Редакцияот 16.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 16-августу № 01-5/163

Таштанды таштоочу урналарды алуу жөнүндө

 

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы, шаардык мэриянын Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк Азык Түлүк программасынын алкагында шаарыбыздын көчөлөрүнө 100 комплект 300 даана таштандыларды таштоочу урналарды сатып алууга акча каражатын бөлүп берүүгө жазган кайрылуу катын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Шаарыбыздын көчөлөрүнө таштандыларды таштоочу урналарды сатып алууга акча каражатын сурап жазган шаардык мэриянын кайрылуу каты эске алынсын.

2. Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк Азык Түлүк программасынын алкагында шаарыбыздын көчөлөрүнө 100 комплект 300 даана таштандыларды таштоочу урналарды сатып алууга керектелүүчү 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражатын бөлүнүп берилсин.

3. Таштандыларды таштоочу урналарды сатып алууга керектелүүчү 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражатын таап, камсыздап берүүнү шаар мэри А.Т.Жумаевге жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардын мэри А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «бюджет, экономика, каржы, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

         Төрага

Н.А. Абдуразаков.