Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясынын
2024-жылынын 20-декабры №3/3
« Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө»
“Социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Т.Токтобаеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 20-декабрындагы кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында түзүлгөн-иш-чаралар планы бекитилсин. (иш-чаралар планы тиркелет)
2. Бектилген иш-чарага ылайык токтомдун аткарылышы жөнүндө жарым жылдык жана жылдык отчетторунда маалымат берүү жагы Үч-Коргон айыл өмөтүнүн башчысы М.Жапаровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Коргон айылдык кеңешинин “социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Т.Токтобаевага жүктөлсүн.
4. Токтом расмий жарыялангандан кийин юридикалык күчүнө кирет.
Төрага: | Таштанбай уулу Манас |
Үч-Коргон айылдык кеңешинин 2024-жылдын 20-декабрындагы №3/3 токтомуна тиркеме |
Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана КР Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында түзүлгөн-иш-чаралар планы
№ | Иш-чаралардын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
1 | Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маркумдарды коюу салттарын жана каадаларын тартипке келтирүү, мүрзөгө эстеликтерди коюуда ысырапкорчулукту болтурбоо үчүн чыгарган фатваларын аткаруу | Дайыма | А/Ө, айылдык имам |
2 | Кыргыз Республикасынын “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Мыйзамынын 22-беренесине ылайык тарыхый маданий мааниге ээ болгон көрүстөндөрдү кошпогондо, мусулман кабырларынын аймагында таштан шграниттен, мрамордон, металлдан жана ушул сыяктуу жасалган манументтерди, статуяларды, эстеликтерди жана мүрзө плиталарын тургузууга жана орнотууга тыю салынат. | Дайыма | А/Ө, айылдык имам |
3 | Мүрзөлөр эстеликтер жана тосмолор жыгач материалдарынан даярдалат жана бийиктиги 0,70 метрден ашпоосун кароо | Дайыма | А/Ө, айылдык имам |
4 | Маркумдарды жайга коюу маселелери боюнча эл арасында маалыматтык түшүндурүү иштерин жүргүзүү | Дайыма | А/Ө, айылдык имам |
5 | Көрүстөндөрдү жайгаштырууга, жасалгалоого, көрктөндүрүүгө, пайдаланууга жана күтүүгө экологиялык, санитардык талаптарды, мүрзөдөгү эстеликтердин өлчөмдөрун, аларды жасоо үчүн материалдарга жана орнотууга талаптарды жөнгө салган шаар куруу документтерин, типтүү жоболорду (нускамаларды) иштеп чыгуу жана бекитүү | Дайыма | А/Ө, архитектура |
6 | Үч айлык мөөнөттө “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын иш-жүзүндө жүзөгө ашыруу боюнча чараларды көрүү | Дайыма | А/Ө, архитектура |
7 | Дин тутуу каадаларына жана салттарына жараша жана мүрзөгө эстеликтерди тургузууда ысырапкорчулукту болтурбоо үчүн маркумдарды жайга коюу маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин эл арасында жүргузүү | Дайыма | А/Ө, айылдык имам |