КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 16-августу № 01-5/167
Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы, шаардык мэриянын жергиликтүү бюджеттин кошумча киреше булактарынан түшкөн акча каражаттарынын эсебинен шаарыбыздын борбордук эс алуу багын реконструкциялоого, Транспорт көчөсүндө болуп жаткан иштердин кошумча жумуштарына жана Таза суу долбоору менен Сакалды айыл аймагынан тартылып келүүчү 5-линиянын сметалык документтерди даярдоого акча каражатын бөлүп берүүгө жазган кайрылуу катын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Шаардык мэриянын кайрылуу каты эске алынсын.
2. Борбордук эс алуу багын реконструкциялоо иштерине жергиликтүү бюджеттен 3 237 720 (үч миллион эки жүз отуз жети миң жети жүз жыйырма) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин жана акча каражаты менен камсыз кылууну мэр А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
3. Транспорт көчөсүндөгү жүргүзүлүп жаткан жумуштардын кошумча жумуштары үчүн 2 810 278 (эки миллион сегиз жүз он миң эки жүз жетимиш сегиз) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин жана акча каражаты менен камсыз кылууну мэр А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
4. Шаар калкын таза суу менен камсыз кылууда Сакалды айыл аймагынан тартылып келүүчү 5-кошумча таза суу линиясынын долбоордук сметалык документтерин даярдоого керектелүүчү 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин жана акча каражаты менен камсыз кылууну мэр А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаар мэри А.Т.Жумаевге жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «бюджет, экономика, каржы, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.А. Абдуразаков. |