Редакцияот 29.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

Ноокат шаардык кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы

 

2023-жылдын 29-ноябры № 4

 

Ноокат шаар мэриясынын 2023-жыл үчүн бюджетине өзгөртүү, толуктоо киргизүү менен гранттарды каржылоодон түшкөн каражатын Ноокат шаар мэриясына бөлүштүрүү жөнүндө

 

Республикалык бюджеттен бирдиктүү салыктын ордуна компенсация түрүндө (гранттарды каржылоодон) түшкөн каражатын Ноокат шаар мэриясына бөлүштүрүүгө байланыштуу Ноокат шаар мэриясынын 2023-жыл үчүн бюджетине өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндөгү маселе Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

1. 2023-жылда Республикалык бюджеттен бирдиктүү салыктын ордуна компенсация түрүндө (гранттарды каржылоодон) түшкөн 7 729 100 (жети миллион жети жүз жыйырма тогуз миң бир жүз) сом акча каражатынын ичинен Ноокат шаар мэриясына Ноокат шаар мэриясынын 2023-жыл үчүн бюджетине өзгөртүү, толуктоо киргизүү менен

Ноокат шаардык милиция бөлүмчөсүнө жабдыктарды сатып алуу (боди-камеры)

300 000 сом

Союз МСУ мүчөлүк акы

77 000 сом

А.Абдуллаеворто мектебинин от казанын ремонттоо

116 000 сом

 

Жалпысы болуп 493 000 сом (төрт жүз токсон үч миң) сом бөлүштүрүлүп бекитилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

         Төрага

Б. Мадмаров