Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз III сессиясынын
2024-жылынын 12-декабры №9
« Үч-Терек айыл аймагында жер маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө»
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Т. Омуркановдун 2024-жылдын 05-декабрындагы №01-2/890 сандуу “Үч-Терек айыл аймагындагы жер маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитип берүү жөнүндө» сунушун угуп жана талкуулап , Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрын-дагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алуу менен, Үч-Терек айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:
1.“Үч-Терек айыл аймагындагы жер маселелери боюнча комиссия-нын курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Бекитилген комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана Кыргыз Республикасынын жер мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын Кыргыз Республикасынын Жер кодексине карама-каршы келбеген бөлүктөрүнө ылайык иш жүргүзүү жагы тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | Г.Маленов |
Үч-Терек айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын 2024-жылдын 12-декабрындагы кезексиз III сессия сында кабыл алынган №9 - Токтомуна 1-тиркеме |
Үч-Терек айыл аймагында жер маселелери боюнча түзүлгөн туруктуу комиссиянын
Курамы:
1. Кигарова Зухра -Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары жооптуу катчы
2. Келгенбаев Майрамбек - Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси
3. Мадияров Анарбек -Токтогул райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жетектөөчү адиси
4. Жүрөр уулу Арслан –Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография Мамлекеттик агенттигинин Токтогул филиалынын адиси
5. Сыргабаев Канызбек - жайыт комитетинин адиси
6. Көкүлов Муратбек –Үч-Терек айылынын айыл башчысы
7. Сыдыков Талант-Саргата айылынын айыл башчысы
8. Кошоев Абдылдабек –Жетиген айылынын айыл башчысы
9. Качкынбаев Элмирбек -Кызыл-Ураан айылынын айыл башчысы
10. Жусупов Бейшенбек- Такталык айылынын айыл башчысы
11. Насирдинов Максатбек -айылдык кеңештин депутаты
12. Эсенжанов Максатбек айылдык кеңештин депутаты
13. Турдукулов Куралбек - айылдык кеңештин депутаты
14. Нурманбетова Кенжекан– айылдык кеңештин депутаты
15. Качкынбаев Бактыбек - айылдык кеңештин депутаты
16. Матмусаев Келсинбек - айылдык кеңештин депутаты
17. Мырзалиев Мыктарбек - айылдык кеңештин депутаты
18. Өмурбеков Замирбек- айылдык кеңештин депутаты
19. Урматаев Тагайбек –жарандык коомдун активисти
Жооптуу катчы: | Ч. Уметалиева |