Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин XXIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
2025-жылынын 10-январы №10
« Тогуз-Торо айылдык кенешинин иш планын бекитүү жɵнүндɵ»
2025-жыл үчүн айылдык кеңештин иш планынын түзүлүшү, мазмуну тууралуу У.Токтожумаевдин билдирүү жасады, анда иш план туруктуу комиссиянын отурумунда алдын ала карап чыгып, алымча кошумча киргизилип комиссияалардын кортундусуна ылайык, кабыл алгандыгын билдирди.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын) кезектеги чакырылган II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2025-жыл үчүн түзүлгөн Тогуз-Торо айылдык кеңешинин иш планы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
2.Бул токтомду көзөмөлдөө “регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча жана мыйзамдуулукту, укуктук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура- курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Бейшенбек уулу Нурсултанга тапшырылсын.
3.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳт башчысынын орун басары-жооптуу катчысы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы | У.Токтожумаев |