КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин XXIX
чакырылышынын 3-сессиясы
2025-жылдын 24-январындагы № 18
Саруу айылындагы “Мамажан Ата” атындагы “Нур” мектепке чейинки билим берүү уюмунун тамак ашка чогултуучу төлөмүнүн өлчөмүн көтөрүү жөнүндөгү
ата-энелердин чогулушунун протоколдорун бекитүү жөнүндө.
Айыл өкмөтүнө караштуу Саруу айылындагы “Мамажан Ата” атындагы “Нур” мектепке чейинки билим берүү уюмунун 2025-жылдын 10-январындагы №1 “Тамак ашка болгон төлөмдөрдү” 1200 (бир миң эки жүз) сом өлчөмүнө көтөрүүгө макулдуктарын берген жалпы ата-энелердин чогулушунун протоколун карап чыгып, уюмдун директору Н Кыдыкбаеванын маалыматын угуп талкуулап, жергиликтүү кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.Саруу айылындагы “Мамажан Ата” атындагы “Нур” МЧББУнун ата-энелер чогулушунун 2025-жылдын 10-январындагы №1 “Тамак ашка төлөмдөрдү” 1200 (бир миң эки жүз) сом өлчөмүндө көтөрүүгө макулдуктарын берген протоколу бекитилсин.
(ата энелер чогулушунун протоколу тиркелет).
2. Саруу айылындагы “Мамажан Ата” атындагы “Нур” бала бакчасында ата-энелердин тамак ашка жыйналууга болгон төлөмдөр 2025-жылдын 10-январынан баштап 1200 (бир миң эки жуз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3.Токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жергиликтүү кенешинин социалдык маселелер боюнча комитетине, айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Иманбаевге жана мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н Кыдыкбаевага милдеттендирилсин.
Төрайым Г.Чыныбаева