Редакцияот 10.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

 

2023-жылдын 10-августундагы № 10

 

Тайыралиев Акматалынын кайрылуусун кароо жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 10.08.2023-жылдын №01-19/826 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Каныш-Кыя айылынын тургуну Тайыралиев Акматалынын 27.07.2023-жылы жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы токтом кылат:

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 25.04.2023-жылдын №01-19/826 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.

 

2. Каныш-Кыя айылынын тургуну Тайыралиев Акматалынын кошумча сарай салуу үчүн алган 0,07 гектар жер участогуна 0,03 гектар коммерциялык багытка өзгөртүүгө уруксат берилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

М.Ш. Аликеев