Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз II сессиясынын
2024-жылынын 6-декабры №7
« Үч-Терек айыл аймагына караштуу каналдарды Суу чарба башкармалыгына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Респубикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги «Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө» №207 токтомун аткарууга алуу боюнча Токтогул райондук мамлекеттик администрациясында өткөн жыйындын №1 протоколун негиздеп, Үч-Терек айыл аймагына караштуу ички каналдарды жана Саргата айылынын Осмон –Ата участкасындагы сезондук жөнгө салуу бассейнин (БСР) Суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүүгө макулдук берүү жана баланска өткөрүү үчүн ички каналдардын мамлекеттик актыларын жана башка тиешелүү документацияларын даярдоо иштерине акча каражатын чечүү үчүн, Республикалык бюджеттен компенсация катары түшкөн 205000(эки жүз беш миң) сом акча каражатын айыл өкмөттүн Аппарат бөлүмүнүн 2215 беренесине отургузууга макулдук жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Омуркановдун сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 14-пунктчасына ылайык, Үч-Терек айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз II сессиясы токтом кылат:
1.Үч-Терек айыл аймагына караштуу ички каналдарды жана Саргата айылынын Осмон –Ата участкасындагы суткалык жөнгө салуу бассейнин (БСР) Токтогул райондук Суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Ички каналдарды жана Саргата айылынын Осмон –Ата участкасындагы суткалык жөнгө салуу бассейнин (БСР) Токтогул райондук Суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүү үчүн зарыл болгон тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча башкы адиси М.Келгенбаевке милдеттендирилсин.
3. Ички каналдарды жана Саргата айылынын Осмон –Ата участкасындагы суткалык жөнгө салуу бассейнин (БСР) Токтогул райондук Суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүү үчүн мамлекеттик актыларын жана башка тиешелүү документацияларын даярдоо иштерине акча каражатын чечүү үчүн, Республикалык бюджеттен компенсация катары түшкөн 205000(эки жүз беш миң) сом акча каражатын айыл өкмөттүн Аппарат бөлүмүнүн 2215 беренесине отургузууга макулдук берилсин.
4. Аталган акча каражатын айыл өкмөттүн Аппарат бөлүмүнүн 2215 беренесине отургузуу жагы Токтогул райондук Каржы башкармалыгынан суралсын жана тиешелүү каржылык операцияларды жүргүзүү жагы айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы К.Көкөевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | Г.Маленов |