Редакцияот 29.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

Ноокат шаардык кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы

 

2023-жылдын 29-ноябры № 5

 

Ноокат шаарынын аймагындагы айрым социалдык обьектилерди, балдар жана спорт аянтчаларын курууга, 2024-жылга дем берүүчү гранттан колдоо алууга өздүк салым үчүн тиешелүү акча каражаттарын жергиликтүү бюджеттин эсебинен кароого макулдук берүү жөнүндө

 

Ноокат шаарынын аймагындагы айрым социалдык обьектилерди, балдар жана спорт аянтчаларын курууга, 2024-жылга гранттык колдоо алууга өздүк салым үчүн тиешелүү акча каражаттарын жергиликтүү бюджеттин эсебинен кароого макулдук берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат шаарынын аймагындагы айрым социалдык обьектилерди, балдар жана спорт аянтчаларын курууга, 2024-жылга дем берүүчү гранттан колдоо алууга өздүк салым үчүн тиешелүү акча каражаттарын жергиликтүү бюджеттин эсебинен кароого макулдук берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

         Төрага

Б. Мадмаров