Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясынын
2024-жылынын 20-декабры №3/2
« Назаралиев(Үч-Коргон) айылдык кеңешинин 26.04.2022-жылдагы 5/7 токтомунун 7-пунктун жокко чыгаруу” жөнүндө»
“Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Турдиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 20 -декабрындагы кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад областынын прокуратурасынын 10.12.2024-жылдагы №А24/172-04-00107 каршылык билдирүүсү эске алынсын.
2. Назаралиев (Үч-Коргон) айылдык кеңешинин 26.04.2022-жылдагы №5/7 токтомунун 7-пункту Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мыйзамдарынын талаптарына каршы кабыл алынгандыктан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө 2021-жылдын 20-октябры № 123 мыйзамынын 39-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык жокко чыгарылсын.
3. Мындан ары айыл өкмөтүнүн сунуштарын кароодо маселелердин тиешелүүлүгүнө жараша социалдык, экономикалык жана мыйзамдуулук негиздемесин кошуп кароо талап кылынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Коргон айылдык кеңешинин “мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Турдиевге жүктөлсүн.
5. Токтом расмий жарыялангандан кийин юридикалык күчүнө кирет.
Төрага: | Таштанбай уулу Манас |