НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
2023-жылдын 29-ноябры № 3
Ноокат шаар мэриясынын 2023-жыл үчүн бюджетине өзгөртүү, толуктоо киргизүү менен гранттарды каржылоодон түшкөн каражатын “Ноокат Тазалык” муниципалдык ишканасына бөлүштүрүү жөнүндө
Республикалык бюджеттен бирдиктүү салыктын ордуна компенсация түрүндө (гранттарды каржылоодон) түшкөн каражатын “Ноокат Тазалык” муниципалдык ишканасына бөлүштүрүүгө байланыштуу Ноокат шаар мэриясынын 2023-жыл үчүн бюджетине өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндөгү маселе Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. 2023-жылда Республикалык бюджеттен бирдиктүү салыктын ордуна компенсация түрүндө (гранттарды каржылоодон) түшкөн 7 729 100 (жети миллион жети жүз жыйырма тогуз миң бир жүз) сом акча каражатынын ичинен “Ноокат Тазалык” муниципалдык ишканасына Ноокат шаар мэриясынын 2023-жыл үчүн бюджетине төмөндөгүдөй өзгөртүү, толуктоо киргизүү менен
2222 | Кышка карата борбордук көчөлөргө себүү үчүн туз сатып алуу | 100 000 |
|
2222 | Кызматкерлерге атайын кийим сатып алуу | 100 000 |
|
Жалпысы болуп 200 000 (эки жүз миң) сом бөлүштүрүлүп бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Мадмаров |