Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 60 токтому менен бекитилди) |
Тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык
тобокелдик белгилери бар товарларды берүүнүн
салык салынуучу наркы жана Евразия экономикалык
бирлигине мүчө мамлекеттерден ташып киргизилген
товарлардын импортунун салык салынуучу наркы
боюнча кошумча нарк салыгынын салыктык
базасын аныктоо жана колдонуу тартиби
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533, 2026-жылдын 10-февралындагы № 77 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. КНС салыктык базасын аныктоо жана колдонуу
1-глава. Жалпы жоболор
1. Тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык тобокелдик белгилери бар товарларды берүүнүн салык салынуучу наркы жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ташып киргизилген товарлардын импортунун салык салынуучу наркы боюнча кошумча нарк салыгынын салыктык базасын аныктоо жана колдонуу тартиби (мындан ары - Тартип) тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык тобокелдик белгилери бар товарларды берүүнүн салык салынуучу наркы жана Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерден ташып киргизилген товарлардын импортунун салык салынуучу наркы боюнча кошумча нарк салыгынын (мындан ары - КНС) салыктык базасын аныктоо жана колдонуу жол-жобосун регламенттейт.
2. Тартипте төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) импорттоочу - ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоочу салык төлөөчү;
2) өндүрүүчү - Кыргыз Республикасынын аймагында товар өндүрүүнү (даярдоону) жүзөгө ашыруучу, жеке ишкер катары катталган юридикалык же жеке жак;
3) тобокелдиктерди башкаруу системасы (мындан ары - ТБС) - салык төлөөчү тарабынан салык милдеттенмесин аткарбоо жана/же толук эмес аткаруу ыктымалдуулугунун тобокелдиктерин аныктоо үчүн багытталган ыйгарым укуктуу салык органынын системасы;
4) тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасы - товарларды берүүнүн салык салынуучу наркы жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден ташып киргизилген товарлардын салык салынуучу импорту боюнча, тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасы;
5) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7) ири салык төлөөчү – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Ири салык төлөөчүлөрдү аныктоонун критерийлери жана тартиби жөнүндө жобого ылайык ыйгарым укуктуу салык органынын чечимине ылайык ири салык төлөөчүлөрдүн тизмегине киргизилген субъект.
Тартипте колдонулуучу башка терминдер жана аныктамалар ушул Тартипте жана Кыргыз Республикасынын Салык мыйзамдарында аныкталган мааниде чечмеленет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533, 2026-жылдын 10-февралындагы № 77 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасы ыйгарым укуктуу салык органынын буйругу менен ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталуучу КНС салыктык базасы белгиленген товарлардын тизмегине (мындан ары - Тизмек) ылайык ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу, ЕАЭБ Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын (мындан ары - ТЭИ ТН) 10 белгиден турган цифралык коду бар товарларына белгиленет.
4. Тизмек ушул Тартиптин тиркемесине ылайык форма боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын буйругу менен бекитилет жана ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтына жарыяланууга тийиш.
5. Ташып киргизилген товар үчүн эсептешүүлөрдө колдонулуучу ЕАЭБге мүчө мамлекеттин валютасынын курсу салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык импорттолгон товарларды эсепке кабыл алган датага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелет.
2-глава. КНС салыктык базасын аныктоо жана колдонуу
6. Тобокелдик белгилери бар КНСтин салыктык базасы ушул Тартиптин 8-пунктуна ылайык товарга орточо арифметикалык баанын негизинде аныкталган тиешелүү товардык позицияга орточо бааны эске алып, алынган натыйжаны 30 пайызга азайтуу менен төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
тобокелдик белгилери бар КНСтин салыктык базасы = Сц - (Сц * 30 %), мында Сц– орточо арифметикалык баа.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 77 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасы улуттук валютада белгиленет.
8. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден импорттолуучу товарларга орточо баа акыркы (отчеттук) 60 (алтымыш) күндө импорттоочулар тарабынан берилген товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздардын маалыматтарынын негизинде ТБС тарабынан аныкталат.
Тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген социалдык маанилүү товарларга ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден импорттолуучу товарларга орточо баа товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздардын маалыматтарынын, ошондой эле ТЭИ ТН коддорун тандоо жолу менен акыркы (отчеттук) 60 (алтымыш) күндө өндүрүүчүлөр тарабынан таризделген электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтарынын негизинде ТБС тарабынан аныкталат.
Көрсөтүлгөн билдирүүлөрдө маалыматтар жок болгон учурда орточо баа мурда белгиленген деңгээлде сакталууга тийиш.
Зарыл болгон учурда ыйгарым укуктуу салык органы статистика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга товарларга орточо баалардын статистикасы боюнча маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талап жиберүүгө укуктуу.
Статистика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган суроо-талапты алган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде суралган маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 77 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Тобокелдик белгилери бар КНСтин салыктык базасы социалдык маанилүү товарлардан тышкары, ТЭИ ТН кодуна ылайык ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон товарларга квартал сайын белгиленет.
Тизмекке ТЭИ ТН кодуна ылайык ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон социалдык маанилүү товарларды кошкондо, товарларга салык төлөөчүдөн жана/же бизнес-ассоциациядан жана/же мамлекеттик органдан ай сайын келип түшкөн арыздардын жана кайрылуулардын негизинде өзгөртүүлөр киргизилет.
Келип түшкөн арыздардын жана кайрылуулардын негизинде Тизмекти аныктоо жана Тизмекке өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 77 токтомунун редакциясына ылайык)
10. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 77 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
11. Эгерде импорттоочу Тизмекке киргизилген товарды ташып киргизүүнү жүзөгө ашырса жана келишимде (контрактта) жана товарды коштоочу документтерде товардын баасын:
1) тобокелдик белгилери бар КНСтин белгиленген салыктык базасынан аз көрсөтсө, КНС боюнча салык милдеттенмеси кыйыр салыктар боюнча салык отчетунда маалыматтарды чагылдыруу менен КНСтин белгиленген салыктык базасын колдонуу менен эсептелет;
2) тобокелдик белгилери бар КНСтин белгиленген салыктык базасынан көп көрсөтсө, КНС боюнча салык милдеттенмеси келишимде (контрактта) жана товарды коштоочу документтерде көрсөтүлгөн баага жараша, КНС салыктык базасын колдонбостон эсептелет.
12. Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды тиешелүү товарды коштоочу документтери жок ташып киргизүү фактылары аныкталса, импортко КНСти эсептөө Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык импорттоочуну жоопкерчиликке тартуу жана төмөнкү формула боюнча эсептелген орточо бааны колдонуу менен салык органы тарабынан жүзөгө ашырылат: ОБ = тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасы / 70%.
13. Эгерде өндүрүүчү Тизмекке киргизилген товарларга салык салынуучу берүүнү жүзөгө ашырса жана келишимде жана эсеп-фактурада товардын баасын:
1) тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасынан аз көрсөтсө, КНС боюнча салык милдеттенмеси КНС боюнча салык отчетунда маалыматтарды чагылдыруу менен КНСтин белгиленген салыктык базасын пайдалануу менен эсептелет;
2) тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасынан көп көрсөтсө, КНС боюнча салыктык милдеттенмеси келишимде жана эсеп-фактурада көрсөтүлгөн баага жараша, КНС салыктык базасын колдонбостон эсептелет.
14. Өндүрүүчү Тизмекке киргизилген товардын салык салынуучу берүүсүн жүзөгө ашырган жана келишимде жана эсеп-фактурада товардын баасын тобокелдик белгилери бар КНСтин белгиленген салыктык базасынан аз көрсөткөн учурда, КНС боюнча салык милдеттенмеси, эгерде өндүрүүчүнүн баасы мамлекет тарабынан белгиленсе же Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык монополияга каршы орган менен макулдашылса, КНСтин белгиленген салыктык базасын колдонбостон эсептелет.
15. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
16. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
17. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
18. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
19. Эгерде импорттоочу же өндүрүүчү ири салык төлөөчү болуп эсептелсе, товарларга карата КНС боюнча салыктык милдеттенме тобокелдик белгилери бар КНСтин салыктык базасын колдонбостон, товарлардын баасынын негиздүүлүгүн ырастаган документтерде көрсөтүлгөн баага негизденип эсептелет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 77 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Салык органы импорттолуучу товар боюнча бүтүмдүн тараптары колдонгон бааны ырастоо жөнүндө белгиленген тартипте экспорттоочу өлкөнүн компетенттүү салык органына суроо-талап жиберүүгө укуктуу.
Экспорттоочу өлкөнүн компетенттүү салык органынан товарлардын баасынын ылайык келбегендигин күбөлөндүрүүчү маалыматтарды сураган же алган учурдан тартып 90 (токсон) күн өткөндөн кийин ырастоо жок болсо, салык органы салык мыйзамдарына ылайык товарды ташып кирген (импорттогон) күндөн тартып туумду эске алуу менен тобокелдик белгилери бар салыктык база боюнча КНСти кошумча эсептейт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 77 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Тобокелдик белгилери бар КНСтин белгиленген салыктык базасы менен макул болбогон импорттоочу бүтүмдүн тараптары колдонгон товарлардын баасын колдонуу жөнүндө арыз менен салыктык катталган жери боюнча салык органына кайрылууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 77 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Тобокелдик белгилери бар КНСтин белгиленген салыктык базасы менен макул болбогон өндүрүүчү бүтүмдүн тараптары колдонгон товарлардын баасынын негиздүүлүгүн ырастаган документтерди салык органына берүүгө укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 77 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Салык органы бүтүмдүн тараптары колдонгон товарлардын баасы жөнүндө импорттоочунун арызын карайт жана белгиленген тартипте экспорттоочу өлкөнүн компетенттүү салык органына суроо-талапты жиберет.
Бүтүмдүн тараптары колдонгон товарлардын баасы экспорттоочу өлкөнүн компетенттүү салык органы тарабынан 90 (токсон) күндүн ичинде ырасталган учурда КНС боюнча салык милдеттенмеси менен келишимде (контрактта) көрсөтүлгөн баанын ортосундагы айырма экспорттоочу өлкөнүн компетенттүү салык органынан расмий ырастоо келип түшкөн учурдан тартып ашыкча төлөнгөн болуп саналат.
Экспорттоочу өлкөнүн компетенттүү салык органынан көрсөтүлгөн ырастоо болгон учурда бул ырастоо импорттоочу же өндүрүүчү тарабынан ТЭИ ТН коду боюнча келишимде (контрактта) көрсөтүлгөн бааны ыйгарым укуктуу салык органында ырастоо катталган күндөн тартып кийинки 6 (алты) айдын ичинде товарлар үчүн салык базасы катары колдонуу үчүн негиз болуп эсептелет.
Талап кылынган учурдан тартып 90 (токсон) күн өткөндөн кийин экспорттоочу өлкөнүн компетенттүү салык органынан ырастоо жок болсо, КНСтин салыктык базасы өзгөрүүсүз калат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 77 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Салык органы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 20-беренесинин 4-бөлүгүнө, 139-беренесинин 5–7-бөлүктөрүнө ылайык бүтүмдүн тараптары колдонгон товардын баасынын негиздүүлүгүн ырастаган өндүрүүчүнүн документтерин карайт.
Эгерде өндүрүүчү берген ырастоочу документтерди салык органы тарабынан кароонун жыйынтыгы боюнча бүтүмдүн тараптары колдонгон товарлардын баасы негиздүү деп таанылса, КНС боюнча салыктык милдеттенме тобокелдик белгилери бар КНСтин салыктык базасын колдонбостон, келишимде (контрактта) жана товарды коштоочу документтерде көрсөтүлгөн баадан улам эсептелет.
Эгерде бүтүмдүн тараптары колдонгон товардын баасы өндүрүүчү тарабынан берилген ырастоочу документтерди салык органы тарабынан кароонун жыйынтыгы боюнча негизсиз деп таанылса, КНС тобокелдик белгилери бар КНСтин салыктык базасын колдонуу менен салык органы тарабынан эсептелүүгө тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 77 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Ушул Тартиптин 22-пунктунда көрсөтүлгөн товарлардын баасынын негиздүүлүгүн ырастоочу документтерге төмөнкүлөр кирет:
1) колдонулуучу бааларды милдеттүү түрдө чагылдыруу менен материалдык ресурстарды жана товарларды жөнөтүүгө келишим/контракт;
2) өз ара көз каранды болуп саналбаган жактардын ортосундагы бүтүмдөр боюнча келишим/контракт:
– товарларга керектөө суроо-талабынын сезондук жана башка өзгөрүүлөрү;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте товарлардын сапатын же башка керектөө касиеттерин жоготуусу;
– товарлардын жарактуулук же сатуу мөөнөтү бүткөндө же жакындап калганда;
– маркетингдик саясат, анын ичинде окшошпогон жаңы товарларды рынокко чыгарууда, ошондой эле товарларды жаңы рынокторго чыгаруу;
– керектөөчүлөрдү тааныштыруу максатында товарлардын тажрыйбалык моделдерин жана үлгүлөрүн сатуу;
3) эсеп-фактура (кагаз же электрондук документ түрүндө);
4) ЕАЭБтин техникалык регламентине шайкештик сертификаты же ветеринардык жана фитосанитардык сертификат же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ЕАЭБ укугунун талаптарына ылайык стандарттарга шайкештик жөнүндө декларация сыяктуу ТЭИ ТН коду көрсөтүлгөн документ.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 77 токтомунун редакциясына ылайык)
| Тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык тобокелдик белгилери бар товарларды берүүнүн салык салынуучу наркы жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ташып киргизилген товарлардын импортунун салык салынуучу наркы боюнча кошумча нарк салыгынын салыктык базасын аныктоо жана колдонуу тартибине тиркеме |
Форма
Тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасы белгиленген
товарлардын тизмеги
№ | Товардын аталышы | ТЭ ИТН коду | Тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасы | Өлчөө бирдиги |
1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|