Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз III сессиясынын
2024-жылынын 12-декабры №8
« Үч-Терек айыл аймагына караштуу Саргата айылынын Намаздык участкасына аскердик бөлүмчө курууга макулдук берүү жөнүндө »
Үч-Терек айыл аймагына караштуу Саргата айылынын Намаздык участкасындагы №206 контурдагы 6га жайыт жерге аскердик бөлүмчө куруу үчүн багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Омуркановдун сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылында 2024-жылдын 7-декабрындагы , Үч-Терек айыл аймагына караштуу Саргата айылынын Намаздык участкасына аскердик бөлүмчө курууга макулдук берүү жөнүндөгү элдик жыйындын №6 протоколунун негиздеп, Үч-Терек айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Терек айыл аймагына караштуу Саргата айылынын Намаздык участкасындагы №206 контурдагы 6га жайыт жерге аскердик бөлүмчө куруу үчүн багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Саргата айылынын Намаздык участкасындагы №206 контурдагы 6га жер аянтынын багытын өзгөртүү боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча башкы адиси М.Келгенбаевке милдеттендирилсин.
3. Намаздык участкасында №206 контурдагы 6га жер аянтынын ичинде үй салып жашап жаткан Т.Макеевдин кызыкчылыктары эске алынып, Үч-Терек айылынын башка жеринен жер участогун чечип берүү жана тарткан материалдык чыгымдарын калыбына келтирүү маселелерин чечүү жагы айыл өкмөт башчысы Р.Омуркановго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | Г.Маленов |