Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын
2024-жылынын 26-декабры №10
« Үч-Терек айыл аймагына караштуу Саргата айылынын Осмон –Ата участкасындагы суткалык жөнгө салуу бассейнин (БСР) Суу чарба башкармалыгына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Респубикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги «Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө» №207 токтомун аткарууга алуу боюнча Токтогул райондук мамлекеттик администрациясында өткөн жыйындын №1 протоколун негиздеп, Үч-Терек айыл аймагына караштуу Саргата айылынын Осмон –Ата участкасындагы, балансалык баасы 18087703(он сегиз миллион сексен жети миң жети жүз үч) сомдук, суткалык жөнгө салуу бассейнин (БСР) Үч-Терек айыл өкмөтүнүн балансынан Токтогул Суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Омуркановдун 2024-жылдын 17-декабрындагы № 297 сандуу сунушун талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз IV сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Терек айыл аймагына караштуу Саргата айылынын Осмон –Ата участкасында жайгашкан Үч-Терек айыл өкмөтүнүн балансындагы, балансалык баасы 18087703(он сегиз миллион сексен жети миң жети жүз үч) сомдук, суткалык жөнгө салуу бассейнин (БСР) Токтогул райондук Суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Саргата айылынын Осмон –Ата участкасындагы суткалык жөнгө салуу бассейнин (БСР) Токтогул райондук Суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүү боюнча чараларды көрүү жагы айыл өкмөт башчысы Р.Омуркановго жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча башкы адиси М.Келгенбаевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | Г.Маленов |