Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин XXIX
чакырылышынын 3-сессиясынын
2025-ж ылдын 24-январындагы №17
Кызыл-Суу айыл аймагында мүлк салыгынын
өлчөмү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин № 404-берене 4-пунктунда нарктык зоналардын чектери, ошондой эле 0.3 төн 2.0 чейинки өлчөмдөгү калктуу конуштун жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн мүлк салыгы 2022-жылдын 18-январындагы №4 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык, 2025-жылдын 1-январь айынан тартып мүлк салыгы ишке киргизүү жагы жергиликтүү кенештер тарабынан жүргүзүлө тургандыгын эске алып, жергиликтүү кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.2025-жылдын 1-январь айынан тартып Кызыл-Суу айыл аймагындагы мүлк салыгынын төмөндөгүдөй өлчөмү ишке киргизилсин.
2. 2025-жылдын 1-январь айынан баштап айыл ичиндеги жерлер үчүн мүлк салыгы К3 1,2 коэфициент бекитилип, мүлк салыгы ошондой эле айыл чарба багытында эмес жерлер К3 1,2 коэфициент болуп бекитилсин.
- Ал эми кашарлар жана башка мал чарба объектилери үчүн мүлк салыгы К3 1,0 коэфициенти менен жана калктуу конуштардын жерлери 1,0 коэфициент болуп бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жергиликтүү кенештин бюджет, экономика жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетинин жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Иманбаевге тапшырылсын.
Төрайым Г. Чыныбаева