Редакцияот 10.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

 

2023-жылдын 10-августундагы № 2

 

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кайрылууларын кароо жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 09.08.2023-жылдын №01-19/813 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кайрылууларын кароо жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы токтом кылат:

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 09.08.2023-жылдын №01-19/813 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.

 

2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарына балдардын тамак-ашына, мөмө-жемиштерди, жашылчалардан жасалган салаттарды, кургатылган мөмөлөрдүн баасы өсүп кеткендигине байланыштуу балдарга ай сайын төлөнүүчү төлөм 500 (беш жүз) сомго өзгөртүлсүн.

 

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

М.Ш. Аликеев