Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 82-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 2-декабры № 764-т
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, атмосферага булгоочу заттардын калдыктарын чыгарууну азайтуунун натыйжасында экологиялык абалды жакшыртуу максатында, Бажы бирлигинин "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин (ББ ТР 018/2011) 72, 73-пункттарына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2025-2027-жылдарга бардык категориядагы автотранспорт каражаттары үчүн милдеттүү техникалык кароону этабы менен киргизүү боюнча жол карта (мындан ары - Жол карта) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги отчеттук жарым жылдан кийинки айдын 5ине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Жол картаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетту берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Жол картаны ишке ашыруу жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
4. Бул тескемеден келип чыгуучу иш-чараларды ишке ашыруу ишке тартылган мамлекеттик органдардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каражаттарынын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
2025-2027-жылдарга бардык категориядагы автотранспорт каражаттары үчүн милдеттүү техникалык кароону этабы менен киргизүү боюнча ЖОЛ КАРТА
№ | Милдеттер | Чаралар/ аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Күтүлүүчү натыйжалар (продукт) | Каржылоо булагы | Жооптуу аткаруучулар |
1 | Чыгарылган жылы 30 жылдан ашкан жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, кооптуу жүктөрдү, атайын жана адистештирилген транспорт каражаттарын ташуу боюнча ишкердик иште транспорт каражаттарын ташып келүүгө жана пайдаланууга тыюу салууну киргизүү | Тыюу салууну киргизүүнүн натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү | 2025-жылдын марты | Натыйжалуулугун талдоо | Бекитилген республикалык бюджеттин алкагында | ИИМ, ТКМ, ТКАКК МА, ЭКМ |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун иштеп чыгуу | 2026-жылдын октябры | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизүү | ||||
2 | Республиканын ар бир облусунда/районунда транспорт каражаттарын милдеттүү техникалык кароодон өткөрүү үчүн шарттарды түзүү, транспорт каражаттарын (мамлекеттик менчик формасы менен) техникалык кароодон өткөрүү боюнча диагностикалык борборлорду түзүү | Каржылоо булагын аныктоо жана Бажы бирлигинин 018/2011 техникалык регламентинин жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына шайкештигине транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү үчүн зарыл болгон атайын техникалык каражаттар жана жабдуулар, өлчөө каражаттары менен жабдуу; | 2025-жылдын декабры | Ар бир облуста/райондо диагностикалык борборлорду түзүү үчүн каржылоо булагын аныктоо | Бекитилген республикалык бюджеттин алкагында | ИИМ, ТКМ, ТКАКК МА, ЭКМ |
аккредитациялоо жаатында эл аралык стандарттын талаптарына шайкештигине аккредитациялоо боюнча улуттук органда транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү боюнча диагностикалык борбордун компетенттүүлүгүн ырастоо. | Сентябрь 2027-жыл | |||||
Республиканын ар бир облусунда/районунда транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү боюнча диагностикалык борборлорду ачуу (мамлекеттик менчик формасы менен) | 2027-жылдын декабры | |||||
3 | "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына бардык категориядагы транспорт каражаттарынын техникалык кароодон этабы менен милдеттүү өтүүсүн белгилөө, транспорт каражаттарынын техникалык кароодон өтүү мезгилдүүлүгүн өзгөртүү (транспорт каражаттары жүгүртүүгө чыгарылган учурдан тартып 7 жылга чейин техникалык кароодон өтүүгө тийиш эмес (транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүгү болгондо же транспорт каражатынын түрү жактырылганда), транспорт каражаттарынын техникалык кароодон өтүүнүн ыктыярдуулугу жөнүндө ченемди алып салуу бөлүгүндө жана тиешелүү мыйзам алдындагы актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү | "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана тиешелүү мыйзам алдындагы актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү бөлүгүндө мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу | 2026-жылдын марты | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына тиешелүү мыйзамдын долбоорун киргизүү | Бекитилген республикалык бюджеттин алкагында | ИИМ, ТКМ, ТКАКК МА, ЭКМ |
4 | Мамлекеттик менчик формасындагы диагностикалык борборлордо гана техникалык кароодон өтө турган транспорт каражаттарынын категорияларын аныктоо | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун иштеп чыгуу | 2025-жылдын декабры | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомун кабыл алуу | Бекитилген республикалык бюджеттин алкагында | ИИМ, ТКМ, ТКАКК МА, ЭКМ |
Кыскартуулардын тизмеси
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
ТКАКК МА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик |