Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын уюштуруу I сессиясынын
2024-жылынын 27-ноябры №5
« Муниципалдык менчиктеги мүлктү ижарага берүү жөнүндө »
CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун алкагында “йогурт чыгаруу цех” үчүн алынып келген жабдууларды жеке ишкер Бизнес өнөктөш Тыналиева Азиза Улановнага ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Омуркановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 189 буйругу менен бекитилген “Муниципалдык менчикти пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобосуна” ылайык, Үч-Терек айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын I уюштуруу сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 2024-жылдын 01-февралындагы кезексиз XXV сессиясынын №211 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчиктеги мүлктөрдү пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө” жобонун 8-главасына ылайык, CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоорунун милдеттерин аткаруунун алкагында, “Йогурт чыгаруу цех” тандалып алынган экономикалык долбоорун ишке ашыруу үчүн, муниципалдык мүлктү Бизнес өнөктөш Тыналиева Азиза Улановнага ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Белгиленген тартипте муниципалдык менчикти ижарага берүү жөнүндө келишим түзүү жана мүлктү кабыл алуу актынын негизинде жеке ишкер Тыналиева Азиза Улановнага өткөрүлүп берүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Бизнес өнөктөш Тыналиева Азиза :
- өткөрүп берүү-кабыл алуу актында көрсөтүлгөндөрдү белгиленген тартипте ижарага кабыл алсын;
- ижарага алынган мүлктүн максаттуу пайдаланышын камсыз кылсын;
4. Үч-Терек айыл өкмөтүнө бул токтомду аткаруу, нускаманын жана Жобонун негизинде иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
6. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | Г.Маленов |