Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин XXIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
2025-жылынын 10-январы №16
«Илимий-изилдөөлөргө жумшалуучу 1% каражатты бөлүп берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 16- февралындагы «Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө илимдин салымын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» №26 Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы жыйналышынын № 6 протоколунун 3-пунктун аткаруу жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдирүүсүн угуп, жана талкуулап чыгып, Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIIIшайланышынын) кезектеги чакырылган II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылга жана мындан аркы жылдарга мамлекеттик жана муниципалдык органдардын бюджеттерин илимий-изилдөөлөргө жумшалуучу 1% каражатты эске алуу менен айыл өкмөтү дотацияда отургандыктан бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша айыл өкмөтүнүн 2215 беренесинен 100,0мин сом акча каражаты каралгандыгы белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу айылдык кенештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Тилемамбетовго жана айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага тапшырылсын.
3.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳт башчысынын орун басары-жооптуу катчысы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы | У.Токтожумаев |