Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 31-январы № 47
"III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылык" мекемесин жоюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-99-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылык" мекемеси жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти "III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылык" мекемесин жоюу жол-жобосун жүргүзүү үчүн жоюу комиссиясын түзсүн.
3. Жоюу комиссиясы белгиленген тартипте:
- юридикалык жактарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу юстиция органына юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө жазуу жүзүндө кабарлоону жиберсин;
- бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |