КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 16-августу № 01-5/164
Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киригизүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы, шаардык мэриянын муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысы А.Шерматовдун, шаардык Кеңештин XXVIII чакырылышынын 2023-жылдын 28-апрелиндеги XXII кезексиз сессиясынын № 01-5/140-токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргип берүү боюнча оозеки кайрылуусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. шаардык мэриянын муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысы А.Шерматовдун кайрылуусу эске алынсын.
2. шаардык Кеңештин XXVIII чакырылышынын 2023-жылдын 28-апрелиндеги кезексиз XXII сессиясынын № 01-5/140-токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин;
- 2-пунктундагы «343м²» -деген сандарынын ордуна «587,7м²» деген сандарына алмаштырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.А. Абдуразаков. |