Редакцияот 10.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

 

2023-жылдын 10-августундагы № 9

 

Кошумча план алууга уруксат берүү жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 10.08.2023-жылдын №01-19/824 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн жылдык пландан ашыкча түшкөн салыктарга жалпысынан 1 885 300 (бир миллион сегиз жүз сексен беш миң үч жүз) сом акча каражатына кошумча план алууга уруксат берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы токтом кылат:

 

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 25.04.2023-жылдын №01-19/824 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.

 

2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн жылдык пландан ашыкча түшкөн айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгына түшкөн 887 900 (сегиз жүз сексен жети миң тогуз жүз) сом, калктуу конуштарга жер ижарасына 911 500 (тогуз жүз он бир миң беш жүз) сом, жерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акыга 85 900 (сексен беш миң тогуз жүз) сом жалпысынан 1 885 300 (бир миллион сегиз жүз сексен беш миң үч жүз) сом акча каражатына кошумча план алуу жагы суралсын, суралган акча каражаты төмөнкү аткарыла турган жумуштарга жумшоого уруксат берилсин.

 

3. Суралган 1 885 300 (бир миллион сегиз жүз сексен беш миң үч жүз) сом акча каражаты жана Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясынын №9 токтомунун 2-пункту менен Каныш-Кыя айылындагы айыл чарба техникасынын гаражын сатып алууга каралган 3 120 000 (үч миллион жүз жыйырма миң) сом жалпысынан 5 005 300 (беш миллион беш миң үч жүз) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал айылындагы кытай арык каналына гофра трубасын сатып алууга уруксат берилсин.

 

4. Чаткал райондук Тообай Эрматов атындагы Балдар Өспүрүмдөр Спорт мектебинин имаратын утурумдук оңдоодон өткөрүүгө 22 550 (жыйырма эки миң беш жүз элүү) сом акча каражаты

 

5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

6. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

7. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

М.Ш. Аликеев