Редакцияот 10.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

 

2023-жылдын 10-августундагы № 7

 

Чакмак-Суу участкасынан Курама төр участкасына чейинки жолду кеңейтүү жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 10.08.2023-жылдын №01-19/823 чыгыш сандуу 5-пунктунда Чакмак-Суу участкасынан Курама төр участкасына чейинки жолду кеңейтүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы токтом кылат:

 

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 25.04.2023-жылдын №01-19/823 чыгыш сандуу кайрылуусунун 5-пункту эске алынсын.

 

2. “ЗААВ Чаарат” жабык акционердик коому менен 2023-жылга түзүлгөн меморандумунун эсебинен Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн атайын эсеп счётуна түшүүчү 5 000 000 (беш мллион) сом акча каражатына кошумча план алууга жана Чакмак-Суу участкасынан Курама төр участкасына чейин эски жолду сүрүп кеңейтип салууга чыгымдоого уруксат берилсин.

 

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

М.Ш. Аликеев