Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-февралы № 69
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ишинин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 531 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишинин натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр кайра аталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу" мамлекеттик мекемесине;
2) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын "Мелиорациялык гидрогеологиялык экспедиция" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Гидрогеология жана мелиорация" мамлекеттик мекемесине;
3) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын "Гидрологиялык экспедиция" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы" мамлекеттик ишканасына.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине жер астындагы суулар маселелери боюнча Мамлекеттик геологиялык маалымат фондунун маалыматтык базасына тоскоолдуксуз кирүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасы скважиналар боюнча документтерди (скважиналардын эсепке алуу карталарын, перфокарталарды, карталардын планшетин, скважиналарды изилдөө актыларын, скважиналар боюнча химиялык анализдердин актыларын, жер астындагы сууларды жылдар боюнча мамлекеттик эсепке алуу материалдарын) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы" мамлекеттик ишканасына өткөрүп берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 263 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 10-тиркемесинде:
- 13-пунктта:
1-пунктчасында:
онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- калкка жана өндүрүштүк-социалдык комплекстерге коркунуч жараткан кооптуу экзогендик геологиялык процесстердин динамикасына мониторинг жүргүзөт;";
он экинчи абзацта "жана жер астындагы суу булактарынын" деген сөздөр алып салынсын;
3-пунктчанын он экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттун 1-пунктчасында, 6-пункттун 17-пунктчасында "Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү" мамлекеттик мекемеси" деген түрдүү жөндөмөдөгү сөздөр "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу" мамлекеттик мекемеси" деген тиешелүү жөндөмөдөгү сөздөргө алмаштырылсын;
2) 3-пункттун биринчи абзацында, 4-пунктта "Гидрологиялык экспедиция" деген сөздөр "Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 14-пунктта:
бешинчи абзацында "мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарга" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
он экинчи абзацта ", аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерин" деген сөздөр алып салынсын;
4) жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:
- 12-пунктта:
2-пунктчанын алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик каражаттардын, гранттардын, кредиттердин жана эл аралык долбоорлордун эсебинен каржылануучу ичүүчү суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин, скважиналарды куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча Бирдиктүү аткаруучунун функцияларын аткарат;";
3-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик суу администрациясынын функцияларын жүзөгө ашырат;";
6-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- белгиленген тартипте оперативдүү башкарууга берилген жерлерде тамчылатып сугаруу системасын өнүктүрүү боюнча ишти камсыз кылат;";
- 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- Бирдиктүү аткаруучунун функцияларын Кызматтын карамагындагы мекемелерге өткөрүп берүүгө;";
5) жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
6) жогоруда аталган токтомдун 21-тиркемесинде:
- 21-пунктта:
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы өз демилгеси боюнча сунуштоосуз Институттун директорун дайындоого, ошондой эле ээлеген кызмат ордунан бошотууга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотууга укуктуу.";
бешинчи, алтынчы абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
7) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 23-тиркемесинде:
- 19-пунктта:
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы өз демилгеси боюнча сунуштоосуз Институттун директорун дайындоого, ошондой эле ээлеген кызмат ордунан бошотууга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотууга укуктуу.";
алтынчы, жетинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
8) жогоруда аталган токтомдун 24-тиркемесинде:
- расмий тилдеги 6-пункттун үчүнчү абзацында "при Министерстве водных ресурсов при Министерстве водных ресурсов" деген сөздөр "при Министерстве водных ресурсов" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 18-пунктта:
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы өз демилгеси боюнча сунуштоосуз илимий уюмдун директорун дайындоого, ошондой эле ээлеген кызмат ордунан бошотууга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотууга укуктуу.";
алтынчы, жетинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
9) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 531 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 531 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 366 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пунктунун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн юридикалык жактарды белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоону камсыз кылсын;
- өткөрүп берүү-кабыл алуу актысын бекитүү укугу менен материалдык-техникалык каражаттарды кабыл алуу-өткөрүп берүүнү камсыз кылсын.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 18-февралындагы № 12 (3668) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
1-тиркеме
“2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин башкаруу
схемасы
2-тиркеме
“4-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу