Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 55 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу ЭРЕЖЕЛЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелери (мындан ары - Эрежелер) аңчылык, мергенчилик чарбасын жүргүзүү, мергенчилик продукциясын пайдалануу чөйрөсүндө келип чыккан мамилелерди жөнгө салат жана аңчылардын жана аңчыларга теңештирилген адамдардын укуктарын жана милдеттерин белгилейт.
Эрежелер аңчылык кылуу үчүн негиз болуп саналат.
2. Эрежелерди аңчылык кылган (жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу) жана мергенчилик чарбасынын ишин жүргүзгөн бардык адамдар сактоого милдеттүү.
Кыргыз Республикасында аңчылык кылуу укугу белгиленген тартипте аңчы статусуна ээ же ага теңештирилген адамдарда гана болот жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
3. Аңчы статусуна ээ болгон жеке жактардын же ага теңештирилген адамдардын аңчылык кылуу укугун ишке ашыруу аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан жөнгө салынат.
4. Белгиленген тартипте аңчылык кылууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимге ылайык кимдир бирөөгө мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугу берилген мергенчилик кылуучу жерлерде гана жол берилет.
5. Мергенчилик кылуучу жерлердин курамына кирбеген мергенчилик кылуучу жерлерде жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында ок атуучу, пневматикалык жана ыргытма курал, алгыр жырткыч канаттуулар, капкандар жана башка аңчылык куралдары же болбосо аңчылык продукциясы менен болуу аңчылыкка теңештирилет.
6. Эрежелерде колдонулуучу терминдер жана аныктамалар:
- аңчылык - олжолоо максатында аңчылар тарабынан издөөнү, аңдууну, артынан түшүүнү жүзөгө ашыруу процессин жана табигый эркиндик абалындагы, же жарым-жартылай эркин шарттардагы жапайы айбанаттарды жана канаттууларды иш жүзүндө олжолоонун (кармап алуу же атып алуу жолу менен) өзүн билдирген жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануунун түрү;
- аңчы - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик мергенчилик ырастамасын алган жеке адам же аңчыга теңештирилген адам;
- мамлекеттик мергенчилик ырастамасы - жеке жактын аңчынын статусун алгандыгын ырастоочу мамлекеттик документ;
- аңчылык кылынуучу жаныбарлар - аларды сактоо, көбөйтүү жана пайдалануу "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жөнгө салынган, табигый жаратылыш шарттарында же аңчылык питомниктеринде жүргөн, түрдүк таандыктыгы боюнча жаныбарлар дүйнөсүнүн (жапайы жаныбарлар жана канаттуулар) өкүлдөрү;
- аңчылык кылынуучу жаныбарларды олжолоо - аларды атып алуу же кармап алуу жолу менен аңчылык жаныбарларын табигый чөйрөдөн алуу;
- мамлекеттик аңчылык фонду - аңчылык кылынуучу жаныбарлардын алардын жашоо чөйрөсү менен бирдиктүүлүгү;
- аңчылык ресурстары - аңчылык кылынуучу жаныбарлардын түрдүк жана сан жагынан жыйындысы;
- Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби (мындан ары - Кызыл китеп) - ага киргизилген сейрек кездешүүчү, жоголуп бараткан же жок болуу коркунучу алдында турган жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттеринин, козу карындардын биологиясы, таралышынын абалы жана жашоо чөйрөсү, аларды сактап калуу, калыбына келтирүү жана туруктуу пайдалануу боюнча көрүлүп жаткан жана сунушталуучу чаралар жөнүндө маалыматтардын жыйындысы;
- лимит - республиканын мергенчилик кылуучу жерлеринин бардык аймагында же белгилүү бир мергенчилик кылуу жерлеринде белгиленүүчү популяциялардын туруктуу жашоосун жана көбөйүү жөндөмдүүлүгүн эске алуу менен табигый чөйрөдөн алуу максаттарына карабастан алууга жол берилген түрлөрдүн чектелген саны;
- жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу ченемдери - популяциялардын туруктуу жашоого жана кайра көбөйүүгө жөндөмдүүлүгүн эске алуу менен, белгилүү бир мезгилге конкреттүү мергенчилик кылуучу жерлерге же бир мергенчиге белгиленүүчү табигый чөйрөдөн алууга карата жол берилген аңчылык жаныбарларынын лимиттелбеген өзгөчөлөнгөн түрлөрүнүн чектелген саны;
- олжолоонун (алып коюунун) квотасы - аңчылыкты пайдалануучулардын өтүнмөлөрү боюнча конкреттүү аңчылык кылынуучу жерлердин аймагында (мергенчилик чарбасы, аңчылык кылынуучу жерлердин участогу) аңчылык ресурстарын пайдалануунун белгилүү мөөнөтүнө жана түрүнө бөлүнүүчү лимиттин бир бөлүгү;
- аңчылык олжосу - аңчылыктын продукциясы (олжолонгон жапайы жаныбарлар жана алардын дериваттары);
- чет өлкөлүк аңчы - жапайы жаныбарларга аңчылык кылуу үчүн Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жаран.
2-глава. Аңчылык кылуу мөөнөттөрү, ыкмалары жана куралдары
7. Аңчылык кылынуучу жаныбарлар алардын жашоо чөйрөсү менен бирдикте мамлекеттик аңчылык фондун түзөт. Аңчылык кылынуучу жаныбарларды олжолоого (жаратылыш чөйрөсүнөн алып коюуга) уруксат берилген түрлөрдүн/түрчөлөрдүн тизмеси Эрежелердин 1-тиркемесинде келтирилген.
8. Жапайы жаныбарларга аңчылык кылуунун чектелген мөөнөттөрү төмөнкүдөй болуп саналат:
1) сары чычканга - учурдагы жылдын март айынын биринчи ишембисинен тартып апрель айынын акыркы жекшембисине чейин;
2) суурга - учурдагы жылдын июль айынын биринчи ишембисинен тартып сентябрь айынын биринчи жекшембисине чейин;
3) туяктуу жаныбарларга (эликтен башкасы) - учурдагы жылдын август айынын үчүнчү ишембисинен тартып декабрь айынын экинчи жекшембисине чейин;
4) эликке - учурдагы жылдын август айынын экинчи ишембисинен тартып октябрь айынын акыркы жекшембисине чейин;
5) көгүчкөнгө, бактекке - учурдагы жылдын август айынын экинчи ишембисинен тартып декабрь айынын акыркы жекшембисине чейин;
6) бөдөнөгө - учурдагы жылдын август айынын экинчи ишембисинен тартып октябрь айынын акыркы жекшембисине чейин;
7) казга (тоо казынан башкасы), өрдөккө, кашкалдакка, вальдшнепке, кашкулакка - учурдагы жылдын сентябрь айынын экинчи ишембисинен тартып декабрь айынын үчүнчү жекшембисине чейин;
8) кекиликке, коёнго, териси баалуу жаныбарларга (түлкү, чоң арыс чычкан, арыс чычкан, тыйын чычкан, талаа ак күсөнү жана баалуу тери-чийки затын алуу максатында олжолонуучу башка жаныбарлар), сары чычкандан, суурдан жана ондатрадан башкасы - учурдагы жылдын октябрь айынын биринчи ишембисинен тартып кийинки жылдын январь айынын акыркы жекшембисине чейин;
9) кыргоолго - учурдагы жылдын октябрь айынын үчүнчү ишембисинен тартып декабрь айынын акыркы жекшембисине чейин;
10) ондатрага - учурдагы жылдын октябрь айынын биринчи ишембисинен тартып декабрь айынын биринчи жекшембисине чейин;
11) уларга - учурдагы жылдын сентябрь айынын экинчи ишембисинен тартып декабрь айынын биринчи жекшембисине чейин;
12) эркек өрдөктөргө - март айынын биринчи ишембисинен март айынын акыркы жекшембисине чейин "тынч күндөрдү" эске алуу менен.
Колдо багылган же жарым-жартылай эркиндикте багылган, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган жапайы жаныбарлар түрлөрүнө/түрчөлөрүнө аңчылык кылуу тиешелүү түрлөр/түрчөлөр үчүн ушул Эрежелерде белгиленген мөөнөттөрдө жүргүзүлөт.
9. Карышкырды, чөөлөрдү олжолоо лимиттенбейт жана нормаланбайт, ошондой эле каргага, таанга, сагызганга, аары жегичке (балчылык аймагында) жана чыйырчыкка (майнага) аң уулоо чектелбейт.
10. Жапайы жаныбарларды олжолоо укугуна жолдомолор ыйгарым укуктуу орган тарабынан учурдагы жылга берилет. Жолдомолор олжолоо ишке ашырыла турган аңчылык кылуучу жерлерде мергенчилик чарба ишин жүргүзгөн аңчылыкты пайдалануучу менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш.
11. Жапайы жаныбарлардын биологиялык өсүү циклине, экологиялык кырдаалга, башка негизделген себептерге жараша аңчылыкты пайдалануучу өз мергенчилик чарбасында аң уулоону белгиленген мөөнөттөрдүн чегинде 15 күнгө чейин кыскартуу тарабына өзгөртүшү мүмкүн.
12. Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн "тынч күндөр" деп аталган жумасына эки күнгө (шейшемби жана шаршемби) спорттук-ышкыбоздук аңчылык кылууга тыюу салынат.
13. Айрым учурларда, белгиленген аңчылык кылуу мөөнөттөрүнө карабастан жапайы жаныбарлардын популяциясынын абалына таянуу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын сунуштарын эске алуу менен республиканын айрым региондорунда же бүткүл аймагында бул же тигил жапайы жаныбарларга жана канаттууларга аңчылык кылууга убактылуу тыюу салууларды белгилей алат.
14. Кыргыз Республикасынын аймагында жапайы жаныбарларга жана канаттууларга аңчылык кылуунун төмөнкү ыкмаларына уруксат берилген:
1) сайы жок дүрмөттүү аңчылык куралын колдонуу менен;
2) найы сайлуу дүрмөттүү аңчылык куралын колдонуу менен (уларды копшогондо, канаттууларга аңчылык кирбейт) уларга майда калибрдеги (5,6 мм жана/же 222, 223) найы сайлуу дүрмөттүү куралды колдонуу менен;
3) максималдуу өлчөмдөгү капканы бар колго жасалган жабдыктарды пайдалануу менен (3-номерге чейин);
4) аңчы иттерди жана алгыр жырткыч куштарды пайдалануу менен;
5) ыргытуучу куралды (жаа, арбалет) колдонуу менен;
6) найдын оозунан чыгуу кубаты 25 джоулдан ашпаган пневматикалык аңчылык куралды колдонуу менен.
15. Кыргыз Республикасында вертолеттордон, автомототранспорттук каражаттардан жана кар үстүндө жүрүүчү чана менен аңчылык кылууга, жапайы жаныбарларды жана канаттууларды массалык олжолоо ыкмаларын колдонууга, аскер куралын, пневматикалык куралды (буга карганы, сагызганды, карлыгачты, майна чыйырчыктарын, сооруну атып алуу учурунда пайдалануу кирбейт), орлорду жана буктурма аткыч куралды, тузакты, капканды (өлчөмү 3-номерден ашык), жарык берүүчү приборлорду, жардыргыч заттарды, ууларды, клейди пайдаланууга тыюу салынган.
3-глава. Жапайы жаныбарларды олжолоонун лимиттери жана ченемдери
16. Жапайы жаныбарлардын лимиттелген түрлөрүн/түрчөлөрүн олжолоонун лимиттери жыл сайын Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жана/же айрым мергенчилик кылуучу жерлердин деңгээлинде белгиленет.
Тигил же бул түрдөгү/түрчөдөгү жапайы жаныбарларды олжолоонун лимити пайдалануу максаттарына жана аны жүзөгө ашырган субъекттерге карабастан, жаратылыш чөйрөсүнөн олжолоого уруксат берилген жапайы жаныбарлардын тизмесин түзөт.
17. Жапайы жаныбарлардын түрлөрүн/түрчөлөрүн олжолоонун лимити жапайы жаныбарлардын жана канаттуулардын туруктуу жашоосун жана калыбына келишин камсыз кылган сандын (Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык) пайызында жаратылыш чөйрөсүнөн жыл сайын алуунун экологиялык жактан коопсуз санын түзгөн Кыргыз Республикасынын аймагындагы жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу ченемдерине таянуу менен белгиленет.
Пайдалануу ченемдери жапайы жаныбарлардын популяциясынын жана алар жашаган чөйрөнүн абалынын начарлашы, жаныбарлардын тукум беришинин азайгандыгы жөнүндө маалыматтар, башка негиздүү критерийлер болгон учурда белгиленгенден аз өлчөмдө колдонулушу мүмкүн.
Олжолоо лимиттери Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология жана топурак таануу институту менен макулдашуу боюнча жана атайын комиссиянын чечимдеринин негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйруктары менен белгиленет.
18. Олжолоого лимиттерди белгилөө жана аңчылыкты пайдалануучуларга квоталарды бөлүү маселелерин чечүү, ошондой эле аларды пайдалануунун натыйжаларына баа берүү атайын уруксат берүүчү комиссия тарабынан жүргүзүлөт, аны түзүүнү жана ишинин регламентин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт. Атайын уруксат берүүчү комиссия (мындан ары - комиссия) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эки өкүлүнөн, илимий мекемелердин, аңчылыкты пайдалануучулардын ассоциациясынын, экологиялык өкмөттүк эмес уюмдардын бирден өкүлүнөн турган беш адамдан кем эмес санда (негизги курам) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен 3 жылдык мөөнөткө түзүлөт. Комиссиянын төрагасы, төрагасынын орун басары жана катчысы анын биринчи жыйналышында комиссия мүчөлөрүнүн ичинен шайланат. Жыйналышта комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын милдеттерин төраганын орун басары аткарат.
Катчы комиссиянын ар бир жыйналышына протокол түзөт. Протоколдорго жыйналышка катышып олтурган бардык комиссия мүчөлөрү кол коёт.
Эгерде комиссиянын жыйналышына анын тизмедеги курамынын кеминде 2/3си катышса, чечим кабыл алууга укуктуу деп табылат. Комиссиянын чечими жыйналышка катышып жаткан мүчөлөрдүн санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштардын саны бирдей болгон учурда комиссиянын төрагасынын же аны алмаштырган адамдын пикири чечүүчү болуп саналат.
19. Лимиттерди белгилөө боюнча иштин жүрүшүндө комиссия жапайы жаныбарлардын популяциясынын саны жана абалынын критерийлери жөнүндө колдо болгон маалыматты карайт. Маалыматтар ишенимсиз болгон учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мергенчилик кылуучу жерлердин аймагында жапайы жаныбарлардын санын жөнгө салуу боюнча кошумча иш-чараларды (текшерип эсепке алуу) караган чараларды көрүүгө укуктуу.
20. Жапайы жаныбарларды олжолоонун белгиленген лимиттерине жараша ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аңчылыкты пайдалануучуларга (алардын өтүнмөлерү боюнча) жапайы жаныбарларды олжолоонун (лимиттин толук көлөмүндө же анын бир бөлүгүндө) квотасын бөлөт.
21. Аңчылыкты пайдалануучуларга квоталарды бөлүү алар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтерди бергенден кийин жүргүзүлөт:
1) белгиленген формадагы арыз;
2) белгиленген тартипте катталган (күбөлөндүрүлгөн) атуу карточкаларынын, олжо барактарынын жана аңчылык протоколдорунун көчүрмөлөрүн тиркөө менен аңчылыктын мурдагы сезонунда (мезгилинде) жапайы жаныбарларды олжолоо жөнүндө отчет.
22. Комиссия жапайы жаныбарларды жана канаттууларды олжолоо квотасын бөлүү же бөлүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди арыз берилген күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирбестен кабыл алат.
23. Аңчылыкты пайдалануучулар айрым мергенчилик кылуучу жерлерде белгиленген лимиттердин жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында белгиленген лимиттердин чектеринде гана квота ала алат.
24. Аңчылык сезону (мезгили) аяктагандан кийин 10 күн өткөнгө чейин аңчылыкты пайдалануучулар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жапайы жаныбарларды жана канаттууларды олжолоого бөлүнгөн квоталарды пайдалануу жөнүндө отчет берет (анын ичинде чет өлкөлүк аңчылар үчүн), мында аңчылыкка чейин жана андан кийин катталган атуу карточкаларынын, олжолоо барактарынын жана аңчылык протоколдорунун көчүрмөлөрү тиркелет.
25. Аңчылыкты пайдалануучулар тарабынан жапайы жаныбарларды олжолоонун мөөнөттөрүн жана эрежелерин бузуулардын жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү башка бузуулардын фактыларын аныктоо жапайы жаныбарларды олжолоонун бөлүнгөн квотасынын колдонулушун токтото туруу жана аңчылыктын учурдагы (алдыдагы) сезонуна (мезгилине) андан ары квота берүүдөн баш тартуу жөнүндө маселени чечүү үчүн негиз болуп саналат.
26. Эрежелерде камтылган аңчылык кылынуучу жаныбарлардын түрлөрүнүн/түрчөлөрүнүн олжолоого (жаратылыш чөйрөсүнөн алууга) уруксат берилген тизмегине кирбеген жапайы жаныбарларды жана канаттууларды олжолоого тыюу салынат.
27. Олжолоого уруксат берилген жапайы жаныбарлардын жана канаттуулардын лимиттелбеген түрлөрү боюнча Эрежелердин 3-тиркемесине ылайык бир күндө жана/же аңчылык мезгили үчүн аларды олжолоонун нормалары белгиленет же белгиленбейт.
28. Жамааттык аңчылыкты уюштурган учурда катышуучулардын сандык курамын аңчылыкты пайдалануучулар белгилейт.
29. Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин, башка жырткыч жана сайроочу куштарды олжолоого республиканын бүткүл аймагында аларды олжолоонун лимити (санынын 1%ынан ашык эмес) белгиленген учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча гана жол берилет.
30. Жапайы жаныбарларды олжолоонун лимиттерин жана ченемдерин белгилөө боюнча бардык чечимдердеги маалымат аңчылык жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
4-глава. Бүтүндөй алганда аңчылыкка жана жапайы жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга талаптар. Олжолоонун максаты
31. Кыргыз Республикасында жапайы жаныбарларга аңчылык кылуу аңчылар болуп саналган жеке жактар же аңчыларга теңештирилген адамдар тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат жана "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Эрежелерге ылайык жөнгө салынат.
32. Аңчылыкты жүргүзүүдө аңчы өзү менен мамлекеттик мергенчилик ырастамасын, учурдагы жылда мамлекеттик алымды төлөгөндүгү жөнүндө документти, жапайы жаныбарларды олжолоого жолдомолорду жана атуу карточкаларын жана мергенчилик ок атуучу курал пайдаланылган учурда аны сактоо, алып жүрүү, пайдалануу укугуна ички иштер органдарынын уруксатын алып жүрүүгө милдеттүү.
Жапайы жаныбарларды олжолоого жолдомолор жана атуу карточкалары аңчыга аңчылык жүргүзүлө турган мергенчилик жерлеринде аңчылыкты пайдалануучу тарабынан берилет.
Жапайы жаныбарларды олжолоого жолдомолор аңчыга айрым мергенчилик кылуучу жерлерге баруу жана лимиттелбеген жапайы жаныбарларды олжолоо укугун берет. Жапайы жаныбарлардын лимиттелген түрлөрүн олжолоо үчүн аңчыда ага айрым мергенчилик кылуучу жерлерге барууга укук берген жолдомо жана жапайы жаныбарлардын колдо болгон лимиттелген түрүн олжолоого атуу карточкасы болушу талап кылынат.
33. Бир жылдан ашык иштеп жаткан жана жыл бою егердик кайтаруу менен камсыз кылынган мергенчилик чарбаларында гана аңчылыкты пайдалануучулар үчүн аңчылык кылууга жол берет.
Чет өлкөлүк аңчылар (чет өлкөлүк аңчы жарандарга теңештирилген) үчүн аңчылык турлары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (анын аңчылык жана мергенчилик чарба чөйрөсүндөгү маселелерди тейлеген ведомстволук бөлүмүнүн) кызмат адамынын милдеттүү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт. Турдун жыйынтыгы боюнча аңчылык олжого аңчылык протоколдору жана олжо кагаздары толтурулат.
34. Жапайы жаныбарларды жана алардын дериваттарын Кыргыз Республикасына алып кирүүгө/алып чыгууга жолдомолордун жана атуу карточкаларынын, аңчылык протоколдорунун, олжо барактарынын жана талап кылынган документтердин бланктарын аңчылыкты пайдалануучу белгиленген тартипте алардын формаларын жана берүү тартибин белгилеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан алат.
35. Жапайы жаныбарларды илимий жана чарбалык максаттарда олжолоо (санитардык олжолоо, жайгаштыруу же көбөйтүү үчүн тирүүлөй кармоо, эн салуу) аңчылыктын белгиленген мөөнөтүндө да, андан тышкары да ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, илимий мекемелердин жана илимий-изилдөө уюмдарынын, ветеринардык-санитардык көзөмөлдүн кызматкерлери тарабынан аймагында бул иш-чараларды жүргүзүү пландаштырылып жаткан аңчылыкты пайдалануучу аркылуу гана жүзөгө ашырылат. Көрсөтүлгөн максаттарда жапайы жаныбарларды олжолоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин (макулдашуусунун) негизинде жүзөгө ашырылат. Санитардык атууну жүргүзгөн адамдар (органдар) жаныбарлардын ылаңдарынын белгилери жөнүндө билимге ээ болууга, тиешелүү санитардык-эпидемиологиялык даярдыктан өтүүгө, жабдууга жана атайын кийимге ээ болууга тийиш. Жапайы жаныбарларды олжолоону жүзөгө ашыруучу бардык жеке жактардын мамлекеттик мергенчилик ырастамасы болууга милдеттүү. Мында олжолонгон жапайы жаныбарлардын эти жана башка продукциясы алардын абалын эске алуу менен белгиленген тартипте тиешелүү иш-чараларды аткаруучу адамдар (органдар) тарабынан пайдаланылат.
Кызыл китепке киргизилген жапайы жаныбарлардын жана канаттуулардын түрлөрүнүн/түрчөлөрүнүн дериваттарын жаратылыш чөйрөсүндө жыйноо ыйгарым укуктуу мамлекеттик жана илимий органдардын кызматкерлери тарабынан гана жүзөгө ашырылат.
Башка түрлөрдүн/түрчөлөрдүн дериваттарын жыйноо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын чечими боюнча гана жүргүзүлөт.
36. Жаныбарларды илимий максаттарда олжолоо молекулярдык-генетикалык, физиологиялык жана морфологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле эн салуу үчүн жүргүзүлөт.
37. Жапайы жаныбарларды санитардык олжолоо ветеринардык-профилактикалык жана эпизоотияга каршы иш-чараларды жүргүзүүдө жүзөгө ашырылат жана башка жаныбарлар үчүн коркунуч туудурган жана жаныбарларга, ошондой эле адамдарга жугуучу ылаңдын таралуу коркунучун туудурган оорулууларды, майып болгондорду жана башка жаныбарларды изилдөөгө жана популяциядан жок кылууга (жараксыздандырууга) багытталган.
38. Эркиндикте же жарым-жартылай колго багуунун негизинде байыр алдыруу, ошондой эле көбөйтүү үчүн жапайы жаныбарлар тирүү кармалат.
39. Фотого, видеого, киного тартуу учурунда жаныбарлардын уясын, жашынуучу же калкалануучу жерин ачып көрсөтүүгө жана орун которуштурууга, ошондой эле алардын балдарынын артынан түшүүгө жана энесинен ажыратууга тыюу салынат.
5-глава. Алгыр жырткыч куштар жана аңчы иттер менен аңчылык кылууга талаптар
40. Алгыр жырткыч куштар менен аңчылык кылуу укугу аларды пайдаланган адамда (аңчыда) мамлекеттик мергенчилик ырастамасы жана аңчылыкта алгыр жырткыч куштарды күтүүгө жана пайдаланууга берилүүчү идентификациялык карталар (паспорттор) жана аңчылыкты пайдалануучу берүүчү жапайы жаныбарларды олжолоого жолдомолор жана атуу карточкалары болгондо келип чыгат.
41. Алгыр жырткыч куштарды кармап алуу жана аларды колдо багуу Кыргыз Республикасынын тиешелүү укуктук ченемдик актылары менен жөнгө салынат.
42. Аңчылык кылуу үчүн күтүлгөн жана колдонулган алгыр жырткыч куштардын эсебин жүргүзүүнү жана каттоону ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
43. Алгыр жырткыч куштардын эсебин жүргүзүү жана каттоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүлөр берилет:
1) ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилген алгыр жырткыч куштун паспортун тариздөө үчүн алгыр жырткыч куштун түрүн, анын жынысын, туулган жылын, капаста кармоо максатын, күтүлгөн болжолдуу жылдарын, алгыр жырткыч куштун алынган жерин жана ыкмасын, шакекчелеринин же микрочиптин, паспорттук маалыматтарынын жана арыз ээсинин дарегинин болушун көрсөтүү менен арызга ылайык форма боюнча жеке же юридикалык жактын арызы;
2) алгыр жырткыч кушту алуунун мыйзамдуулугун тастыктаган документтер (алууга документтердин, сатуу-сатып алуу келишиминин көчүрмөлөрү, квитанциялар жана (же) төлөм документтери) жана мурдагы ээсинин наамына таризделген алгыр жырткыч куштун паспорту;
3) мамлекеттик мергенчилик ырастаманын көчүрмөсү;
4) инсандын күбөлүгүнүн же жеке жактын паспортунун көчүрмөсү жана (же) юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү.
Капаста басып чыгарылган жана туулган жери боюнча турган алгыр жырткыч куштардын паспортторун тариздөө туулган календарлык жылы аяктаганга чейин, бирок алар менен аңчылык башталгандан кечиктирилбестен жүргүзүлөт.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган түрдүн (жынысынын, жашынын) ылайыктуулугун жана алгыр жырткыч куштун сүрөттөлүшүн алгыр жырткыч куштарды күтүү үчүн шарттардын бар экендиги жөнүндө белгилерин текшерет. Алгыр жырткыч куштарды колдо туруктуу багуу үчүн чечилбей турган шакекчелер же микрочиптер менен белги коюлат.
Алгыр жырткыч куштарда белги жок болгон учурларда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган куштарга микрочиптер менен белги коюуну уюштурат.
Алгыр жырткыч куштарды каттоо ал мыйзамсыз алып коюуда же мыйзамсыз сатылып алынганда жүргүзүлбөйт.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилген алгыр жырткыч куштун паспорту арыз катталган учурдан тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде берилет.
Ар бир алгыр жырткыч кушка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилген форма боюнча алгыр жырткыч кушту эсепке алуу карточкасы толтурулат.
Алгыр жырткыч куш жана анын ээси жөнүндө маалыматтар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилген форма боюнча алгыр жырткыч куштарды каттоо журналына жазылат.
Аңчылык үчүн катталган алгыр жырткыч куш пайдаланылган учурда мамлекеттик мергенчилик ырастамада же өзүнчө кошумча документте алгыр жырткыч куштун түрүн, шакекченин же микрочиптин номерин, паспорттун номерин көрсөтүү менен жазуу жазылат.
Алгыр жырткыч кушту жаратылышка коё берүү учурунда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен ээсинин жашаган жери боюнча алгыр жырткыч кушту коё берүү жөнүндө акт түзүлөт.
Алгыр жырткыч куш жоголгон жана (же) өлгөн учурда анын ээси 3 (үч) жумуш күндүн ичинде өз алдынча тиешелүү акт түзөт жана эсептен чыгаруу үчүн аны ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
Ушул Эрежелерде белгиленген тартипте таризделбеген алгыр жырткыч куштар мыйзамсыз олжолонду деп эсептелет.
44. Аңчылык кылуу учурунда породасын (түрүн), жынысын, атын жана башка талап кылынган параметрлерин көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте каттоодон өткөн жана тиешелүү ырастамасы (паспорту) бар үйрөтүлгөн аңчылык иттерди жана алгыр жырткыч куштарды пайдаланууга уруксат берилет. 6 айлык куракка жеткен бардык аңчылык иттер жана курагына карабастан бардык алгыр жырткыч куштар катталууга тийиш.
45. Алгыр жырткыч куштарды жана аңчылык иттерди үйрөтүүнү (таптоо) жана талаа сыноолорун ушул Эрежелерде белгиленген аңчылык кылуу мөөнөтүнөн эки жума мурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган, аңчылыкты пайдалануучу атайын бөлгөн участоктордо жүргүзүүгө уруксат берилет.
Таптоону жана талаа сыноолорун жүргүзүү шарттарын жана тартибин кинолог адистерди тартуу менен аңчылыкты пайдалануучу белгилейт.
46. Иттердин ээлери иттер мамлекеттик аңчылык фондуна келтирген зыяндын ордун толтуруу боюнча зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү. Республиканын аңчылык жерлеринде иттерди багуу жана пайдалануу эрежелерин бузууга жол берген ит ээлери мыйзамсыз аңчылык кылгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылат жана мамлекеттик аңчылык фондуна келтирилген зыяндын ордун толтурат.
47. Аңчылык жерлеринде ээси жок жүргөн иттер, ошондой эле үйсүз мышыктар жолбун деп эсептелет жана кармап же атып алынат.
6-глава. Коопсуздук техникаларына негизги талаптар
48. Куралды урунуу учурунда куралдын найын адамдар тарапка каратууга болбойт. Найлар жогору же төмөн карап турууга тийиш.
49. Транспорттун ар кандай түрү менен бир жерден башка жерге барганда курал огу чыгарылган болууга жана кутуга же чехолго салынган болууга тийиш. Ат менен баратканда куралдын огу чыгарылган болууга жана найы жогору кароого тийиш. Автомобилден же транспорттун башка түрүнөн чыгып, аттан түшүп жатканда жана транспортко олтуруп же атка минип жатканда куралды башка адамга берүү зарыл.
50. Дарыядан, суудан, арыктан, суунун нугунан же тоскоолдуктан өтүп жатканда куралдын найы жогору карап турууга жана огу алып салынган болууга тийиш.
51. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) аттын үстүнөн, автомобилден жана транспорттун башка түрлөрүнөн мылтык атууга;
2) туманда, күүгүмдө, түнкүсүн жана бута ачык көрүнбөгөн учурда мылтык атууга.
52. Базада, убактылуу лагерди орнотууда, палаткада, токтоп тыныгууда жана маршрут боюнча баратканда өрткө каршы коопсуздук эрежелерин сактоо зарыл.
|
| Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелерине 1-тиркеме |
Аңчылык жаныбарларынын олжолоого (жаратылыш чөйрөсүнөн алып коюуга) уруксат берилген түрлөрүнүн/түрчөлөрүнүн ТИЗМЕГИ
№ | Жапайы жаныбарлардын түрлөрү/түрчөлөрү | |||
Тукум | Түрү/түрчөсү | |||
Орус тилиндеги аталышы | Кыргыз тилиндеги аталышы | Латын тилиндеги аталышы | ||
| Сүт эмүүчүлөр классы | |||
1 | Тоо эчки | Козел сибирский горный (козерог) | Теке (эчки) | Capra sibirica |
2 | Элик | Косуля | Куран (элик) | Capreolius pygargus |
3 | Каман | Кабан | Каман (доңуз) | Sus scofa |
4 | Карышкыр | Шакал | Чөө | Canis aureus |
Волк | Карышкыр | Canis lupus | ||
5 | Түлкү | Корсак | Корсак же кичине түлкү | Vulpes corsac |
Лисица | Түлкү | Vulpes vulpes | ||
6 | Арыс чычкан күсөндөр | Солонгой | Солонгой | Mustella altaica |
Ласка | Арыс чычкан | Mustella nivalis | ||
Горностай | Чоң арыс чычкан | Mustella erminea | ||
Хорь степной | Ак күсөн, Сасык күсөн | Mustella eversmanni | ||
Норка американская | Америка кундузу | Mustella vison | ||
7 | Кашкулак | Барсук | Кашкулак кадимки | Melfes meles |
8 | Мышык | Кошка степная | Ала мышык | Felis libyca |
9 | Тыйын чычкан | Белка | Тыйын чычкан | Sciurus vulgaris |
10 | Сары чычкан | Суслик желтый | Сары чычкан | Spermophilus fulvus |
Суслик тяньшанский | Тянь-Шан сары чычканы | Snermophilus relictus | ||
11 | Суур | Сурок серый | Боз суур | Marmota baibacina |
Сурок красный | Кызыл суур | Marmota caudata | ||
12 | Ондатра | Ондатра | Ондатра | Ondatra zibethicus |
13 | Коён | Заяц-толай | Коён | Lepus tolai |
Канаттуулар классы | ||||
14 | Кара каз | Баклан большой | Чоң кара каз | Phalocrocorax pygmacus |
15 | Каз | Гусь серый | Боз каз | Anser anser |
Гусь-гуменник | Түнкү каз | Anser fabalis | ||
16 | Алаказ | Пеганка | Ала каз | Tadoma tadoma |
Огарь или атайка | Аңыр | Tadoma ferruginea | ||
17 | Суу өрдөк | Кряква | Сонно, Кайырма өрдөк | Anas platyrchynchos |
Утка серая | Борчун | Anas strepera | ||
Шилохвость | Кыл куйрук өрдөк | Anas acuta | ||
Свиязь | Чаар ала өрдөк | Anas penelopa | ||
Широконоска | Жазы тумшук өрдөк | Anas clypeata | ||
Чирок-трескунок | Тырсылдак өрдөк | Anas guerguedula | ||
Чирок-свистунок | Чыйпылдак өрдөк | Anas crecca | ||
18 | Кызыл тумшук чумкугуч өрдөк | Нырок красноносый | Кызыл тумшук чумкугуч өрдөк | Netta rufina |
19 | Чумкугуч өрдөк | Нырок красноголовый (Чернеть красноголовая) | Боз кызылбаш чумкугуч өрдөк (кызыл моюн чумкугуч) | Aythya ferina |
Чернеть хохлатая | Чачылуу чумкугуч өрдөк | Aythya fuligula | ||
20 | Дыгдыгый өрдөк | Гоголь обыкновенный | Кадимки дыгдыгый өрдөк | Bucephala clangula |
21 | Кидик суксур | Крохаль большой | Чоң арам өрдөк | Mergus merganser |
Луток | Кидик суксур | Mergus albellus | ||
22 | Бөдөнө | Перепел | Бөдөнө | Contumix contumix |
23 | Боз чилдер | Куропатка бородатая (Чиль) | Чил | Perdix dauurica |
24 | Кекилик | Куропатка каменная (Кеклик) | Кекилик | Alectoris chukar |
25 | Улар | Улар гималайский | Гималай улары | Tetraogallus himalayensis |
26 | Кыргоол | Фазан | Кыргоол | Phasianus colchicus |
27 | Кашкалдак | Лысуха | Кашкалдак | Fulica atra |
28 | Тартар | Пастушок водяной (Курочка водяная) | Суу тартар | Rallus aguaticus |
29 | Ачакуйрук | Тиркушка луговая | Шалбаа ача куйругу | Glareola pratincola |
30 | Токой маарак | Тулес | Токой маарак | Pluvialis sguatarola |
31 | Ызгыт | Чибис | Ызгыт | Vanellus vanellus |
32 | Таш тинткич | Камнешарка | Таш тинткич | Arenaria interpres |
33 | Калкандуу чулдук | Турухтан | Калкандуу чулдук | Phylomachus pugnax |
34 | Чулдук | Травник | Кызыл бут суу чулдук | Tringa totanus |
Улит большой | Чоң чулдук | Tringa nebularia | ||
35 | Тартак чулдук | Ходулочник | Тартак чулдук | Himantopus himantopus |
36 | Шибеге тумшук | Шилоклювка | Шибеге тумшук | Recurvirostra avosetta |
37 | Too чулдук | Кроншнеп большой | Чоң тоо чулдук | Numenius arguata |
38 | Вальдшнеп | Вальдшнеп | Вальдшнеп | Scolopax rusticola |
39 | Эчки маарак | Бекас | Эчки маарак | Gallinago gallinago |
Дупель горный (бекас-отшельник) | Эчки маарак | Capella solitaria | ||
40 | Гаршнеп | Гаршнеп | Гаршнеп | Lymnocryptes minimus |
41 | Көгүчкөн | Голубь сизый | Көгүчкөн | Columba livia |
Голубь скалистый или каменный | Ак куйрук көгүчкөн | Columba rupestris | ||
Клинтух | Токой көгүчкөнү | Columba oenas | ||
Вяхирь или витютень | Алагуу | Columba palumbus | ||
42 | Бактек | Горлица обыкновенная | Бактек | Streptopelia turtur |
Горлица большая или степная | Чоң же талаа бактеги | Streptopelia oriental | ||
Горлица кольчатая | Шакек моюн бактек | Streptopelia decaocto | ||
Горлица малая или египетская | Кич бактек же Египет бактеги | Streptopelia senegalensi | ||
43 | Карга, сагызган, copy, чыйырчык (майна) | Ворона (серая, черная), грач, сорока, щурка (золотистая, зеленая) (в районе пасек), скворец, майна | Карга (ала, кара), чаар карга, сагызган, чыйырчык, copy (көк, жашыл), (балчылык аймагында), майна, майна чыйырчыгы | Corvus (cornix, corone), Corvus frugilegus Pica pica Merops (apiaster, superciliosus) Actidotheres tristis |
|
| Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелерине 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын аймагында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануунун ЧЕНЕМДЕРИ
№ | Тукум | Жапайы жаныбарлардын түрлөрү | Пайдалануу ченеми |
Түр/түрчө | |||
Сүт эмүүчүлөр классы | |||
1 | Too эчки | Сибирь тоо эчкиси (эчки) | 5-10%, анын ичинде чет өлкөлүк жактар үчүн - 4%га чейин |
2 | Элик | Элик | 10-15% |
3 | Доңуз | Доңуз | 10%га чейин |
4 | Чоң арыс чычкан же ак күсөн | Солонгой | 15-20% |
Ласка | 15-20% | ||
Чоң арыс чычкан | 15-20% | ||
Ак күсөн, сасык күсөн | 15-20% | ||
Америка кундузу | 30-40% | ||
5 | Мышык | Ала мышык | 5-10% |
6 | Тыйын чычкан | Тыйын чычкан | 60% жана андан ашык |
7 | Сары чычкан | Көк суур | 30%га чейин |
Кызыл суур | 30%га чейин | ||
8 | Ондатралар | Ондатра | 15%га чейин |
| Канаттуулар классы | ||
9 | Уларлар | Улар | 5-10% |
10 | Кыргоолдор | Кыргоол | 25%га чейин |
Эскертүү:
Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин, алгыр жана сайраган куштарды олжолоого алып коюунун көлөмү өзгөчө чектелгенде - аларды республиканын бүткүл аймагында олжолоонун жылдык лимити жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин жалпы санынын 1%ынан ашпаган учурда гана жол берилет.
|
| Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелерине 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын аймагында (Кызыл китепке киргизилген түрлөрдү/түрчөлөрдү кошпогондо) жапайы жаныбарларды жана канаттууларды олжолоонун ЧЕНЕМДЕРИ
№ | Тукум | Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин аталышы | Олжолоо ченеми | |
Түрү/түрчөсү | Күндүк | Сезондук | ||
Сүт эмүүчүлөр классы | ||||
1 | Карышкыр | Карышкыр, чөө | Чектелбейт | |
2 | Түлкү | Корсак, түлкү | 2 | 10 |
3 | Кашкулак | Кашкулак | 1 | 4 |
4 | Суур | Суур (сары, тяньшандык) | Чектелбейт | |
5 | Коён | Коён-толай | 3 | 20 |
Канаттуулар классы | ||||
6 | Кара каз | Чоң кара каз | 3 | 20 |
7 | Каз | Боз каз | 2 | 6 |
Түнкү каз | ||||
8 | Ала каз | Ала каз | 5 | 30 |
Аңыр | ||||
9 | Суучул өрдөк | Соно, кайырма өрдөк | ||
Боз өрдөк | ||||
Кыл куйрук өрдөк | ||||
Чаар ала өрдөк | ||||
Жазы тумшук өрдөк | ||||
Тырсылдак өрдөк | ||||
Чыйпылдак өрдөк | ||||
10 | Кызыл тумшук чумкугуч өрдөк | Кызыл тумшук чумкугуч өрдөк | ||
11 | Чумкугуч өрдөк | Боз кызылбаш чумкугуч өрдөк (кара кызылбаш) | ||
Чачылуу чумкугуч өрдөк | ||||
12 | Дыгдыгый өрдөк | Кадимки дыгдыгый өрдөк | ||
13 | Кидик суксур | Чоң арам өрдөк | ||
Кидик суксур | ||||
14 | Бөдөнө | Бөдөнө | 10 | 50 |
15 | Боз чил | Чил | 5 | 30 |
16 | Кекилик | Кекилик | ||
17 | Кашкалдак | Кашкалдак | 10 | 50 |
18 | Тартар | Суу тартар | 5 | 30 |
19 | Ачачулдук | Ачачулдук | ||
20 | Токой маарак | Токой маарак | 5 | 30 |
21 | Ызгыт | Ызгыт | ||
22 | Таш тинткич | Таш тинткич | ||
23 | Калкайдуу чулдук | Калкайдуу чулдук | ||
24 | Чулдук | Кызыл бут суу чулдук | ||
Чоң чулдук | ||||
25 | Тартак чулдук | Тартак чулдук | ||
26 | Шибеге тумшук | Шибеге тумшук | ||
27 | Too чулдук | Чоң тоо чулдук | ||
28 | Вальдшнеп | Вальдшнеп | ||
29 | Эчки маарак | Эчки маарак | ||
Эчки маарак | ||||
30 | Гаршнеп | Гаршнеп | ||
31 | Көгүчкөн | Көгүчкөн | 10 | 50 |
Ак куйрук көгүчкөн | ||||
Токой көгүчкөнү | ||||
Алагуу | ||||
32 | Бактек | Кадимки бактек | ||
Чоң бактек же талаа бактеги | ||||
Шакек моюн бактек | ||||
Мисче | ||||
33 | Карга, сагызган, copy, чыйырчык (майна) | Карга (ала, кара), чаар карга, сагызган, чыйырчык, copy (көк, жашыл), (балчылык аймагында), майна, майна чыйырчыгы | Чектелбейт | |
Эскертүү:
- түрлөрдүн/түрчелөрдүн топторунда көрсөтүлгөн жапайы жаныбарларды жана канаттууларды олжолоо ченемдери ар бир түрлөр/түрчөлөр боюнча өз-өзүнчө эмес алардын жыйындысында (суммасында) белгиленген;
- жолдомодо жапайы жаныбарлардын лимиттелбеген түрлөрүнүн/түрчөлөрүнүн аталышы жана аларды алууга уруксат берилген саны (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынуучу өлчөмдө, күндүк же сезондук ченемде) көрсөтүлөт;
- атуу карточкаларында белгиленген лимиттердин (бөлүнгөн квоталардын) негизинде аңчылыкты пайдалануучу тарабынан аныкталуучу, тиешелүү лимиттелген жаныбарлардын түрлөрүн/түрчөлөрүн алууга уруксат берилген саны көрсөтүлөт;
- жапайы жаныбарларды олжолоонун күндүк ченемине жолдомонун жарактуулук мөөнөтү 2 күнгө чейин, сезондук ченемди олжолоого - аңчылыктын учурдагы сезонунун мезгилине карата жарактуу;
- март айындагы эркек өрдөктөрдү олжолоонун күндүк ченеми 3 башты түзөт, ал эми марттагы бүткүл аңчылык мезгили үчүн олжолоонун ченеми 15 башты түзөт.