Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 4-февралы № 55
Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө
"Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесине, "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 143 "Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 383 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 143 "Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |