлөйт:
– жарым-жартылай кайра иштетилген товарларды ЭЭЗ аймагынан ташып чыгарууда 1 пайыз;
– товарларды ЭЭЗ аймагынан өзгөртүлбөгөн түрдө алып чыгууда 3 пайыз.»;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 9 жана 10-бөлүктөр менен толукталсын:
«9. Чет өлкөлүк уюмдун ЭЭЗ субъекти болуп саналган, иши туруктуу мекемени түзүүгө алып келбеген туруктуу мекеме же өкүлчүлүк аркылуу Кыргыз Республикасындагы булактан алынган кирешесине ушул Кодекстин 2491-беренесине ылайык мындай туруктуу мекемеде же өкүлчүлүктө салык салынууга тийиш.
10. Чет өлкөлүк субъекттин ЭЭЗ субъекти болуп саналган салык төлөөчүнүн эсебинен мындай субъекттин тапшырмасы боюнча алынган жана которулган акча каражаттарынын суммасынан келип чыккан кирешесине ушул Кодекстин 2492-беренесине ылайык мындай салык төлөөчүдө салык салынууга тийиш.»;
155) 436-берене төмөнкүдөй мазмундагы 41 жана 42-бөлүктөр менен толукталсын:
«41. Чет өлкөлүк уюмдун майнингге салыкты төлөөчү болуп саналган, иши туруктуу мекемени түзүүгө алып келбеген туруктуу мекеме же өкүлчүлүк аркылуу Кыргыз Республикасындагы булактан алынган кирешесине ушул Кодекстин 2491-беренесине ылайык мындай туруктуу мекемеде же өкүлчүлүктө салык салынууга тийиш.
42. Чет өлкөлүк субъекттин майнингге салыкты төлөөчү болуп саналган салык төлөөчүнүн эсебинен мындай субъекттин тапшырмасы боюнча алынган жана которулган акча каражаттарынын суммасынан келип чыккан кирешесине ушул Кодекстин 2492-беренесине ылайык мындай салык төлөөчүдө салык салынууга тийиш.»;
156) 443-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Ушул главанын жоболору төмөнкүдөй болуп саналган салык төлөөчүнүн ишине карата колдонулат:
1) домендик аталышты же Кыргыз Республикасында катталган IP-дарегин пайдалануунун негизинде товарларды сатуу боюнча электрондук түрдө кызмат көрсөтүү боюнча уюм жана жеке ишкер;
2) Кыргыз Республикасынын товарларды сатуу боюнча электрондук соода жөнүндө мыйзамдарына ылайык соода платформасынын оператору;
3) ушул Кодекстин 174-беренесинин 581-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн, маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларды колдонуунун негизинде товарларга жана/же кызмат көрсөтүүлөргө максаттуу микрокредиттерди берүү жана алардын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү боюнча тутумдагы төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн катышуучусу.»;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 41 жана 42-бөлүктөр менен толукталсын:
«41. Чет өлкөлүк уюмдун электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салыкты төлөөчү болуп саналган, иши туруктуу мекемени түзүүгө алып келбеген туруктуу мекеме же өкүлчүлүк аркылуу Кыргыз Республикасындагы булактан алынган кирешесине ушул Кодекстин 2491-беренесине ылайык мындай туруктуу мекемеде же өкүлчүлүктө салык салынууга тийиш.
42. Чет өлкөлүк субъекттин электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салыкты төлөөчү болуп саналган салык төлөөчүнүн эсебинен мындай субъекттин тапшырмасы боюнча алынган жана которулган акча каражаттарынын суммасынан келип чыккан кирешесине ушул Кодекстин 2492-беренесине ылайык мындай салык төлөөчүдө салык салынууга тийиш.»;
в) 5-бөлүктүн 2-пункту «ишке карата» деген сөздөрдөн кийин «жалпы салык режимин кошпогондо,» деген сөздөр менен толукталсын;
157) 444-берене «Электрондук соода чөйрөсүндөгү» деген сөздөрдөн кийин «, ошондой эле товарларга жана/же кызмат көрсөтүүлөргө максаттуу микрокредиттерди берүү боюнча» деген сөздөр менен толукталсын;
158) 446-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
159) 450-берене төмөнкүдөй мазмундагы 41 жана 42-бөлүктөр менен толукталсын:
«41. Чет өлкөлүк уюмдун оюн-зоок ишине салыкты төлөөчү болуп саналган, иши туруктуу мекемени түзүүгө алып келбеген туруктуу мекеме же өкүлчүлүк аркылуу Кыргыз Республикасындагы булактан алынган кирешесине ушул Кодекстин 2491-беренесине ылайык мындай туруктуу мекемеде же өкүлчүлүктө салык салынууга тийиш.
42. Чет өлкөлүк субъекттин оюн-зоок ишине салыкты төлөөчү болуп саналган салык төлөөчүнүн эсебинен мындай субъекттин тапшырмасы боюнча алынган жана которулган акча каражаттарынын суммасынан келип чыккан кирешесине ушул Кодекстин 2492-беренесине ылайык мындай салык төлөөчүдө салык салынууга тийиш.»;
160) 457-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык акциздик товарларды (ТЭИ ТН 2710197100-2710199800, 3403 19 900 0, 3811 90 0000, 3811 21 000 0, 3811 19 000 0 товардык позицияларында классификацияланган товарлардан тышкары) – мотор майларын, жуучу каражатты, автохимияны жана кошундуларды, ошондой эле сатып өткөрүүгө атайын лицензияларды же уруксаттарды талап кылган товарларды сатып өткөрүүнү кошпогондо, соода ишине карата колдонулат.»;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 51 жана 52-бөлүктөр менен толукталсын:
«51. Чет өлкөлүк уюмдун өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салыкты төлөөчү болуп саналган, иши туруктуу мекемени түзүүгө алып келбеген туруктуу мекеме же өкүлчүлүк аркылуу Кыргыз Республикасындагы булактан алынган кирешесине ушул Кодекстин 2491-беренесине ылайык мындай туруктуу мекемеде же өкүлчүлүктө салык салынууга тийиш.
52. Чет өлкөлүк субъекттин өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөөчү болуп саналган салык төлөөчүнүн эсебинен мындай субъекттин тапшырмасы боюнча алынган жана которулган акча каражаттарынын суммасынан келип чыккан кирешесине ушул Кодекстин 2492-беренесине ылайык мындай салык төлөөчүдөн салык алынууга тийиш.»;
161) 459-беренеде:
а) расмий тилдеги 1-бөлүктө «зонах» деген сөз «зоне» деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Салык төлөөчү өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөөчү катары арызды өзгөчө режимдеги соода зонасынын жайгашкан жери боюнча салык органына мындай иш башталганга чейин берүүгө милдеттүү.
Салык органы арызды карагандан кийин өзгөчө режимдеги соода зонасында салык төлөөнү колдонуу же колдонуудан баш тартуу жөнүндө тиешелүү чечимди чыгарат.
Ушул беренеде белгиленген шарттарга шайкеш келбеген учурларда салык органы өзгөчө режимдеги соода зонасында салык төлөөнү колдонуу же колдонуудан баш тартуу жөнүндө чечимди жокко чыгаруу тууралуу чечимди чыгарат.
Арыздын жана чечимдин формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
Эгерде салык төлөөчүдө эки же андан көп соода орундары болсо, анда өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөөчүнүн арызында түшкөн акчанын көлөмү ар бир соода орду боюнча өзүнчө көрсөтүлөт.
Арызда төмөнкү маалымат көрсөтүлүүгө тийиш:
– салык төлөөчүнүн аталышы;
– салык төлөөчүнүн юридикалык дареги;
– идентификациялык салык номери;
– өткөн календардык жылдагы финансылык иштин натыйжалары;
– учурдагы же алдыдагы календардык жылда алуу пландалган түшкөн акчанын көлөмү;
– учурдагы же алдыдагы календардык жылда алуу пландалган түшкөн акчанын көлөмүнө ылайык аныкталган салыктын суммасы.»;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 21-бөлүк менен толукталсын:
«21. Эгерде салык төлөөчү учурдагы календардык жылдын 20-декабрына чейин өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөөчү катары кийинки календардык жылга арыз бербесе, салык кызматынын органы салык төлөөчүнүн жеке кабинетине өзгөчө режимдеги соода зонасында салык төлөөнү колдонуу же колдонуудан баш тартуу жөнүндө чечимди кийинки календардык жылга автоматтык түрдө узартуу жөнүндө билдирүү жиберет.»;
г) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Жеке ишкер жалданма кызматкерлердин эмгек акысынан киреше салыгын эсептөөнүн жана төлөөнүн ордуна ар бир жалданма кызматкерге Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу өлчөмдө патент сатып алууга укуктуу.».
9-берене
«Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 2, 5-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
«7. Сатуучу (даярдоочу, аткаруучу) төлөмдү накталай эмес формада жүзөгө ашыруу үчүн банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды жана/же улуттук стандарттагы штрихкоддун (QR-коддун) эки өлчөмдүү символдорун пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн багытталган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштү) колдонууга милдеттүү.»;
2) 17-берененин 5-пунктунун биринчи жана экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5. Керектөөчүнүн талаптары керектөөчү тарабынан контролдук-кассалык чек, ал эми кепилдик мөөнөттөрү белгиленген товарларга карата, – анын ичинде техникалык паспорту же башка аны алмаштырган документи көрсөтүлгөндө каралат.
Сатуучу керектөөчүгө контролдук-кассалык чекти же сатып алуу фактысын күбөлөндүргөн башка документти берүүгө милдеттүү.»;
3) 24-берененин 1-пунктунун үчүнчү абзацында «товардык чеги же кассалык чеги» деген сөздөр «контролдук-кассалык чеги» деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 27-беренеде:
а) он бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн эсептешүүдө төлөм тутуму чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды жана/же улуттук стандарттагы штрихкоддун (QR-коддун) эки өлчөмдүү символдорун пайдалануу менен операцияларды жүргүзүү үчүн багытталган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштү) колдонуу менен сатып алуучунун накталай эмес формада төлөө ыкмасын тандоосун чектөөгө. Сатуучулардын (аткаруучулардын) тизмеги, ошондой эле ага ылайык сатуучулар (аткаруучулар) банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды жана/же улуттук стандарттагы штрихкоддун (QR-коддун) эки өлчөмдүү символдорун кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууну (программалык-техникалык түзүлүштү) өздөрүндө орнотууга милдеттүү болгон критерийлер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;»;
б) төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте контролдук-кассалык чекти бербестен продукцияны сатууга;
банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды жана/же улуттук стандарттагы штрих-коддун (QR-коддун) эки өлчөмдүү символдорун пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн багытталган, башка жакка катталган жабдууну (программалык-техникалык түзүлүштү) колдонууга.».
10-берене
«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж, № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлɵр киргизилсин:
1) 22-статьянын 3-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участокторун иштеткен жана/же пайдалуу кендерди иштетүү максатында жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасын пайдалануу укугуна ээ болгон тоо-кен казып алуучу ишканаларга;»;
2) 7-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
«5. Субъекттерди жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга, такси кызматына жана курьердик кызматка тапшырык берүү үчүн колдонулуучу маалыматтык тутумуна кошуу кызматтарын көрсөткөн, уюштуруу-укуктук түрүнө жана менчик түрүнө карабастан юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар, алардын обочолонгон бөлүмдөрү (филиалдары жана өкүлчүлүктөрү), жеке ишкерлер жеке жактын жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга, такси кызматына жана курьердик кызматка заказ берүү үчүн колдонулуучу маалымат тутумун пайдалануу менен иш жүргүзүүдөн алган кирешесинен камсыздандыруу төгүмдөрүн ошол жеке жактын пайдасына төмөнкүдөй кармап калышат жана төлөшөт:
2025-жылдын сентябрынан 2028-жылга чейин – 1 пайыздан кем эмес өлчөмдө;
2028-жылдан тартып 2030-жылга чейин – 2 пайыздан кем эмес өлчөмдө;
2030-жылдан тартып – 5 пайыздан кем эмес өлчөмдө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго – 90 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна – 10 пайыз.
Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.»;
3) 9-статьянын 6-пунктунун «в» пунктчасынын биринчи абзацында «7-статьянын 4-пунктуна» деген сөздөр «7-статьянын 4, 5-пункттарына» деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 10-статьянын 11-пункту төмөнкүдөй мазмундагы «в» пунктчасы менен толукталсын:
«в) жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга, такси кызматына жана курьердик кызматка заказ берүү үчүн колдонулуучу маалымат тутумун пайдалануу менен иш жүргүзгөн жана киреше алган жеке жактар.»;
5) 13-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«– турак жай менчик ээлеринин шериктиктери.».
11-берене
«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 458-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
5-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
«6) салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу үчүн зарыл болгон Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын ченемдерин пайдалануу жөнүндө, ошондой эле аларды кароонун тартиби Кыргыз Республикасынын Салык кодекси менен регламенттелүүчү салыктык милдеттенмелерди аткаруу тартиби жана жол-жоболору боюнча түшүндүрмө менен байланышкан кайрылуулардан.».
12-берене
«Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1045-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 17-пункт менен толукталсын:
«17) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен жөнгө салынуучу мамилелерге.».
13-берене
«Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 15-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 17-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
«31) салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча салык төлөөчү тарабынан таанылган карыздын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө салык кызматынын органдарынын, анын ичинде электрондук документтер түрүндө таризделген билдирүүлөрү;»;
2) 18-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
«7. Салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча салык төлөөчү тарабынан таанылган карыздын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүүнүн формасы жана мазмуну салык мыйзамдары менен аныкталат.»;
3) 37-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
«41) салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча салык төлөөчү тарабынан таанылган карыздын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө салык кызматынын органдарынын билдирүүлөрү, – алар тапшырылган учурдан тартып үч жыл;»;
4) 49-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:
«12) салык карызын камсыз кылуу жөнүндө аткаруу документи Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келбесе.»;
5) 50-берененин 5-бөлүгүнүн 5-пунктунда «3-пунктунда» деген сөздөр «3 жана 31-пункттарында» деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 51-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Карызкордун Кыргыз Республикасынан чыгуусуна ушул бөлүктө каралган убактылуу чектөөлөр өндүрүп алуучунун арызы болгон учурда салык кызматынын органдарынын аткаруу документтери боюнча колдонулат.»;
7) 52-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Аткаруу документинде камтылган талаптарды ыктыярдуу аткаруу үчүн мөөнөт аяктагандан кийин, ал эми ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунуш тапшырылбаган аткаруу документтери боюнча – токтоосуз сот аткаруучу карызкор – жеке жактын, ошондой эле карызкор – менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактын жетекчисинин Кыргыз Республикасынан чыгуусун убактылуу чектөө жөнүндө токтом чыгарат, ал ушул Мыйзамда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.»;
8) 64-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Эгерде ушул Мыйзамда башкасы каралбаса, мажбурлап аткартуучу чаралар аткаруу документи кабыл алынгандан жана аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу мөөнөтү аяктагандан кийин сот аткаруучу тарабынан колдонулат.»;
9) 129-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Өндүрүп алуучулар – салык кызматынын органдары ушул бөлүктө каралган учурларда аткаруу жыйымын төлөөдөн бошотулат.».
14-берене
«Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин-Тоо» гезити, 2019-жылдын 2-августу, № 64) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-берененин 1-бөлүгүнүн 15-пункту «салык кызматынын органдары» деген сөздөрдɵн мурун «сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу» деген сөздөр менен толукталсын.
15-берене
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин-Тоо» гезити, 2022-жылдын 19-январы, № 4–9) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-берене төмөнкүдөй мазмундагы 14–18-пункттар менен толукталсын:
«14) 2025–2027-жылдардагы салык мезгилдери үчүн турак имаратка жана жайга мүлк салыгын эсептөө үчүн Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган ставка 2025-жылдын 1-мартынан кечиктирилбестен бекитилүүгө тийиш;
15) жеке ишкерлерди кошпогондо, жеке жактар сатып алган күндөн тартып бир жылдан кем эмес жеке менчик укугунда таандык болгон автотранспорт каражаттарын импорттоодо жана сатууда 2022-жылдын 1-январынан тартып 2025-жылдын 1-январына чейинки мезгилде алынган кирешеден салыктар боюнча, анын ичинде пайыздардын жана туумдардын суммалары боюнча жоопкерчиликтен жана милдеттенмени аткаруудан бошотулат.
Ушул пунктта каралган бошотуу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
а) аткарылган салык милдеттенмесине;
б) ага карата соттун өндүрүп алуу жөнүндө чечими бар салык карызына;
16) салык төлөөчү баштапкы эсепке алуу документтери жок товарлар жөнүндө маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат тутумуна 2025-жылдын 1-апрелине чейин киргизген шартта, төмөнкүлөрдү кошпогондо, мындай товарларга карата салык агентинин жоопкерчилигинен жана милдеттеринен бошотулат:
а) алкоголдук продукциялар, тамеки буюмдары, дары-дармек каражаттары, медициналык буюмдар, баалуу металлдардан жасалган зер буюмдары;
б) ТЭИ ТН 2710197100-2710199800 коддорундагы майлоочу майларды жана башка майларды кошпогондо, мунай жана мунай продуктулары;
в) салыктык текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө салык кызматынын органынын чечимдери бар, аларга карата соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери бар товарлар;
17) турак жай жана турак эмес имараттарды куруу чөйрөсүндө иш жүргүзгөн, ошондой эле бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумун колдонууга же салык салуунун бул тутумунан чыгууга ниеттенген, атайын курулуш иштерин аткарган субъекттер учурдагы салыктык эсепке алуу орду боюнча салык органына 2025-жылдын 1-июлуна чейинки мезгилдин ичинде салык салуунун башка режимине өтүү жөнүндө арыз берүүгө укуктуу. Тандалган салыктык режим боюнча салыктарды төлөө арыз берилген айдан кийинки айдын 1инен тартып салык төлөөчү тарабынан жүргүзүлөт.
18) салык төлөөчүнүн – жеке жактын мүлк салыгын эсептөө боюнча салык отчеттуулугу жок болгон учурда, салык органы 2026-жылдын 1-январына чейин доонун эскирүү мөөнөтүнүн чегинде төмөнкүлөргө карата мүлк салыгын эсептөөгө укуктуу:
а) ишкердик иш максатында пайдаланылбаган жана курорттук-ден соолукту чыңдоочу зонанын аймагында жайгашпаган турак жай имаратына, жайга;
б) транспорт каражатына;
в) үйдүн жанындагы, короонун жанындагы жана багбанчылык-чарбак жер участогуна;
г) айыл чарба жерлерине таандык болгон жер участогуна.».
16-берене
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет, буга тɵмɵнкүлɵр кирбейт:
1) расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирүүчү 4 жана 5-беренелер, 8-берененин 5, 6, 10, 54, 94-пункттары, 121-пунктунун «в» пунктчасы, 150-пунктунун «в» пунктчасынын экинчи абзацы, 154-пункту жана 10-берененин 1-пункту;
2) төмөнкүлөрдү кошпогондо, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирүүчү 7-берене:
а) 2025-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирүүчү 2-пункт;
б) 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирүүчү 6-пункттун экинчи, үчүнчү жана төртүнчү абзацтары;
3) 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 8-берененин 102-пунктунун «а» пунктчасы;
4) 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 8-берененин 101-пунктунун «б» пунктчасы, 161-пунктунун «в» пунктчасы, 13-беренесинин 9-пункту;
5) 2025-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирүүчү 3-берене, 8-берененин 14-пунктунун «б» пунктчасынын экинчи абзацы, 20–24, 123, 151-пункттары жана 13-берененин 1–8-пункттары;
6) 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирүүчү 8-берененин 10-пунктунун «б» пунктчасы, 66-пунктунун «б» пунктчасы, 71-пунктунун «б» пунктчасы, 73-пунктунун сегизинчи абзацы;
7) 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 8-берененин 139-пункту, 143-пунктунун «а» пунктчасынын экинчи абзацы;
8) «Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирүүчү 8-берененин 67-пунктунун «а» пунктчасы жана «б» пунктчасынын үчүнчү абзацы, 68-пунктунун «г» пунктчасынын төртүнчү, алтынчы абзацтары, 78-пунктунун «б» пунктчасынын экинчи абзацы, «в» пунктчасынын экинчи абзацы жана 93-пунктунун бешинчи абзацы.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 11 (3667) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |