Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-февралындагы № 49 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна уруксат берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Ушул Жобону жөнгө салуу предмети
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине, миграция жана тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзамдарга, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына негизделет.
2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштурууга көмөк көрсөтүүдө келип чыгуучу мамлекеттик органдардын, юридикалык жана жеке жактардын ортосундагы мамилелерди жөнгө салат.
2-глава. Колдонулган терминдер
3. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) кызмат көрсөтүүгө келишим - иш издөөчү менен жөнөтүүчүнүн же чет өлкөлүк ортомчу уюмдун ортосунда жазуу жүзүндө түзүлгөн чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча кызмат (кызматтарды) көрсөтүү жөнүндө келишим;
2) чет өлкөлүк иш берүүчү (мындан ары - иш берүүчү) - ишке орношкон мамлекетте жумуштарды аткарууга (кызмат көрсөтүүгө) эмгек келишиминин (контракттын) же жарандык-укуктук келишимдин шарттарында иш берген же өз ишин жүзөгө ашырган жеке же юридикалык жак;
3) чет өлкөлүк ортомчу уюм - Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу максатында кадрларды тандоо боюнча ортомчулук кызматын көрсөтүүчү Кыргыз Республикасында катталбаган юридикалык же жеке жак;
4) жөнөтүүчү - Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө эмгектенүү үчүн жөнөтүүгө байланышкан иш менен мыйзамдуу алектенген жеке же юридикалык жак;
5) жумушчу - жөнөтүүчүнүн көмөктөшүүсү аркылуу чет өлкөлүк иш берүүчү менен эмгек мамилелерин түзгөн эмгекчи-мигрант;
6) Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкары ишке орноштурууга уруксат (мындан ары - уруксат) - миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча жеке же юридикалык жакка иш жүргүзүү укугун берген мамлекеттик үлгүдөгү документ;
7) чет өлкөдөн бош иш ордун издөөчү (мындан ары - иш издөөчү) - ишке орношуу максатында жөнөтүүчүнүн кызматына кайрылган эмгекке жарамдуу курактагы Кыргыз Республикасынын жараны же Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган жарандыгы жок адам;
8) эмгек келишими - чет өлкөлүк иш берүүчү менен иш издөөчүнүн ортосунда алардын өз ара укуктарын жана милдеттерин белгилеген жазуу жүзүндө түзүлгөн документ;
9) электрондук уруксат - миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жөнөтүүчүгө ушул Жободо каралган электрондук тартипте, анын ичинде электрондук Интернет тармагы аркылуу берилүүчү, тез жооп берүүнүн атайын окулуучу QR коду бар квалификациялуу электрондук кол тамга менен кол коюлган, статусу боюнча уруксатка теңештирилген документтик ырастоо;
10) QR код - тиркелген объект жөнүндө маалыматты камтыган машина окуй турган оптикалык белги.
3-глава. Чет өлкөдө ишке орноштуруу
4. Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкары ишке орноштуруу менен байланышкан иш деп Кыргыз Республикасынын жарандарынын эмгектенүүсүн жүзөгө ашыруу максатында чет өлкөгө чыгуусун уюштуруу боюнча ар кандай иш-аракет түшүнүлөт.
Чет өлкөдө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ишти мамлекеттик жөнгө салуу миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Жөнөтүүчүлөрдүн көмөктөшүүсү аркылуу иш издөөчүнү чет өлкөдө ишке орноштуруу Кыргыз Республикасынын тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү уруксаты болгондо гана ишке ашырылат.
Жөнөтүүчү катары чыккан жана ыйгарым укуктуу органдын уруксаты жок Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштурууга тыюу салынат.
Чет өлкөнүн ортомчу уюмдарына, ошондой эле иш берүүчүлөргө жөнөтүүчүлөрдү тартпастан Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштурууга тыюу салынат.
6. Жумушчулардын ишке орношкон мамлекеттеги эмгектенүүсү жеке эмгек келишиминин негизинде ишке орношкон мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
7. Жумушчуларга ишке орношкон мамлекетте укуктарын жана кызыкчылыктарын мамлекеттик коргоого кепилдик берилет.
8. Ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери менен биргеликте жумушчулардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча чараларды көрөт жана аларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде аныкталган тартипте жардам көрсөтөт.
9. Эгер ишке орношкон мамлекетте Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери жок болсо, жумушчулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде чет мамлекеттердин тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан ишке ашырылат.
4-глава. Ыйгарым укуктуу органдын укуктары жана милдеттери
10. Ыйгарым укуктуу орган өзүнүн функцияларын ишке ашыруу максатында:
1) ушул Жободо каралган учурларда жана тартипте уруксатты берет же берүүдөн баш тартат, узартат же узартуудан баш тартат, ошондой эле көрсөтүлгөн уруксатты токтотуп турат, кайра жаңыртат жана жокко чыгарат;
2) ушул Жободо каралган учурларда жана тартипте жөнөтүүчүдөн отчетторду, маалымкаттарды, алардын иши жөнүндө маалыматтарды талап кылат, ошондой эле тиешелүү маалымат алуу үчүн башка мекемелерге, уюмдарга жана жарандарга кайрылат;
3) жөнөтүүчүлөрдүн ишине мониторинг жүргүзөт, координациялайт жана контролдойт, жөнөтүүчүлөрдүн ишине баа берет;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптар аткарылбаган жана/же бузулган учурларда жөнөтүүчүлөргө эскертүүлөрдү жөнөтөт;
5) жөнөтүүчүдөн чет өлкөдө ишке орноштурууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларда белгиленген жол-жоболордун сакталбагандыгын жана/же бузулушун четтетүүнү талап кылат;
6) бузууларды четтетүүнү жана жөнөтүүчүлөр тарабынан ушул Жободо белгиленген талаптардын сакталышын камсыз кылуу максатында сот органдарына кайрылат;
7) ушул Жободо каралган тартипте жөнөтүүчүнүн адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч келтирген аракети же аракетсиздиги үчүн эскертүү жибербестен берилген уруксатты жокко чыгарат;
8) биргелешкен иштин алкагында ачык жана жашыруун маалыматтарды алмашуу максатында, анын ичинде ушул Жобонун жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча жөнөтүүчүлөрдүн ишине мониторинг жүргүзүүдө чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча ишти жөнгө салуу жаатында чет өлкөлүк ыйгарым укуктуу органдар менен кызматташат.
11. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө иш менен камсыз кылуу рыногун жөнгө салуу жана мониторинг жүргүзүү боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө;
2) Кыргыз Республикасынын ишке орношкон жарандарынын автоматташтырылган маалыматтар базасын, анын ичинде иш берүүчү менен түзүлгөн катталган эмгек келишимдери жөнүндө маалыматтарды иштеп чыгууга жана жүргүзүүгө;
3) жөнөтүүчүлөрдүн ишине натыйжалуу мониторинг жүргүзүү аркылуу иш издөөчүлөрдүн, жумушчулардын жана жөнөтүүчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого;
4) чарба жүргүзүүчү субъекттин Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкары жерлерде ишке орноштуруу боюнча уруксатсыз жарнамалоо фактылары жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга билдирүүгө;
5) берилген, токтотулган, жаңыртылган жана жокко чыгарылган уруксаттардын электрондук реестрин жүргүзүүгө;
6) жөнөтүүчү үчүн милдеттүү болгон жумушчуларды кетер алдында окутуу программасын иштеп чыгууга жана бекитүүгө;
7) ички иштер, улуттук коопсуздук маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын, ошондой эле тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө эмгектенүү үчүн жөнөтүүгө байланышкан иш менен алектенүүгө уруксаты бар юридикалык жана жеке жактардын тизмесин берүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык маалыматтардын корголушун жана купуялуулугун камсыз кылууга.
5-глава. Уруксат берүү, узартуу жана жокко чыгаруу
12. Уруксат юридикалык жактарга эгерде алардын уставдык капиталынын кеминде 85 пайызы Кыргыз Республикасынын жарандарына таандык болсо, анын ичинде уюштуруучулардын катарына акыркы менчиктин курамында көрсөтүлгөн үлүштүн сакталышын камсыз кылуучу башка юридикалык жактар кирген учурларда берилиши мүмкүн.
13. Уруксат жөнөтүүчүгө Кыргыз Республикасынын жарандарын көрсөтүлгөн бир гана чет мамлекетте ишке орноштуруу укугун берет.
14. Уруксат башка жеке же юридикалык жактарга пайдаланууга берилбейт.
15. Уруксатта көрсөтүлгөн аталышы же юридикалык дареги өзгөргөн учурда уруксат ыйгарым укуктуу органда 30 (отуз) календардык күндүн ичинде кайра катталууга тийиш. Жөнөтүүчү кайра түзүлгөн, жоюлган же уюштуруучулардын курамы өзгөргөн учурда ага берилген уруксат юридикалык күчүн жоготот жана кайра кайтарылууга тийиш.
Уруксатта көрсөтүлгөн уюштуруучулардын аты-жөнү, курамы, юридикалык дареги өзгөргөн учурда жөнөтүүчү 14 (он төрт) жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга билдирүүгө милдеттүү.
16. Уруксат бир нускада таризделет. Уруксаттын формасы ушул Жобонун тиркемесине ылайык бекитилет. Уруксаттын түп нускасы жоголгон учурда анын наркынын 50 пайызын төлөө менен дубликат берилет.
17. Уруксат берүү, берүүдөн баш тартуу, узартуу, узартуудан баш тартуу, ошондой эле жокко чыгаруу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу орган тарабынан миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын, ички иштер жана улуттук коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия тарабынан чыгарылат. Ведомстволор аралык комиссиянын иш тартиби ыйгарым укуктуу органдын чечими менен бекитилет.
18. Уруксат алуу жана узартуу үчүн юридикалык жана жеке жактар төмөнкүдөй документтерди берет:
1) юридикалык жана жеке жактардын уруксат алуу/узартуу үчүн арызы;
2) жетекчисинин, уюштуруучулардын ким экендигин күбөлөндүргөн документтердин көчүрмөлөрү, чет өлкөлүк жаран үчүн - анын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун мыйзамдуулугун күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү жана иштөөгө уруксаты. Эгерде уюштуруучулардын курамында чет өлкөлүк жаран болсо - анын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун мыйзамдуулугун күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү жана иштөөгө уруксаты, ошондой эле чет өлкөлүк жарандын паспортунун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу;
3) арыз ээсинин иш берүүчү/чет өлкөлүк ортомчу уюм менен кызматташуусун ырастаган макулдашуулардын, келишимдердин же башка документтердин көчүрмөлөрү, эгерде алар чет тилде түзүлсө -аталган документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу;
4) апостиль коюлган же легалдаштыруу процессинен өткөн, кабыл алуучу тараптын чет өлкөлүк жарандарды ишке орноштуруу укугун ырастоочу документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү же эгер ишке орношкон мамлекеттин мыйзамдары менен чет өлкөлүк жарандарды жумушка орноштурууга уруксат (лицензия) берүү каралбаса, иш берүүчүнүн чарбалык ишинин түрүн аныктаган документинин көчүрмөсүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
Чет мамлекеттердин аймагында таризделген, уруксатты алуу же узартуу үчүн берилген расмий документтер, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, консулдук легалдаштыруу болгон учурда Кыргыз Республикасында жарактуу деп таанылат. Чет тилде түзүлгөн документтер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилдерине которулууга тийиш. Документтерди которгон котормочунун колунун аныктыгы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш;
5) иш берүүчү менен жумушчунун ортосундагы эмгек келишиминин долбоору;
6) ишке орноштурууга көмөктөшүү үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген тарифи;
7) жөнөтүүчү менен иш издөөчүнүн ортосундагы кызмат көрсөтүүлөргө типтүү келишим, ал уруксат алынган учурда ишке орноштуруу процессинде пайдаланылууга тийиш.
19. Ушул Жобонун 18-пунктунда көрсөтүлгөн арыз жана документтер Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук түрдө берилет. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында арыз ээлерин каттоо жана идентификациялоо Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тиешелүү бөлүмүндө Бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу, мамлекеттик (муниципалдык) органдардын санариптик өз ара аракеттенүүсүнүн маалыматтарын алмашуу аркылуу, "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жүргүзүлөт.
Арыз ошондой эле жеке өзү же ишеним кат боюнча ыйгарым укуктуу өкүл аркылуу, паспорттун жана ишенимдүү адамдын документтеринин кагаз жүзүндөгү көчүрмөлөрүн тиркөө менен берилиши мүмкүн.
20. Ишеним кат боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр тарабынан берилген документтер документтин бардык аныктык белгилерин, анын ичинде графикалык кол тамганы, мөөр, бланктын бурчтук штампын жана датасын сактоону камсыздаган "Portable Document Format" (PDF) форматында сканерленүүгө тийиш. Сканерленген документтер электрондук кол тамга менен бекитилүүгө тийиш.
21. Ыйгарым укуктуу орган ушул Жобонун 18-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилгенде ушул Жобонун талаптарына шайкеш келерин 2 (эки) жумуш күндүн ичинде текшерет. Каталар жана дал келбөөлөр аныкталган учурда юридикалык же жеке жакка оңдоо зарылдыгы тууралуу электрондук билдирүү жиберилет жана өтүнмө жеткире иштеп чыгуу жана кайра тапшыруу үчүн кайтарылат.
22. Ыйгарым укуктуу орган электрондук документтерди толук комплектте алган учурда юридикалык же жеке жактын электрондук почта дарегине эки жумуш күндүн ичинде уникалдуу номер камтылган электрондук документтерди алууда тил кат менен билдирүү жиберет.
23. Ушул Жобонун 22-пунктунда көрсөтүлгөн уникалдуу номерди ыйгарым укуктуу органдын расмий веб-сайтында киргизген учурда жеке же юридикалык жак электрондук документтердин өткөндүгү тууралуу маалыматты алат.
24. Уруксат берүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат. Уруксат берүү жөнүндө чечим улуттук коопсуздук жана ички иштер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен милдеттүү макулдашуудан кийин арыз берилген күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде ведомстволор аралык комиссия тарабынан чыгарылат. Уруксат ведомстволор аралык комиссиянын оң чечиминен кийин мамлекеттик алымды жана кепилдик төгүм төлөнгөн датадан тартып бир жылдык мөөнөткө берилет. Ведомстволор аралык комиссиянын чечими эки жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жарыяланат.
25. Жөнөтүүчү ведомстволор аралык комиссиянын оң чечиминен кийин ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген банктык депозиттик эсепке ишинин бардык мезгили үчүн 1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө кепилдик төгүм катары которууга тийиш. Жумушчунун өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч жаралган учурда жөнөтүүчү аракет кылбаган учурда кепилдик төгүмдүн каражаттары ишке орноштурууга көмөктөшүү жөнүндө келишимдин жана/же эмгек келишиминин шарттарын аткарбоонун кесепетинен жумушчуга келтирилген мүмкүн болуучу материалдык зыяндын ордун толтуруу үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан жөнөтүүчү менен макулдашпастан сарпталат. Жөнөтүүчү тарабынан ыйгарым укуктуу органга берилген арыздын негизинде жөнөтүүчү ишин токтоткон учурда кепилдик төгүмдүн каражаттары үч жумуш күндүн ичинде жөнөтүүчүгө кайтарылат.
26. Уруксат берүү акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт. Уруксат берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен өлчөмдө мамлекеттик алым алынат. Жөнөтүүчү уруксат берүү үчүн ведомстволор аралык комиссиянын оң чечиминен кийин үч айдын ичинде уруксат кагазын бергендиги үчүн мамлекеттик алымды жана банктык депозиттик эсепти төлөөгө милдеттүү. Көрсөтүлгөн төлөм үч айдын ичинде жүргүзүлбөсө, жөнөтүүчүнүн арызы боюнча ведомстволор аралык комиссия баштапкы берилген документтердин пакетинин негизинде уруксат берүүнү кайра карап чыгышы мүмкүн.
27. Уруксаттын колдонуу мөөнөтү ыйгарым укуктуу орган тарабынан узартылат. Уруксаттын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим ведомстволор аралык комиссия тарабынан жөнөтүүчү арыз берген күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде кабыл алынат. Уруксат мурда алынган уруксаттын мөөнөтү аяктаганга чейин узартылат. Уруксаттын колдонуу мөөнөтүн узартууда жөнөтүүчүдөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен өлчөмдө мамлекеттик алым алынат. Уруксат мамлекеттик алым төлөнгөн датадан тартып үч жылга чейинки мөөнөткө узартылат.
28. Узартуудан баш тартуу жөнүндө чечим ведомстволор аралык комиссия тарабынан төмөнкү учурларда чыгарылат:
1) жөнөтүүчү уруксатты узартууда анык эмес маалыматтар менен документтерди берген фактылар аныкталса;
2) уруксатта көрсөтүлгөн аталышын, юридикалык дарегин өзгөртүү фактылары аныкталса;
3) жөнөтүүчү белгиленген тартипте отчетторду, маалымкаттарды же алардын иши жөнүндө маалыматтарды бербесе;
4) ыйгарым укуктуу органдын жазма буйруктарына ылайык бузууларды белгиленген мөөнөттө четтетпесе.
29. Уруксаттын колдонулушун токтотуп туруу ыйгарым укуктуу орган тарабынан төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) жөнөтүүчү уруксат алууда анык эмес маалыматтар менен документтерди берген фактылар аныкталса;
2) жөнөтүүчү ыйгарым укуктуу органдын жазуу жүзүндөгү эскертүүсүндө көрсөтүлгөн уруксат берүүчү талаптарды бузууларды белгиленген мөөнөттө четтетпесе;
3) жөнөтүүчүгө же иш берүүчүгө карата арыз келип түшсө;
4) жөнөтүүчү белгиленген тартипте отчетторду, маалымкаттарды же алардын иши жөнүндө маалыматтарды бербесе;
5) ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын тышкы эмгек миграциясы жаатындагы мыйзамдарын бузгандыгы жөнүндө эки жолу эскертүү берсе;
6) филиалдардын каттоосун ырастаган юстиция жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген расмий документи жок болгон Кыргыз Республикасынын региондорунда иш издөөчүлөрдү алууну жүргүзсө;
7) эгерде жөнөтүүчү Кыргыз Республикасынын жаранына эмгек келишиминин, кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө келишимдин бир нускасын же жөнөтүүчүнүн кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөө квитанциясынын көчүрмөсүн бербесе.
30. Уруксаттын колдонулушун токтотуп туруу жана кайра жаңылоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан жөнөтүүчүгө себебин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кабарлоо жөнөтүү аркылуу жүргүзүлөт. Уруксатты токтотуп туруу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү актысы менен таризделет. Уруксаттын колдонулушу жөнөтүүчү бардык аныкталган бузууларды четтеткенден кийин гана кайра жаңыланат.
31. Уруксаттын аракеттери жөнөтүүчү тарабынан бузуулардын себептери 30 (отуз) календардык күндөн ашпаган мөөнөткө четтетилгенге чейин токтотулат. Бузуулар 30 (отуз) календардык күндүн ичинде четтетилбеген учурда уруксаттын колдонулушу ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен жокко чыгарылышы мүмкүн.
32. Жөнөтүүчү 14 (он төрт) календардык күндүн ичинде бузууларды четтетүүгө жана ыйгарым укуктуу органга уруксаттын колдонулушун токтотуп турууга алып келген бузууларды четтеткендиги жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
33. Уруксатты колдонуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан уруксаттын колдонулушу токтотулуп турган мөөнөт аяктаган күндөн кийинки күндөн тартып, уруксатты токтотуп турууга алып келген бузуулар четтетилген шартта же бузуулар мөөнөтүнөн мурда четтетилген учурда, уруксаттын колдонулушун токтотуп туруу үчүн белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин кайра жаңыртылат.
34. Төмөнкү учурларда уруксат берилбейт:
1) жөнөтүүчү уруксат алуу үчүн документтерди тапшырууда анык эмес маалыматтар менен документтерди берген фактылар аныкталса;
2) эгерде эмгек келишиминин, ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө келишимдин же кызматташуу жөнүндө келишимдин шарттары Кыргыз Республикасынын же ишке орношкон өлкөнүн мыйзамдарына ылайык келбесе, же ишке орношкон өлкө менен күчүнө кирген мамлекеттер аралык макулдашуулар же программалар бар болсо;
3) эгерде жөнөтүүчү уюшкан топтордун, кылмыштуу жамааттардын, ошондой эле террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөсү болсо;
4) эгерде жөнөтүүчү Кыргыз Республикасынын тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзамдарына каршы келген аракеттерди жасаса;
5) эгерде жөнөтүүчү Кыргыз Республикасында кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон болсо, жазасын өтөп бүткөнгө же бошотулганга чейин;
6) салыктык же камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын болушу;
7) жөнөтүүчү же иш берүүчү тарабынан келишимдердин шарттарын бузуунун кесепетинен эмгек мигрантынын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч жаралса.
35. Төмөнкү учурларда берилген уруксат жокко чыгарылат:
1) жөнөтүүчү же иш берүүчү тарабынан келишимдердин шарттарын бузуунун кесепетинен эмгек мигрантынын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч жаралса;
2) салыктык же камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын болушу;
3) ыйгарым укуктуу органдын жазма буйруктарына ылайык бузуулар белгиленген мөөнөттө четтетилбесе;
4) ишке орношкон башка өлкөлөр боюнча уруксаттарды пайдалануу фактылары аныкталса;
5) бир жылдын ичинде уруксат берүүчү талаптарды үч жолу бузса.
36. Мурда берилген уруксат ушул Жобонун 35-пунктунда көрсөтүлгөн себептер боюнча жокко чыгарылса, жөнөтүүчү салган кепилдик төгүмү кайтарып берилбейт жана ыйгарым укуктуу органдын пайдасына алынат.
37. Уруксат жокко чыгарылган учурда жөнөтүүчү кабарлоону алгандан кийин 3 (үч) жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга уруксаттын түп нускасын кайтарып берүүгө милдеттүү.
38. Уруксат берүүдөн, узартуудан баш тартуу, анын колдонулушун токтотуу же жокко чыгаруу жөнүндө чечим жөнөтүүчү тарабынан сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
39. Уруксат жоголсо, бузулса, жөнөтүүчү арыздын негизинде уруксаттын дубликатын алууга укуктуу. Уруксат бузулган учурда арызга бузулган уруксаттын бланкы тиркелет.
40. Жоголгон, бузулган бланктар жөнөтүүчү арыз берген күндөн тартып жараксыз деп эсептелет.
41. Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган арыз берилген күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде жогорку оң бурчунда "Дубликат" деген жазуусу бар уруксаттын дубликатын берет.
6-глава. Жөнөтүүчүлөрдүн укуктары жана милдеттери
42. Жөнөтүүчү чет өлкөдө ишке орноштуруу чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин түзөт жана аны ушул Жободо аныкталган шарттарда ишке ашырууга сунуш кылат.
43. Жөнөтүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) эмгек миграциясы жана чет өлкөдө ишке орноштуруу чөйрөсүндө маалыматтык-консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө;
2) иш берүүчүнүн өтүнмөсүндө аныкталган талаптарга жооп берген иш издөөчүлөрдү тандоого;
3) иш издөөчүлөргө ылайыктуу жумуш ордун тандоого көмөк көрсөтүүгө, иш берүүчү менен эмгек мамилелерин тариздөөгө;
4) бош жумуш орундары, иш издөөчүлөр жана жумушчулар, иш берүүчүлөр, ошондой эле ак ниет эмес иш берүүчүлөр жана жумушчулар жөнүндө маалыматтардын тиешелүү маалыматтык базаларын жүргүзүүгө;
5) ишке орношкон мамлекеттин мыйзамдарына ылайык аларды иш берүүчүдө кийин ишке орноштуруу максатында иш издөөчүлөрдү кесиптик даярдоо, кайра даярдоо, тестирлөө жана сертификаттоо боюнча мамлекеттик иш-чараларга жана программаларга катышууга;
6) иш издөөчүлөрдү кийин ишке орноштуруу максатында кесиптик даярдоону, кайра даярдоону уюштурууга жана өткөрүүгө катышууга;
7) иш издөөчүнүн квалификациясынын иш берүүчү тарабынан коюлган талаптарга шайкештигин аныктоо боюнча иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
8) ишке орношкон мамлекеттин мыйзамдарына ылайык эмгек миграциясына байланышкан, Кыргыз Республикасынын жана ишке орношкон мамлекеттин мыйзамдарына каршы келбеген башка талап кылынган кызматтарды жумушчуларга жана иш берүүчүлөргө көрсөтүүгө;
9) чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө келишимди түзүүгө;
10) жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш издөөчүлөр жана жумушчулар тууралуу маалыматтар базасын түзүүгө жана жүргүзүүгө.
Иш издөөчүнү ишке орноштуруунун акысыз программаларынын негизинде ишке орноштурууда эмгек келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин депозиттин суммасы иш издөөчүгө толук кайтарылган шартта жөнөтүүчүгө депозитти алууга уруксат берилет. Депозиттин өлчөмү, аны төлөө жана кайтаруу шарттары иш издөөчү менен жөнөтүүчүнүн ортосундагы жазуу жүзүндөгү келишимде милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш.
44. Жөнөтүүчү кызматтарды көрсөтүүдө төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) бир же бир нече кызматтарды көрсөтүүнү жазуу жүзүндөгү келишим менен тариздөөгө;
2) уюштуруу документтеринде каралган кызматтарды көрсөтүүгө карата иш издөөчүлөрдүн жана иш берүүчүлөрдүн кайрылууларын өз убагында жана толук кароону камсыз кылууга;
3) иш издөөчүлөрдү ишке орноштурууга байланышкан кызматтарды көрсөтүүдө ушул Жобонун ченемдерин жетекчиликке алууга;
4) иш издөөчүлөрдү эмгек келишими (жарандык-укуктук келишим) боюнча иш жүзүндө алардын иши башталганга чейин кызмат көрсөтүүгө байланышкан так жана зарыл болгон маалымат менен камсыз кылууга;
5) иш издөөчүлөрдөн алынган жеке маалыматтарды жана иш берүүчүлөрдөн алынган купуя маалыматты жеке мүнөздөгү маалыматты коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үчүнчү жактарга бербестен, кызматтарды көрсөтүү жөнүндө кайрылууларды ишке ашыруу максатында түз багыты боюнча гана пайдаланууга;
6) жумушчуну кошумча атайын даярдоону жана эмгекти коргоо боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүнү талап кылган өндүрүштүк тобокелдиктердин жол берилгис жогорку даражасы болгон ишке тартуу учурларын алдын алуу, ошондой эле басмырлоонун бардык формаларын жоюу үчүн жумушчунун эмгектенүүсүнө мониторинг жүргүзүүгө;
7) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча аларга кайрылган иш издөөчүлөр, жумушчулар жана иш берүүчүлөр, ошондой эле аларга көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө маалыматты жеке мүнөздөгү маалыматты коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык берүүгө;
8) кызматкерди тартуу жана анын эмгегин мыйзамдуу негиздерде пайдалануу үчүн зарыл болгон тиешелүү документтердин иш берүүчүдө бар экендиги жөнүндө маалымат менен ыйгарым укуктуу органды камсыз кылууга;
9) иш издөөчүлөргө ишке орношкон мамлекетте мыйзамдуу негиздерде болуу жана эмгектенүү үчүн зарыл болгон, ишке орношкон мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген документтерди, уруксаттарды жана каттоо-эсепке алуу белгилерин алууга көмөк көрсөтүүгө;
10) жумушчуларды эмгек келишими (жарандык-укуктук келишим) түзүлгөнгө чейин баруучу жер, иштин мүнөзү, эмгек акынын өлчөмү, эмгекти коргоо, пенсиялык камсыздоо жөнүндө, ошондой эле диний жана улуттук салттар, иш берүүчүдө ылайыктуу турак жай-тиричилик шарттарынын болушу, медициналык жардамдын ар кандай түрлөрүн алуу мүмкүнчүлүгү, акча которуу, юридикалык маселелер боюнча консультациялар жөнүндө тиешелүү маалымат менен камсыз кылууга;
11) жумушчу ишке орношкон мамлекетке кеткенге чейин ага ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган жеке эмгек келишиминин бир нускасын, ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү жөнүндө келишимди жана жөнөтүүчүнүн кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөнгөндүгү тууралуу квитанциянын көчүрмөсүн берүүгө;
12) жарандардын эмгек келишимдеринин колдонуу мөөнөттөрүн, кирүү/чыгуу датасын, баруучу өлкөнү жана чет өлкөлүк иш берүүчүдө аткаруучу иштин түрүн көрсөтүү менен, өзүнүн көмөгү менен чет өлкөдө жумушка орношкон Кыргыз Республикасынын жарандары жөнүндө жыйынды маалыматты электрондук формада ыйгарым укуктуу органга берүүгө;
13) көрсөтүлгөн кызматтар үчүн бир жолку тарифти эмгек келишиминде (жарандык-укуктук келишимде) белгиленген эмгекчи-мигранттын бир айлык эмгек акысынын 50 пайызынан ашык эмес белгилөөгө;
14) жаран менен кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө келишимди түзгөнгө чейин ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү үчүн ар кандай алдын ала төлөмдү алууга жол бербөөгө;
15) ишке орноштуруу боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн эмгек акысынан белгиленген тарифтен ашык чегерүүлөрдү алууга жол бербөөгө;
16) иш издөөчүнү ушул Жобонун шарттары менен тааныштырууга;
17) анын катышуусунда Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана чет өлкөлүк иш берүүчүлөрдүн ортосунда түзүлгөн эмгек келишимдеринин көчүрмөлөрүн, ошондой эле башка документтерди так эсепке алууну жүргүзүүгө;
18) сөөгүн мекенине репатриациялоо зарылчылыгы келип чыккан, убактылуу эмгекке жөндөмсүз болгон жана өндүрүштүк жаракат алган учурларда жумушчуну камсыздандырууну камсыз кылууга;
19) ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү жөнүндө келишимди түзүүгө;
20) иш берүүчүнүн жумушчу менен эмгек келишимин (жарандык-укуктук келишимди) түзүүсүн же иш берүүчүнүн тапшырмасы боюнча өзүнүн атынан жумушчу менен эмгек келишимин (жарандык-укуктук келишимди) түзүүнү камсыз кылууга.
7-глава. Жумушчуну жолго чыгуу алдында даярдоо
45. Жөнөтүүчү жумушчулар Кыргыз Республикасынан чыгып кеткенге чейин акысыз негизде жумушчуларды жолго чыгуу алдында даярдоого милдеттүү, анын программасы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет жана төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтык окуу сабактарын камтыйт:
1) тышкы эмгек миграциясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболору;
2) ишке орношкон мамлекетке кирүү/мамлекеттен чыгуу тартиби;
3) ишке орношкон мамлекеттин эмгек мамилелери жаатындагы мыйзамдарынын жоболору;
4) ишке орношкон мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө же консулдук мекемесинде консулдук жана/же аскердик каттоого алуу зарылчылыгы;
5) ыйгарым укуктуу органдын жайгашкан жери жана телефон номерлери, миграция маселелери боюнча шыр байланыш;
6) ишке орношкон мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана/же консулдук мекемелеринин жайгашкан жери жана телефон номерлери (алар болсо);
7) жумушчулардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргогон эл аралык уюмдар (институттар);
8) ишке орношкон мамлекеттин социалдык-маданий өзгөчөлүктөрү;
9) адам сатууга, эмгектик, сексуалдык жана эксплуатациялоонун башка түрлөрүнө байланышкан учурдагы тобокелдиктер;
10) ишке орношкон мамлекеттеги кыргыз диаспораларынын жайгашкан жери жана телефон номерлери (алар болсо);
11) аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды Кыргыз Республикасынын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аскердик каттоо талаптары, коргоо маселелерин тескеген мамлекеттик органдын жайгашкан жери жана телефон номерлери.
8-глава. Ушул Жобонун ченемдерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
46. Ушул Жобонун талаптарын бузуу Кыргыз Республикасынын административдик, жарандык жана кылмыш-жаза мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте каралган жоопкерчиликке алып келет.
47. Уруксаты болбостон Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштурууга байланышкан ишти жүргүзүүдө жөнөтүүчүнүн иштин аталган түрүнөн алган кирешелери ыйгарым укуктуу органдын доо арызы боюнча сот тартибинде өндүрүлөт жана мамлекеттин бюджетине которулат.
|
| Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна уруксат берүүнүн тартиби жөнүндө жобого тиркеме |
Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштурууга уруксаттын СЫПАТТАМАСЫ
Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштурууга берилүүчү уруксаттын бланкы коргоочу элементтери бар A4 форматындагы барак, алдынкы бетинде мамлекеттик тилде, ал эми арткы бетинде расмий жана англис тилинде Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштурууга байланышкан ишти жүргүзүү укугуна уруксаты бар юридикалык же жеке жак жөнүндө маалымат жазылат.
Уруксаттын бланкы мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоодо колдонулган, жасалмалоодон өзгөчө коргоону талап кылган коргоо элементтери, ошондой эле катар номери бар атайын кагазга басылат.
Уруксаттын бланкынын эки тарабы кооздолгон айырмалоочу өзгөчөлүккө ээ. Тексттер түз, сүрөт элементтери жана оюу - бланктын периметри боюнча жайгашкан.
Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштурууга уруксаттын бланкы так отчеттуулук документтерине кирет.
Уруксаттын бланкынын эки тарабынын борбордук бөлүгүндө торчо розетка бар, анын ортосунда тегиз чачыраган нурлар менен тегерек күн алкагынын сүрөтү жайгашкан, күн алкагынын ичине кыргыздын боз үйүнүн түндүгү тартылган.
Алдынкы беттеги тилкенин жогорку бөлүгүндө: "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору" жана "Центр трудоустройства граждан за рубежом при Министерстве труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики" же "Center for employment of citizens abroad under the Ministry of labor, social security and migration of the Kyrgyz Republic" (кириллица жана латын алфавиттери менен) деген жазуулар бар, алардын ортосунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү тартылган.
Бланктын алдынкы бетинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтүнүн төмөн жагына мамлекетти тилде кара түстө "Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштурууга байланышкан ишти жүргүзүү укугуна уруксат", арткы бетинде расмий жана англис тилдерде "РАЗРЕШЕНИЕ на право деятельности, связанной с трудоустройством граждан Кыргызской Республики за рубежом" же "PERMISSION for the right to activities related to the employment of citizens of the Kyrgyz Republic abroad" деген сөздөр жазылган.
Уруксатта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- юридикалык жактар үчүн - толук жана кыскартылган аталышы (болсо), анын ичинде фирмалык аталышы жана уюштуруучулук-укуктук формасы, юридикалык жакты, филиалды, (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө маалымкаттын (күбөлүктүн) номери;
- жеке жактар үчүн - жеке жактын фамилиясы, аты жана атасынын аты;
- юридикалык же жеке жактын юридикалык дареги;
- ведомстволор аралык комиссиянын чечиминин датасын көрсөтүү менен уруксат берүү үчүн негиз;
- ишке орношкон өлкө;
- уруксат берилген дата;
- колдонуу мөөнөтү;
- уруксаттын каттоо номери;
- уруксатка кол койгон кызмат адамынын аты-жөнү;
- ыйгарым укуктуу органдын мөөрү.