Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-августундагы № 13
Эшбаев Мыйзамбек Кынатовичке акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 09.08.2023-жылдын №01-19/815 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Булак айылынын тургуну Эшбаев Мыйзамбек Кынатовичтин 03.08.2023-жылы ден-соолугуна байланыштуу жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 09.08.2023-жылдын №01-19/815 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Кара-Булак айылынын тургуну Эшбаев Мыйзамбек Кынатович даарыланып келүүсүнө Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин социалдык төлөмдөргө бөлүнгөн акча каражатынын эсебинен 50 000 (элүү миң) сом бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго, Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө тапшырылсын.
Төрага |
| М.Ш. Аликеев |