Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 12-февралы ПЖ № 45
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Травматология жана ортопедия улуттук борборун түзүү жөнүндө
Саламаттык сактоо системасынын сапатын жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын калкына адистештирилген медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, ошондой эле таяныч-кыймыл аппаратынын жаракаттарын жана ооруларын дарылоо жана реабилитациялоо системасын өркүндөтүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Травматология жана ортопедия улуттук борбору түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө:
1) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Травматология жана ортопедия улуттук борборунун уставын иштеп чыксын жана бекитсин;
2) бул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 11 (3667) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |