Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 13-февралы ПЖ № 46
“Дордой” соода-базар комплексинин базарларында жана кичи базарларында салыктык администрациялоо жана Бирдиктүү салык эсебин киргизүү боюнча пилоттук долбоорлорду өткөрүү жөнүндө
Салыктык администрациялоону жөнөкөйлөтүү, салык жол-жоболорун фискалдаштырууну өркүндөтүү жана ишкердик субъекттери үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) төмөнкүлөр боюнча пилоттук долбоор өткөрсүн:
– 2025-жылдын 15-мартынан 15-августуна чейинки мезгилде “Дордой” соода-базар комплексинин базарларынын жана кичи базарларынын аймагында экономикалык ишти жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттеринин салык милдеттенмесин жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмесин аткаруусун эсепке алууну жана контролдоону камсыздоо боюнча милдеттерди базарлардын жана кичи базарлардын администрацияларына салык агенти статусунда жүктөө;
– 2025-жылдын 1-июнунан тартып 31-августуна чейинки мезгилде жеке жактар үчүн Бирдиктүү салык эсебин киргизүү;
2) бир айлык мөөнөттө:
– Базарлардын жана кичи базарлардын администрациялары тарабынан салык агентинин статусунда салык милдеттенмесин жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмени аткарууну эсепке алууну жана контролдоону камсыздоо тартибин иштеп чыксын жана бекитсин;
– пилоттук долбоорго катышуучу “Дордой” соода-базар комплексинин базарларынын жана кичи базарларынын реестрин бекитсин;
3) 2025-жылдын 1-декабрына чейин кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жана транспорт каражаттарын каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдар тарабынан салык кызматынын органдарына берилүүчү маалыматты актуалдаштырсын;
4) өткөрүлгөн пилоттук долбоорлордун жыйынтыктары боюнча 2025-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө төмөнкүлөр каралган “Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин:
– базарлардын жана кичи базарлардын, ошондой эле соода борборлорунун аймагында экономикалык ишти жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттеринин салык милдеттенмесин жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмесин аткаруусун эсепке алууну жана контролдоону жүзөгө ашыруу боюнча салык агентинин укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги;
– жеке жактар үчүн Бирдиктүү салык эсебин киргизүү.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы:
1) “Дордой” соода-базар комплексинин базарларынын жана кичи базарларынын аймагында экономикалык ишти жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттеринин салык милдеттенмесин жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмесин аткаруусун эсепке алууну жана контролдоону камсыздоо боюнча милдеттерди базарлардын жана кичи базарлардын администрацияларына салык агенти статусунда жүктөө боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү ишин уюштурсун;
2) салык милдеттенмелерин аткаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, ошондой эле ишкердик субъекттери үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында банктарга салык кызматынын органынын маалыматтык системасынын сервистерине кирүү мүмкүнчүлүгүн берүүнү камсыз кылсын.
3. Ушул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 18-февралындагы № 12 (3668) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |