Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын уюштуруу I сессиясынын
2024-жылынын 27-ноябры №4
« Кезектеги III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча
жергиликтүү коомдоштуктун жана өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 «Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө» Жарлыгынын негизинде, 2024-жылдын 20-декабрында өтүүчү кезектеги III Элдик Курултайга Үч-Терек айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү максатында, Үч-Терек айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын I уюштуруу сессиясы токтом кылат:
1. Кезектеги III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жана өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү чечими кабыл алынсын жана жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарын өткөрүүнүн графиги 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн санын бекитүүдө айыл өкмөт боюнча калктын саны эске алынып, Үч-Терек айылы боюнча-25, Саргата-23, Кызыл-Ураан-23, Жетиген-23 жана Такталык-6 , жалпы өкүлдөрдүн саны 100 адамдан ашпоосу эске алынсын.
3.Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйыны 2024-жылдын 07-декабрында саат 10.00до Үч-Терек айылындагы Т. Абдиев атындагы маданият үйүнүн көрүүчү залында өткөрүлүүсү белгиленсин.
4. Жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5.Түзүлгөн комиссиянын курамына Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча нускаманын негизинде иш жүргүзүү жагы тапшырылсын.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | Г.Маленов |
Үч-Терек айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын 2024-жылдын 27-ноябрындагы I уюштуруу сессиясынын №4 токтомуна 1-тиркеме |
Кезектеги III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттардын жыйындарын өткөрүүнүн графиги
к/№
| Айылдардын аталышы | Жыйындын өткөрүү убактысы | Жыйын өткөрүлүүчү жай |
1 | Үч-Терек | 04-декабрь, саат 10.00 | Т.Абдиев атындагы маданият үйү |
2 | Саргата | 04-декабрь, саат 14.00 | К.Токторалиев атындагы орто мектеби |
3 | Кызыл-Ураан | 05-декабрь, саат 10.00 | С.Шүкүрбаев атындагы айылдык клуб |
4 | Жетиген | 05-декабрь, саат 13.00 | К.Жуманазаров атындагы айылдык клуб |
5 | Такталык | 05-декабрь, саат 15.00 | Ы.Дүйшеев атындагы башталгыч мектеби |
Жооптуу катчы: Ч. Үметалиева
Үч-Терек айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын 2024-жылдын 27-ноябрындагы I уюштуруу сессиясынын №4 токтомуна 2-тиркеме |
Кезектеги III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы:
№ | Аты-жөнү | кызматы | Жашаган жери |
1 | Маленов Гүлүсбек Абдылдабекович | Жумушчу топтун төрагасы | Кызыл-Ураан |
2 | Үметалиева Чолпон Бектенбаевна | Жумушчу топтун катчысы | Үч-Терек |
3 | Талипов Алмаз Саматович | Жумушчу топтун мүчөсү | Үч-Терек |
4 | Эсенжанов Максатбек Эсенжанович | Жумушчу топтун мүчөсү | Үч-Терек |
5 | Көкүлов Мурат Абдумаликович | Жумушчу топтун мүчөсү | Үч-Терек |
5 | Турдукулов Куралбек Канызбекович | Жумушчу топтун мүчөсү | Саргата |
6 | Кулманбетов Зыпарбек Маметкулович | Жумушчу топтун мүчөсү | Саргата |
7 | Сыдыков Талант Мелисович | Жумушчу топтун мүчөсү | Саргата |
8 | Качкынбаева Гүлнур Сайфудиновна | Жумушчу топтун мүчөсү | Кызыл-Ураан |
9 | Шералиева Оңол Журтчуевна | Жумушчу топтун мүчөсү | Кызыл-Ураан |
10 | Качкынбаев Элмир Акышович | Жумушчу топтун мүчөсү | Кызыл-Ураан |
11 | Султанкулова Нурийлакан Кадырбековна | Жумушчу топтун мүчөсү | Жетиген |
12 | Көлбаев Мыктарбек Абдыбапович | Жумушчу топтун мүчөсү | Жетиген |
13 | Кошоев Абдылдабек Акылбекович | Жумушчу топтун мүчөсү | Жетиген |
14 | Мундузбаева Наргиза Маратбековна | Жумушчу топтун мүчөсү | Үч-Терек |
15 | Жусупов Бейшенбек | Жумушчу топтун мүчөсү | Такталык |
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | Г.Маленов |