Документке
Мурунку28.08.2025

Тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 60 токтомуна)

Тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык тобокелдик белгилери бар товарларды берүүнүн салык салынуучу наркы жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ташып киргизилген товарлардын импортунун салык салынуучу наркы боюнча кошумча нарк салыгынын салыктык базасын аныктоо жана колдонуу  ТАРТИБИ

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)

1-глава. Жалпы жоболор

1. Тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык тобокелдик белгилери бар товарларды берүүнүн салык салынуучу наркы жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ташып киргизилген товарлардын импортунун салык салынуучу наркы боюнча кошумча нарк салыгынын салыктык базасын аныктоо жана колдонуу тартиби (мындан ары - Тартип) тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык тобокелдик белгилери бар товарларды берүүнүн салык салынуучу наркы жана Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерден ташып киргизилген товарлардын импортунун салык салынуучу наркы боюнча кошумча нарк салыгынын (мындан ары - КНС) салыктык базасын аныктоо жана колдонуу жол-жобосун регламенттейт.

2. Тартипте төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:

1) импорттоочу - ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоочу салык төлөөчү;

2) өндүрүүчү - Кыргыз Республикасынын аймагында товар өндүрүүнү (даярдоону) жүзөгө ашыруучу, жеке ишкер катары катталган юридикалык же жеке жак;

3) тобокелдиктерди башкаруу системасы (мындан ары - ТБС) - салык төлөөчү тарабынан салык милдеттенмесин аткарбоо жана/же толук эмес аткаруу ыктымалдуулугунун тобокелдиктерин аныктоо үчүн багытталган ыйгарым укуктуу салык органынын системасы;

4) тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасы - товарларды берүүнүн салык салынуучу наркы жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден ташып киргизилген товарлардын салык салынуучу импорту боюнча, тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасы;

5) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

6) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасы ыйгарым укуктуу салык органынын буйругу менен ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталуучу КНС салыктык базасы белгиленген товарлардын тизмегине (мындан ары - Тизмек) ылайык ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу, ЕАЭБ Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын (мындан ары - ТЭИ ТН) 10 белгиден турган цифралык коду бар товарларына белгиленет.

4. Тизмек ушул Тартиптин тиркемесине ылайык форма боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын буйругу менен бекитилет жана ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтына жарыяланууга тийиш.

5. Ташып киргизилген товар үчүн эсептешүүлөрдө колдонулуучу ЕАЭБге мүчө мамлекеттин валютасынын курсу салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык импорттолгон товарларды эсепке кабыл алган датага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелет.

2-глава. КНС салыктык базасын аныктоо жана колдонуу

6. Мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн, маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдүн салык салынуучу наркын кошпогондо, тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасы ушул Тартиптин 8-пунктуна ылайык аныкталуучу тиешелүү товардык позицияга орточо бааны эске алуу менен төмөнкү формула боюнча аныкталат:

тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасы = 06 - (ОБ * 30%), мында 06 - ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден импорттолуучу жана/же Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарлардын орточо баасы.

7. Тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасы улуттук валютада белгиленет.

8. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден импорттолуучу товарларга орточо баа импорттоочулар тарабынан акыркы (отчеттук) 60 (алтымыш) күн үчүн берилген товарларды ташып киргизүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздардын маалыматтарынын, ошондой эле өндүрүүчүлөр тарабынан акыркы (отчеттук) 60 (алтымыш) күн үчүн таризделген электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтарынын негизинде квартал сайын ТЭИ ТН коддорун тандоо жолу менен ТБС аркылуу аныкталат.

Кыргыз Республикасында ТЭИ ТН тиешелүү коду менен белгилүү бир товардык позицияны өндүрүү жана тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасын аныктоо үчүн анын баасы жок болгон учурда, ТЭИ ТН тиешелүү коду менен Кыргыз Республикасына импорттолуучу товардык продукциянын орточо баасы эске алынат.

Кыргыз Республикасына ТЭИ ТН тиешелүү коду менен белгилүү бир товардык позициянын импорту жана КНС салыктык базасын аныктоо үчүн анын баасы жок болсо, ТЭИ ТН тиешелүү коду менен Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн товардык продукциянын орточо баасы эске алынат.

9. Тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасы ТЭИ ТН кодуна ылайык ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон товарлар үчүн квартал сайын белгиленет.

Эгерде кийинки мезгилге тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасы ушул Тартипте аныкталган тартипте белгиленбесе, өткөн мезгил үчүн белгиленген КНС салыктык базасы колдонулат.

Мобилдик байланыш түзүлүштөрүнө, маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөргө тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасы идентификациялоо оператору тарабынан берилген Мамлекеттик идентификациялоо системасынын маалыматтар базасынан алынган маалыматтардын негизинде аныкталат.

10. Идентификациялоо оператору ыйгарым укуктуу салык органына GSMA маалыматтарына негизделген мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн, маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдүн наркын берет. Мобилдик байланыш түзүлүштөрүнө, маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөргө тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасы идентификациялоо оператору берген маалыматтардын негизинде аныкталат.

11. Эгерде импорттоочу Тизмекке киргизилген товарды ташып киргизүүнү жүзөгө ашырса жана келишимде (контрактта) жана товарды коштоочу документтерде товардын баасын:

1) тобокелдик белгилери бар КНСтин белгиленген салыктык базасынан аз көрсөтсө, КНС боюнча салык милдеттенмеси кыйыр салыктар боюнча салык отчетунда маалыматтарды чагылдыруу менен КНСтин белгиленген салыктык базасын колдонуу менен эсептелет;

2) тобокелдик белгилери бар КНСтин белгиленген салыктык базасынан көп көрсөтсө, КНС боюнча салык милдеттенмеси келишимде (контрактта) жана товарды коштоочу документтерде көрсөтүлгөн баага жараша, КНС салыктык базасын колдонбостон эсептелет.

12. Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды тиешелүү товарды коштоочу документтери жок ташып киргизүү фактылары аныкталса, импортко КНСти эсептөө Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык импорттоочуну жоопкерчиликке тартуу жана төмөнкү формула боюнча эсептелген орточо бааны колдонуу менен салык органы тарабынан жүзөгө ашырылат: ОБ = тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасы / 70%.

13. Эгерде өндүрүүчү Тизмекке киргизилген товарларга салык салынуучу берүүнү жүзөгө ашырса жана келишимде жана эсеп-фактурада товардын баасын:

1) тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасынан аз көрсөтсө, КНС боюнча салык милдеттенмеси КНС боюнча салык отчетунда маалыматтарды чагылдыруу менен КНСтин белгиленген салыктык базасын пайдалануу менен эсептелет;

2) тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасынан көп көрсөтсө, КНС боюнча салыктык милдеттенмеси келишимде жана эсеп-фактурада көрсөтүлгөн баага жараша, КНС салыктык базасын колдонбостон эсептелет.

14. Өндүрүүчү Тизмекке киргизилген товардын салык салынуучу берүүсүн жүзөгө ашырган жана келишимде жана эсеп-фактурада товардын баасын тобокелдик белгилери бар КНСтин белгиленген салыктык базасынан аз көрсөткөн учурда, КНС боюнча салык милдеттенмеси, эгерде өндүрүүчүнүн баасы мамлекет тарабынан белгиленсе же Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык монополияга каршы орган менен макулдашылса, КНСтин белгиленген салыктык базасын колдонбостон эсептелет.

15. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

16. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

17. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

18. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык тобокелдик белгилери бар товарларды берүүнүн салык салынуучу наркы жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ташып киргизилген товарлардын импортунун салык салынуучу наркы боюнча кошумча нарк салыгынын салыктык базасын аныктоо жана колдонуу тартибине тиркеме

Форма

Тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасы белгиленген товарлардын ТИЗМЕГИ

№

Товардын аталышы

ТЭ ИТН коду

Тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасы

Өлчөө бирдиги

1

2

3

Жаңы05.02.2025

Тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 60 токтомуна)

Тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык тобокелдик белгилери бар товарларды берүүнүн салык салынуучу наркы жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ташып киргизилген товарлардын импортунун салык салынуучу наркы боюнча кошумча нарк салыгынын салыктык базасын аныктоо жана колдонуу  ТАРТИБИ

1-глава. Жалпы жоболор

1. Тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык тобокелдик белгилери бар товарларды берүүнүн салык салынуучу наркы жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ташып киргизилген товарлардын импортунун салык салынуучу наркы боюнча кошумча нарк салыгынын салыктык базасын аныктоо жана колдонуу тартиби (мындан ары - Тартип) тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык тобокелдик белгилери бар товарларды берүүнүн салык салынуучу наркы жана Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерден ташып киргизилген товарлардын импортунун салык салынуучу наркы боюнча кошумча нарк салыгынын (мындан ары - КНС) салыктык базасын аныктоо жана колдонуу жол-жобосун регламенттейт.

2. Тартипте төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:

1) импорттоочу - ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоочу салык төлөөчү;

2) өндүрүүчү - Кыргыз Республикасынын аймагында товар өндүрүүнү (даярдоону) жүзөгө ашыруучу, жеке ишкер катары катталган юридикалык же жеке жак;

3) тобокелдиктерди башкаруу системасы (мындан ары - ТБС) - салык төлөөчү тарабынан салык милдеттенмесин аткарбоо жана/же толук эмес аткаруу ыктымалдуулугунун тобокелдиктерин аныктоо үчүн багытталган ыйгарым укуктуу салык органынын системасы;

4) тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасы - товарларды берүүнүн салык салынуучу наркы жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден ташып киргизилген товарлардын салык салынуучу импорту боюнча, тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасы;

5) дистрибьютор - даярдоочу завод же анын соода үйү менен дистрибьютордук макулдашуусу бар, дистрибьютордун статусун ырастоочу соода уюму;

6) дистрибьютордук макулдашуу - товарларды сатып алууга өзгөчө же артыкчылыктуу укугу бар чет өлкөлүк контрагент менен келишим, ал боюнча бир тарап экинчи тараптан товарларды сатып алууга, аларды белгилүү бир аймакта сатууга жана илгерилетүүгө милдеттенет.

Тартипте колдонулуучу башка терминдер жана аныктамалар ушул Тартипте жана Кыргыз Республикасынын Салык мыйзамдарында аныкталган мааниде чечмеленет.

3. Тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасы ыйгарым укуктуу салык органынын буйругу менен ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталуучу КНС салыктык базасы белгиленген товарлардын тизмегине (мындан ары - Тизмек) ылайык ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу, ЕАЭБ Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын (мындан ары - ТЭИ ТН) 10 белгиден турган цифралык коду бар товарларына белгиленет.

4. Тизмек ушул Тартиптин тиркемесине ылайык форма боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын буйругу менен бекитилет жана ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтына жарыяланууга тийиш.

5. Ташып киргизилген товар үчүн эсептешүүлөрдө колдонулуучу ЕАЭБге мүчө мамлекеттин валютасынын курсу салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык импорттолгон товарларды эсепке кабыл алган датага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелет.

2-глава. КНС салыктык базасын аныктоо жана колдонуу

6. Мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн, маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдүн салык салынуучу наркын кошпогондо, тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасы ушул Тартиптин 8-пунктуна ылайык аныкталуучу тиешелүү товардык позицияга орточо бааны эске алуу менен төмөнкү формула боюнча аныкталат:

тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасы = 06 - (ОБ * 30%), мында 06 - ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден импорттолуучу жана/же Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарлардын орточо баасы.

7. Тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасы улуттук валютада белгиленет.

8. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден импорттолуучу товарларга орточо баа импорттоочулар тарабынан акыркы (отчеттук) 60 (алтымыш) күн үчүн берилген товарларды ташып киргизүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздардын маалыматтарынын, ошондой эле өндүрүүчүлөр тарабынан акыркы (отчеттук) 60 (алтымыш) күн үчүн таризделген электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтарынын негизинде квартал сайын ТЭИ ТН коддорун тандоо жолу менен ТБС аркылуу аныкталат.

Кыргыз Республикасында ТЭИ ТН тиешелүү коду менен белгилүү бир товардык позицияны өндүрүү жана тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасын аныктоо үчүн анын баасы жок болгон учурда, ТЭИ ТН тиешелүү коду менен Кыргыз Республикасына импорттолуучу товардык продукциянын орточо баасы эске алынат.

Кыргыз Республикасына ТЭИ ТН тиешелүү коду менен белгилүү бир товардык позициянын импорту жана КНС салыктык базасын аныктоо үчүн анын баасы жок болсо, ТЭИ ТН тиешелүү коду менен Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн товардык продукциянын орточо баасы эске алынат.

9. Тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасы ТЭИ ТН кодуна ылайык ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон товарлар үчүн квартал сайын белгиленет.

Эгерде кийинки мезгилге тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасы ушул Тартипте аныкталган тартипте белгиленбесе, өткөн мезгил үчүн белгиленген КНС салыктык базасы колдонулат.

Мобилдик байланыш түзүлүштөрүнө, маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөргө тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасы идентификациялоо оператору тарабынан берилген Мамлекеттик идентификациялоо системасынын маалыматтар базасынан алынган маалыматтардын негизинде аныкталат.

10. Идентификациялоо оператору ыйгарым укуктуу салык органына GSMA маалыматтарына негизделген мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн, маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдүн наркын берет. Мобилдик байланыш түзүлүштөрүнө, маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөргө тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасы идентификациялоо оператору берген маалыматтардын негизинде аныкталат.

11. Эгерде импорттоочу Тизмекке киргизилген товарды ташып киргизүүнү жүзөгө ашырса жана келишимде (контрактта) жана товарды коштоочу документтерде товардын баасын:

1) тобокелдик белгилери бар КНСтин белгиленген салыктык базасынан аз көрсөтсө, КНС боюнча салык милдеттенмеси кыйыр салыктар боюнча салык отчетунда маалыматтарды чагылдыруу менен КНСтин белгиленген салыктык базасын колдонуу менен эсептелет;

2) тобокелдик белгилери бар КНСтин белгиленген салыктык базасынан көп көрсөтсө, КНС боюнча салык милдеттенмеси келишимде (контрактта) жана товарды коштоочу документтерде көрсөтүлгөн баага жараша, КНС салыктык базасын колдонбостон эсептелет.

12. Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды тиешелүү товарды коштоочу документтери жок ташып киргизүү фактылары аныкталса, импортко КНСти эсептөө Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык импорттоочуну жоопкерчиликке тартуу жана төмөнкү формула боюнча эсептелген орточо бааны колдонуу менен салык органы тарабынан жүзөгө ашырылат: ОБ = тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасы / 70%.

13. Эгерде өндүрүүчү Тизмекке киргизилген товарларга салык салынуучу берүүнү жүзөгө ашырса жана келишимде жана эсеп-фактурада товардын баасын:

1) тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасынан аз көрсөтсө, КНС боюнча салык милдеттенмеси КНС боюнча салык отчетунда маалыматтарды чагылдыруу менен КНСтин белгиленген салыктык базасын пайдалануу менен эсептелет;

2) тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасынан көп көрсөтсө, КНС боюнча салыктык милдеттенмеси келишимде жана эсеп-фактурада көрсөтүлгөн баага жараша, КНС салыктык базасын колдонбостон эсептелет.

14. Өндүрүүчү Тизмекке киргизилген товардын салык салынуучу берүүсүн жүзөгө ашырган жана келишимде жана эсеп-фактурада товардын баасын тобокелдик белгилери бар КНСтин белгиленген салыктык базасынан аз көрсөткөн учурда, КНС боюнча салык милдеттенмеси, эгерде өндүрүүчүнүн баасы мамлекет тарабынан белгиленсе же Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык монополияга каршы орган менен макулдашылса, КНСтин белгиленген салыктык базасын колдонбостон эсептелет.

15. Импорттоочу анын дистрибьютор статусун ырастоочу документти жана бүтүмдүн тараптары колдонгон товарлардын баасынын негиздүүлүгүн ырастоочу документтерди берген учурда, мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү кошпогондо, товарларга карата КНС боюнча салык милдеттенмеси товарлардын баасынын негиздүүлүгүн ырастоочу документтерде көрсөтүлгөн баага жараша, тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасын колдонбостон эсептелет.

16. Тобокелдик белгилери бар КНСтин белгиленген салыктык базасы менен макул болбогон импорттоочу же өндүрүүчү салык органына бүтүмдүн тараптары колдонгон товарлардын баасынын негиздүүлүгүн ырастоочу документтерди берүүгө укуктуу.

17. Салык органы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 20-беренесинин 4-бөлүгүнө, 139-беренесинин 5-7-бөлүктөрүнө ылайык бүтүмдүн тараптары колдонгон товарлардын баасынын негиздүүлүгүн ырастоочу документтерди карайт.

Эгерде салык органынын импорттоочу же өндүрүүчү тарабынан берилген ырастоочу документтерди кароосунун жыйынтыгы боюнча бүтүмдүн тараптары колдонгон товарлардын баасы негиздүү деп таанылса, КНС боюнча салык милдеттенмеси келишимде (контрактта) жана товарды коштоочу документтерде көрсөтүлгөн баага жараша, тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасын колдонбостон эсептелет.

Эгерде салык органынын импорттоочу же өндүрүүчү тарабынан берилген ырастоочу документтерди кароосунун жыйынтыгы боюнча бүтүмдүн тараптары колдонгон товарлардын баасы негизсиз деп таанылса, КНС салык органы тарабынан тобокелдик белгилери бар КНС салыктык базасын колдонуу менен эсептелүүгө тийиш.

18. Ушул Тартиптин 15, 16-пункттарында көрсөтүлгөн товарлардын баасынын негиздүүлүгүн ырастоочу документтерге төмөнкүлөр кирет:

1) колдонулуучу бааларды милдеттүү түрдө чагылдыруу менен материалдык ресурстарды жана товарларды берүүгө келишим/контракт;

2) өз ара көз каранды болбогон жактардын ортосундагы төмөнкүлөрдөн келип чыккан бүтүмдөр боюнча келишим/контракт:

- товарларга керектөө суроо-талабынын сезондук жана башка өзгөрүшүнөн;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте товарлардын сапатынын же башка керектөө касиеттеринин жоготушунан;

- товарлардын жарактуулук же сатуу мөөнөтүнүн бүтүү датасынын бүтүшүнөн же жакындашынан;

- маркетингдик саясаттан, анын ичинде рынокторго аналогу жок жаңы товарларды илгерилетүүдө, ошондой эле товарларды жаңы рынокторго илгерилетүүдө;

- керектөөчүлөрдү алар менен тааныштыруу максатында товарлардын сыноого коюлган моделдерин жана үлгүлөрүн сатуудан;

3) инвойс/эсеп-фактура жана/же товардык-транспорттук коштомо кагаз (кагаз же электрондук документ түрүндө);

4) ЕАЭБдин техникалык регламентине шайкештик сертификаты же ветеринардык жана фитосанитардык сертификат же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ЕАЭБ укугунун талаптарына ылайык стандарттарга шайкештик жөнүндө декларация сыяктуу ТЭИ ТН коду көрсөтүлгөн документ.