Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 13-февралы № 2820-VII
Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин кызмат ордуна Н.К. Орунтаевди дайындоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 80-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктун жана 90-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацын, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 6-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 11-февралындагы ПЖ № 43 Жарлыгын карап чыгып, Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин кызмат ордуна Ортунтаев Нурдан Кемеловичти дайындоого макулдук берилсин.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.А. Азыгалиев |