КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 28-январы № 31
Тянь-Шандын Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагында жайгашкан 5576 метр бийиктиктеги аты жок тоо чокусуна "Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу" деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айыл аймагынын тоо массивинде орун алган, Тянь-Шандын Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагында жайгашкан 5576 метр бийиктиктеги аты жок тоо чокусуна "Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу" деген географиялык аталыш ыйгарылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 25-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |